Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Мекенине кайткан мигранттарга жумуш барбы?

Кризис көп мигранттарды түйүнчөгүн түйүп, үйгө кетүүгө мажбур кылды

Кризис көп мигранттарды түйүнчөгүн түйүп, үйгө кетүүгө мажбур кылды

09.07.2009

Каржылык кризистин айынан чет-өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарынын ичинде кайра мекенине кайткандар көп. Аларды Кыргызстанда эмне күтөт? Мекенинде жумушка орношууда алар эмнелерге туш болушу мүмкүн?

Соңку эл каттоонун жыйынтыктарына караганда, Талас облусунда 6000 ашуун адам чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткен. Булар - расмий каттоодон өткөндөрү гана. Чынында, жакынкы Казакстанда, Орусияда, же башка өлкөлөрдө жүргөн таластыктардын так санын айтуу кыйын.

Дүйнөдөгү каржылык кризистин айынан жумушунан айрылып, кайра Кыргызстанга кайткандар канча экенин айтуу андан да оор. Бирок мындай адамдар улам көбөйүп жатканы айтылууда. Жумурияттагы бейөкмөт уюмдар мигранттарды кайра кабыл алууга камдануу зарылдыгын айтып келишет.

Казакстандан кайра мекенине кайтып келген кадимки мигрант-кыз Нурзат Токтосунованын Таласта жумуш издөө тажрыйбасына кабарчыбыз Жаннат Токтосунова күбө болду. Нурзаттын окуясын ушул сайттын оң капталындагы “Угуу” усулу аркылуу тыңдай аласыз.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: muha каяктан: KNR
12.07.2009 20:54
maksatbek baike osho sizge okshop jurgondordu alyp kelish kerek "mekenim" dep kuyup jurgon :P. kyrgyzstan chetke ayrykcha rassiyaga ishtegeni chyguunu toktotup mamlekette jeke ishkanalaryp kurup, jok degende charbachylyk menen bolso da mamlekettin osushuno jardam beruu kerek

кимден: Баки каяктан: Баткен
10.07.2009 14:54
Кыргызстанда иштөө үчүн мамлекет жумуш орундарын түзүп, бизнеске көңүл бөлүшү керек. Бизде баары тескерисинче, жаңы Салык Кодексин кабыл алышты, ал ишке ашпай калды, экономика өсүүдө деп айтып жатышат, кайда өсөт, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттерде кризис болуп жатса. Пенсияны көтөрдүк деп жатышат, кайсы акчага деген адам жок, кредит алып ошого көтөрүп жатат да, аны ким төлөйт, биз арадагы салык төлөөчүлөр. Азыркы бийликтин катасы өтө көп, аны оңдоого/түзөөгө кудурети жетпейт. Бизге жаңы башкаруучу керек, системаны өзгөртүү керек, облустарды жоюп анын ордуна аймактарды күчөтүү зарыл

кимден: Максатбек каяктан: москва
10.07.2009 13:52
Казактан сөгүү угуп, Орустан муш жегенче өз мекениңди оңдо. Кыргызым шайлоого катышып өз салымыңды кош, сенин добушуң Кыргызстан үчүн керек алар канчалык бурмалабасын үстүбүздө кудайым турат чындык жеңет. Кыргызстанды сен көтөрбөсөң, мен көтөрбөсөм ким көтөрөт, ойлон кыргыз.

кимден: Максатбек каяктан: москва
10.07.2009 13:42
Эй кыргыз кайда барсаң мамайдын көрү Кыргызстанды Жаштар жакшы мамлекеттик идеология менен чыгып өзүбүз Кыргызстанды оңдобосок азыркы билермандар жеп ичип кеткенден башка эч нерсени ойлонбой калышты. Өз мекениңде иштеп өз элиңе кызмат кылганга эмне жетсин кыргызым.
     
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Үндү жүктөө

Нурзаттын окуясын угуңуз

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)