Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

“Элдик парламент” эмне дейт?


Элдик жыйын.
Элдик жыйын.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Элдик парламент” бирикмесинин Кыргыз Республикасынын элине, президентине, өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине билдирүүсүн” жарыялаган “Майдан” гезити бүгүн жарыкка чыкты. Билдирүүнүн баш сөзүндө жыйынга 50 - 60 миңдей адам катышканы калганына байланыштуу 26-апрелден 17-майга жылдырылганын кабарлоо менен, жыйынга үч маселе коюлганын, анын биринчиси Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин отчету жана токтоосуз отставкага кетиши, 2-маселе, президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү Икрамжан Илмияновдун, Чыныбай Турсунбековдун жана Фарид Ниязовдун ишмердүүлүгүн карап чыгуу боюнча Элдик комиссия түзүү, 3-маселе, Нидерландынын Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыштар боюнча сотуна 2010-жылы июнда кыргыздар менен өзбектер ортосунда болгон улуттар аралык каргашалуу уруштун катышуучуларынын жана күнөөлүүлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча “Элдик парламент” бирикмесинин кайрылуусу. Мына ушул үч маселени көтөрүп чыккан “Элдик парламенттин” бүгүнкү “Майдан” гезити аркылуу кайрылуусунда “Президент Атамбаевдин өз эрки менен кызматтан токтоосуз кетишине жол ачкан негизги он себепти аныктадык”, деп айтылат жана алардын ар бирине кеңири түшүндүрмө берет.

“Элдик парламенттин” ой-максаты тазабы?” деген суроого жооп берген коомдук ишмер Кайып Шери:- Элдик парламент түзүлүп, бийликке реалдуу каяша кыла турган оппозиция пайда болду,-деп, саясый эксперт Бакыт Бакетаев:- Мындайды элдик демилге дейт, боло берсин. Бааны эл өзү берет. Талгарбековдун мага эмнеси жагып атат. Кээ бир саясатчыларга окшоп бийлик алмашары менен Минск, Стамбул, Москваны көздөй качпай, элдин арасында жүрүп, эми минтип кырдаалга өз пикирин айтып чыгып атканын сыйлоого болот. Анысын мен колдойм. Мен, мисалы, Дастан Сарыгуловду да колдойм. Талгарбеков баштаган “Элдик парламент” бир топ жанданууга алып келди,-деп айтты.

Ушунун эле катарына “Кумтөрдү” тинтүү: саясый оюнбу же элдин башын айлантуу үчүн түзүлгөн сценарийби?” деген суроого беш адамдын ойлору басылды.

Укук коргоочу Эдил Байсалов “Кумтөр” боюнча спектакль - Атамбаевдин эң чоң фиаскосу” деп маек куруду.

Буга улай эле коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков “Атамбаев Кыргызстандын канын соруп салды” деген ат менен маек берди. “Элдик парламентке” бийлик тарабынан кандай реакция жасалууда?”деген суроого Талгарбеков:- Азырынча Атамбаевдин арзыматтар армиясы жана жаш сексоттору майда-чүйдө чабуул жасоо үстүндө. “Элдик парламенттин” мыйзамдын гана алкагында иш алып баруусу провокацияга жедеп кыныккан бийликтин шайын оодарууда,- деп жооп берди.

“Дело №” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстанды жаман башкаргандардын азабынан президент Атамбаев жеке өзү акча издөөдө” деген баштема менен ачып, Темир Сариевдин кызматтан кетишине башкы себеп болгон Балыкчы-Корумду жолунун тагдырына токтолду. Сариевдин өкмөтү келишим түзгөн кытайлык “Лонг Хой” компаниясы менен ошол келишим бузула турган болсо кыргыз тарап кытайлык компанияга 2,5 млрд. сом төлөп берүүгө милдеттүү экендигин жаңы түзүлгөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында айтып чыкканын, күнөө кытайлык компанияда эмес, өзүбүздөн кеткенин, жолдун финансылык маселеси кандай болорунун эсеп-кысабы жакшылап такталбай туруп эле жол курууну баштап салганын, жаңы дайындалган транспорт министри Замирбек Айдаровдун эсеби боюнча, эми Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна чейин жол бүтүш үчүн дагы 2 млрд. 750 млн. сом керек болуп турганын, ошондуктан президент Алмазбек Атамбаев сырттан акча тартуу жолдорун өзү карашатыра баштаганын жазды.

“Дело №” гезити ошондойле “Энергохолдингдин айланасында чатак чыкканы калды” деген макала басып, анда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары жакында ушул маселени караганын, депутат Айтмамат Назаров Улуттук энергетика тармагындагы объектилерди кийин менчиктештирип алууга оңой болуш үчүн Энергохолдинг болуп түзүлгөнүн айтып, депутаттардын ансыз да шекшип турган ойлоруна от койгонун маалымдады.

“Вечерний Бишкек” гезити сырттан келе турган инвесторлор менен өзүбүздүн инвесторлорду эң биринчи кезекте алтын кызыктырарын, мындан сырткары сейрек кездешүүчү металлдар, көмүр, гипс, кум жана шагыл кызыктыра тургандыгын маалымдады.

Аталган гезиттен сиздер ошондой эле дайынсыз жоголду деген Юлдашбай Базаров 20 жылдан кийин табылганын Евгений Денисенконун “20 жыл өткөндөн кийин” деген макаласынан окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG