Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Журналистиканын дыйканы Кенжалы Сарымсаков


Кенжалы Сарымсаков
Кенжалы Сарымсаков

Кенжалы Сарымсаковдон бүгүнкү жаш журналисттер сабак алчу нерселер көп деп ойлойм. Себеби Кенжалы агай менен бир нече жыл Кыргыз мамлекеттик телерадиосунда чогуу иштеп жүрүп, ал кишинин иш ыкмасын жана жумушка болгон мамилесин жакындан байкап көргөнгө менде кенен мүмкүнчүлүк болду.

Агай сөзгө, текстке аяр мамиле жасап, ар бир берүүгө аябай кылдат даярданчу. Эфирден телекөрөрмандарга айтчу байкоолорун же маалыматтарын акыркы мүнөткө чейин кайра-кайра күбүрөнө кайталап, ошол обого кетчү берүү менен жашачу. Текстти маанисиз сөздөрдөн элек менен элегендей тазалачу. Түз эфирде болобу же алдын ала жазуубу дайыма бирдей даярдык менен келчү.

Ошон үчүн ал көгүлтүр экрандан сүйлөп жатканда сөздөрү кынапталып куюлуп, “чийки же мааниси түшүнүксүз сүйлөмдөрдү” айтып жиберчү эмес. Сүйлөмдүн омоктуу жерлерине басымды жасап, айтчу негизги оюн көрөрмандын кулагына алтын сыргадай илип койчу.

Анан да Кенжалы агайдан программанын алдында чалды-куйду болуп, “иттики десе, муну тактабай калыпмын, кечээ бир иш чыгып, чала даярданып калдым” дегенин бир да жолу укпадым. Эфирге алып чыкчу коногу менен да кылдат иштегенин адеп таанышып, 15 мүнөттүк түз эфирге чыкканыбызда эле байкадым. Жаңылбасам, ошондо биз 1999-жылкы эл каттоонун зарылдыгы жана мааниси жөнүндө сөз кылганбыз.

Кийин ТВнын коомдук-саясий редакциясында чогуу иштешип жүрүп, Кенжалы агай эртең менен “летучкаларда” деле эфирдегидей эле ар бир сүйлөмдү жуурулуштуруп, бейчеки сөз айтпаганын байкадым. Ал кишинин берегидей эмгекчилдиги, оозунан чыккан ар бир сөзүнө жооптуу мамилеси, өзүн дайыма нарктуу алып жүрүүсү - журналист коомдун жана элдин назарындагы адам экенин, бул кесип журналисттен татыктуу жүрүм-турумду талап кылганын терең түшүнгөнүндө деп ойлойм.

Кенжалы ага улуттук телеканалдан кеткенден кийин коомдук турмушка жигердүү аралашып, жашообуздагы жүрөгүн өйүткөн проблемалар боюнча ойлорун гезиттерге жарыялап, түрдүү жыйындарда айтып жүрдү. Ошондо да көпчүлүк депутаттар же саясатчы сөрөйлөрдөн айырмаланып, оюн куюлуштуруп, айныгыс далилдер менен көркөмдөп жеткире айтчу.

Жупуну жүрүп, өрнөктүү жашаган Кенжалы агайдан мен алган сабагым ушундай. Топурагыңыз торко болсун.

Узак жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген, белгилүү журналист, устат жана коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков 20-майда оорудан улам 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.​ Ал 1939-жылы 5-мартта Чүйдөгү Мураке айылында туулган. Сөөгү 22-майда өзү соңку жылдары жашаган Кичи Орок айылында жерге берилди.

XS
SM
MD
LG