Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Эркебаев “Элдик парламенттен” эмне себептен чыкты?


Элдик жыйын.
Элдик жыйын.

Майрамга тушташ чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

"Улуттук илимдер академиясынын президенти “Элдик парламенттен” чыгып кетти” деген аталыш менен жарыяланган Александр Тузовдун макаласында УИАнын президенти, экс-вице-премьер-министр жана Жогорку Кеңештин бир кездеги төрагасы кызматтарында иштеген Абдыганы Эркебаев өткөн жуманын аягында жакында эле түзүлгөн “Элдик парламенттен” эмне себептен чыккандыгы тууралуу билдирүү таратканын бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити жазып чыкты.

Абдыганы Эркебаев адегенде мүчө болуп кирген “Элдик парламенттин” программаларынын айрым пункттарына макул эместигин жана ишинин аябагандай көп экенин, анткени Улуттук илимдер академиясын реформалоодон колу бошобой тургандыгын айтуу менен, анын катарынан чыга тургандыгын билдирген.

Академик Эркебаев адегенде оппозициялык бирикменин лидери Бекболот Талгарбековдун долбоорун колдоого макул болгон. Бирок жакшылап таанышкандан кийин оппозициялык бирикменин үч маселесине макул эместигин билдирген. Биринчиден, президенттин мөөнөтүнөн мурда отставкасын талап кылууга кошулбастыгын, анткени президенттин ишмердигине баа берүүдө кемчилик эле издей бербей, өлкөдө кандай иштер жасалып жатканын да калыстык менен таразалап чыгуу керектигин, ошону менен биргеле президент конституциялык мөөнөтү аяктаганга чейин кызматында олтурушу зарылдыгын, экинчиден, президенттин кол алдында иштеп жаткандардын ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу үчүн “Элдик комиссия” түзүү керек дегенге макул эместигин, мындай көрүнүш терминологиялык жана саясый-укуктук жактан дагы туура болбой тургандыгын, үчүнчүдөн, 2010-жылдагы улут аралык кагылышууга апкелген окуяга күнөөлүүлөрдү эл аралык Гаага сотунун кароосуна бериш керек дегенге кошулууга болбостугун, анткени бул окуя боюнча бир канча көз карандысыз да, мамлекеттик да, эл аралык да комиссиялар иштегенин, Абдыганы Эркебаев өзү да ошол комиссиянын бирин башкарганын, комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганын, андан бери алты жыл өткөнүн, Кыргызстандын туруктуулугун жана эл аралык кадыр-баркын ойлогондор үчүн эми аны кайрадан карап чыгуунун эч кандай зарылдыгы жоктугун айтканын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санынан сиздер президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өткөнүн, башкы маселе чек араларды чыңдоого арналганын, академик Абдылдажан Акматалиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин алтын медалы менен сыйланганын, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 400 делегат катышкан Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын сегизинчи сьезди өтүп, жыйналыштын акырында генерал-лейтенант Токон Мамытов Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп шайланганын окуйсуздар.

Гезиттин жаңы санында “Профессорлордун достугу–бейтаптар үчүн пайда” деген аталыштагы макала тартууланып, Кыргызстан менен Испаниянын Урологиялык борборлорунун достук кызматташтыгына 12 жыл болгонун, испаниялык профессор Франческо Мартинис жакында профессор Акылбек Усупбаев башчылык кылган Урологиялык борбордо болгонун, испаниялык доктор Кыргызстанга 2010-жылдын 8-апрелиндеги трагедиялуу күндөрдө келип, өзү бир далай операцияларды жасаганын, эл аралык байланыштарды күчөтүү менен аталган борбор илимий-практикалык иштерин жакшы жолго коюп келатканын, Кыргызстандын бул борбору бүгүн Түркия, Орусия, Кытай, Австрия, Германия менен байланыш түзүп, медициналык кадрлар өнүккөн чет өлкөлөрдөн барып окуп, иштеп, тажрыйба топтоп келип жатышканын Нина Ничипорованын макаласы аркылуу кенен кеп кылды.

Журналист Азамат Касыбековдун макаласы мектептердеги окуу китептеринин тегерегиндеги проблемаларга арналды.

“Вечерний Бишкек” гезити Сокулуктун Жаңы-Жер айылында эң эле коркунучтуу делген же өмүр бою түрмөгө кесилгендер үчүн салынып жаткан түрмөнүн экинчи корпусу бүткөрүлгөнүн, начальниктин милдетин аткарып жаткан Нурдин Турусбеков журналисттерди камералар менен тааныштырганын, эл аралык норманын талабына ылайык ар бир кылмышкер 2,5 чарчы метр камерада жашарын, 18 жылдан бери түрмөдө олтургандар барын, Кыргызстан боюнча бүгүн 306 адам өмүр бою түрмөгө кесилгенин баяндады.

XS
SM
MD
LG