Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:34

Эркиндик

Ноокат окуясы: Бала үмүтү өчкөндө

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар «Ноокат балдары - 2009» корун түзүштү. Алар былтыр Орозо айт учурундагы тополоңдон кийин камалган 32 адамдын 97 баласы ата, же эне мээриминен ажырап калганын, учурда материалдык камкордукка да муктаж экендигин белгилешүүдө.

Ноокатта азыр 100гө жакын бала күн сайын ата-энесин күтүп, эшикти карайт
Текст көлөмү - +
Минавар апа: "Жүргүлө, акыйкат жашообузду көрүп кеткиле. Бул балдардан тоюп бүттүм, эртеден кечке жетелеп жүрөм".

Жашы 60 жакындап калган Минавар апанын жалгыз келини Зарипанын абакта жатканына сегиз айдын жүзү болду. Апасы абакта, атасы Орусияда жүргөн бул үй-бүлөнүн төрт баласы азыр Минавар апага берилчү өкмөттүн жарыбаган пенсиясын күтүп жашашат. Чоң энесинин этегин кармаган төрт тестийер болсо, ар күнү апам качан камактан чыгат, деп ыйлашат экен.

- Биз эмне тамак ичсек, булар да ошону ичишет. Пенсия келээри менен, унга чуркайм. Ал аз келгенсип булар тынбай ооруп калчу болушту. Апасын сагынып ыйлашат. Өкмөттөн бир тыйын жөлөк пул албайбыз. Буларды мен жети жыл бакпайм, түрмөгө кошуп берем. Тойдум бала багыштан.

“Азаттык”: - Бул балдар азыр апасы кайда экенин билишеби?

-
Билишет. Сурап көргүлө.

“Азаттык”: - Кудурет, апаң кайда азыр?

- Камакта. Милиция камап койгон.

Жети жылга соттолуп, учурда борбордогу абактардын биринде жаткан Зарипанын тун уулу Абдулла азыр 15 жашта. Бир канча ирет апасына жолугайын деген аракетинен майнап чыккан эмес. Абдуллага көчөдө же мектепте өзү теңдүү балдар «апаң каякта» деп атайылап шылдың суроо менен да кайрылышат экен.

- Инилерим ыйлашканы аз келгенсип, дарыгерлер да акча дешет. Мектепте же көчөлөрдө балдар, аялдар апаң каякта деп суроо узатышат. Апам камалгандан бери көрө элекмин.

Балдары ата-апасынан, же ата-эне балдарынан узак жылга кол үзгөн мындай трагедияга Ноокатта 32 үй-бүлө дуушар болду. Бул жердеги тургундардын айтымында, соттун оор өкүмүнөн кийин катуу оорууга чалдыккан эки адам каза тапты. Нурмухаммед кечээ эле апасын акыркы сапарга узатты.

- Апам жан берип жатып да: “Кулмухаммедим, Кулмухаммеддим” деп өттү. Ден-соолугу мыкты эле. Агамды 17 жылга кесилди деп угуп, ошондон тарта төшөктө жатып калды. Агамдан сарсанаа болуп жүрүп сегиз ай дегенде көз жумду.

Абактагы Кулмухаммеддин алты жашар баласы Сирожидин атасы намаз окуганы үчүн камалды деп ойлойт экен.

“Азаттык”: - Сирожидин, атаң азыр каякта?

- Бишкекте. Камакта.

“Азаттык”: - Сага атаңды эмне үчүн камалды деп атышат?

- Намаз окуганы үчүн камашты. Атам мага ат мингизет эле. Базарга ээрчитип барып, кийим алып берчү.

«Ноокат окуясынын» кесепетинен азыр Сирожидинге окшогон 97 бала атасынын эркелетүүсүнө зар болуп, же эне мээримине суусап турган чагы. Алардын жакындарынын айтымында, бул балдарга өкмөттөн жөлөк пул берүүнү да токтотуп коюшкан. Анын себебин сурап кайрылышса: «Силерге жөлөк пулду Халифат берсин» деген жооп алышканын айтышты.

17 жыл түрмөдөгү жолдошторун күтүүдөн айрым аялдар баш тартып, 4-5 үй-бүлө бузулганы маалым болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: SLDKFJGH каяктан: LSKDFRI
20.06.2009 23:24
ALLAH MUSULMANDARGA JARDAM BERSIN! ALLAH ZAALIMDARDI JAZALAYT!EEY ZAALIMDAR ALLAHTAN KORKKULA! OLUMUNORDU OYLOGULA!KUNUNOR BUTUP ALLANIN ASTINA BARATURGAN KUNUNORDUDA OILOGULA!AL KUNDA ALIS EMES!ALLA ZULUMDARDI JAZALOOHSU ZAT!

кимден: Asyl каяктан: Kyrgyzstan
18.06.2009 15:13
Biyliktin bul kilgani albette tuura emes, baldardin ubali kimge,

кимден: Asyl каяктан: Kyrgyzstan
18.06.2009 15:12
Okmottun bil kilgani tuura emes, eto vse proishodit is sa togo chto u nix net chetkoi plitiki, i am very sorry for these kids, i even cried looking at them

кимден: Kyke каяктан: USA
15.06.2009 21:48
Ushul baldardy oyloson janyn kashayat. Azir prezidenttik shayloodo kim ushul biyliktegilerdi sottoym dese utup alishi dele kep emes. Antkeni karap tursan jon ele atyp koychuday adamdar oturat da oydo jakta. Bular Kuday taanibagan it bolushtu go iya!!?

кимден: Mirkg каяктан: ОШ
14.06.2009 01:20
Аллах баардыгына жардам берсин. Эмне кылмак эми аларды камап адам өлтүргөндөрдү да антип жазалабаса керек, ошончо балдарды жетим калтырбай кое бербейби Балдардын убалы кимге тиет!!!

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
10.06.2009 20:38
Эне0-атасы күнөөлүү болсо дагы, балдарына зыйаны тибеши керек эле, балдарда эмне күнөө? жок дегенде балдар үйүнө орноштуруп койушса болмок...

кимден: zamir каяктан: bishkek
10.06.2009 12:50
Allahym jenildik bersin(ata-enesine zar bolgongo) el bashchylarybyzga yiman bersin elibizge bereke bersin andan bashka emne demekpiz Allah gana kudurettuu.
Amin.

кимден: sagin каяктан: siria
10.06.2009 01:21
adam balasi ushunchalik tash jurok bolobu?

кимден: Аскар каяктан: Акаев
09.06.2009 01:57
Балдарды аягылачы! Амнистия берчи, Бакиев!

кимден: Тунук
08.06.2009 22:22
Убалы Бийлике жетсин оңурак башкарып иштей албаган.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине