Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Парламенттик демократия - тарыхый залкар мүмкүнчүлүк


"Жоогазын ыңкылабы" күнү. Ак Үй, Бишкек шаары. 24.03.2005.
"Жоогазын ыңкылабы" күнү. Ак Үй, Бишкек шаары. 24.03.2005.

Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылкы элдик ыңкылаптардын мааракелерине карата сереп. Бул баяндама 2015-жылдын 24-мартында Бишкек шаарында өткөн илимий-тажрыйбалык жыйында окулду.

Эгемен Кыргызстандын түпкү калкы – кыргыз улуту жазма тарыхта эки миң эки жүз жылдан ашуун убакыттан бери катталган улут. Ошол эле учурда, кыргыздар мамлекеттик көз карандысыздыгына кайрадан 1991-жылы жетишип, Ала-Тоодо жаңы эгемен мамлекетти калыптандырып, дүйнөдөгү мамлекеттердин эл аралык үй-бүлөсүнө чейрек кылымдан аз убакыт мурда гана кошулган улут.

Көп этностуу Кыргызстандын бүгүнкү сыймыгы – анын көөнө, орто кылымдык жана жаңы доордогу тарыхы гана эмес, эгемендик доорундагы демократия үчүн каармандык күрөшүнүн да өлбөс-өчпөс тарыхы.

Дээрлик чейрек кылым ичинде Кыргызстан чөлкөмдөгү башка коңшу өлкөлөрдөн айырмаланган демилгелүү саясий турмушту баштан кечирди. Тээ 1990-91-жылдардагы демократиялык жүрүм, өлкөнүн атуулдарынын көп партиялуу демократиялык башкаруу системасы, сөз эркиндиги, базар экономикасы, көп багыттуу дипломатия жана башка совет доорунда түшкө кирбеген өзгөрүүлөр үчүн жүргүзгөн күрөшү пост-советтик кыргыз коомун башка коңшулардан айырмалуу кылган. Анын натыйжасында Кыргызстанды «Борбордук Азиядагы демократия аралчасы» деп атай баштаган.

Албетте, бул баа – тек гана алдын ала аванс катары берилген сырткаркы баа болсо да, чынында да Кыргызстанда позитивдүү, реформачыл кадамдар 1990-жылдардын башынан тартып акырындап жүзөгө ашырылганын калыс баалоо керек.

Арийне, ушул бааны мурдагы президент Аскар Акаев өзүнүн жеке салымы катары “энчилеп” алууга умтулгандыгы, азыр да соңку маектеринде өз ролун көтөрө чалган пикирин улам кайталап айта жүргөнү белгилүү. Дароо кесе айтсак – Кыргызстандын реформачыл багытына жана алгачкы ийгиликтерине акырындап көр казган күч – дал ошол мурдагы президенттин авторитардык башкарууга умтулуусу болгон. Качан гана Аскар Акаев өзүнө айбат кылган легендарлуу Жогорку Кеңешти жарым шал кылып, президенттик жарлыгы менен таркаткан соң (1994-жылдын күзү), качан гана ал 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны кескилеп, «конституциялык референдум» аталган айла-амалдар менен президенттик ыйгарым укуктарын эбегейсиз чыңдап алган соң, бул туңгуч президент сөз жүзүндө демократ, иш жүзүндө авторитардык режимдин амалкөй негиздөөчүсү болуп чыга келди.

Өзүнүн эч ким сөз тийгизе албай турган «жарым хандык» турумун колдонуп жатып, ал Кыргызстандын чек арасын жөндөө маселесиндеги көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште ачык, айкын, мыйзамдуу талкуулап, консенсус менен чечүү жолунан качкан; Үзөңгү-Кууш маселесин өзүмбилемдик менен жең ичинен, башкача айтканда, уурданып, чечип койгон.

Албетте, эч ким Кыргызстандын Кытай же башка чек аралаш мамлекет менен чек арасын тастыктап алышына каршы эмес. Бирок бул маселе Жогорку Кеңеште ачык кароону, керек болсо, жалпы элдин мамилесине таянуу үчүн атайын референдум өткөрүүнү талап кылган маселе болчу. Кытай тарап менен соодалашылган 900 миң гектар жер оюнчук эмес болчу. Адатта, президент Аскар Акаев референдумдарды өз пайдасына чечилчү маселелер жаатында гана өткөрүп келген; ал эми чек ара маселесин жалпы референдумсуз жана Жогорку Кеңештеги ачык-айкын жана кызуу талкуусуз, коомчулукту көз будамайлап жазгырып, жең ичинен чечип кетем деп ойлогон.

Бул - Кыргызстандын авторитардык бийлик сазына батып бара жаткандыгынын бир гана көрүнүшү болчу. Кумтөрдүн алтын кенин иштетүү менен байланыштуу жана башка жең ичинен Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чечилген далай маселелерди мындай коелук.

Чек ара маселесинин чатагы акыры оппозициячыл депутаттын убактылуу камалышына, Бишкекте 2002-жылдын январынан тартып саясий ачкачылыктын башталышына жана Аксы районундагы 2002-жылдын 17-18-мартындагы куралсыз демонстранттарды атуу кылмышына алып келди. Аксы окуясы, өз кезегинде, кыргыз эли авторитардык бийликти кабыл албай турганын таасын айгинеледи.

Эми бул кыска киришүүдөн соң, «2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды «элдик ыңкылап» деп атоого болобу? Анын башкы мөмөсү эмнеде?» деген суроолорго өтөлүк.

«Ыңкылап» («революция») түшүнүгүн туюнткан окуяларды марксистер жана башка бир катар ойчулдар өтө ыйык окуя кылып баалап келет; ал эми коомдук-саясий өнүгүүдө эволюциялык нукту гана бирден бир туура жол деп санагандар болсо ар кандай ыңкылаптык окуяны «жийиркенээрлик, четке кагарлык, мокочо» катары кабыл алат.

Айтмакчы, белгилүү америкалык социолог, Нью-Йорк университетинин профессору Майкл Киммел (1951-жылы 26-февралда туулган) өзүнүн «Ыңкылап: Социологиялык өңүт» аттуу эмгегинде ыңкылап тууралуу теориялар беш суроого жооп табышы керектигин белгилейт:

1) Ыңкылап деген эмне?

2) Ыңкылап учурунда өзгөрчү нерсе эмне?

3) Ыңкылапты эмне пайда кылат?

4) Эмне үчүн калайык ыңкылапка катышат?

5) Ыңкылаптардын натыйжасы эмнеде?

(«Theories of revolutions must address five basic questions: (1) What is a revolution? (2) What is that changes during revolution? (3) What causes revolution? (4) Why do people participate in revolutions (5) What are the consequences of revolutions?»)

(Шилтеме: Michael Kimmel. Revolution: A Sociological Perspective. Temple University Press, 1990. ISBN 978-0-87722-736-6. – P. 3.)

Заманбап саясат таануучу окумуштуулардын бири Олег Арин (канадалык атуулдукту алгандагы ысымы Alex Battler / Алекс Бэттлер; төрөлгөндөгү ысмы Рафик Шаги-Акзамович Алиев; 1946-жылы 10-декабрда Орусиянын Астрахан шаарында туулган; азыр АКШда турат) ыңкылапты «коомдук организмдин өз өнүгүшүнүн прогрессивдүү баскычын көздөй секириги» («...революцияэто скачок социального организма на прогрессивную ступень своего развития»), - деп мүнөздөйт.

Секирик аркылуу жетишилген бул деңгээл коомдук организм үчүн андан аркы илгерилеп өнүгүүгө пайдубал болуп калат, - дейт Олег Арин.

Ал эми профессор Майкл Киммел болсо ыңкылапты «баш ийдирилип келген топтордун саясий бийликтин социалдык пайдубалын өзгөртүп алуу үчүн жасаган далалаттары» («Revolutions are attempts by subordinate groups to transform the social foundations of political power») деп мүнөздөгөн.

(Шилтеме: Michael Kimmel, Revolution: A Sociological Perspective. Temple University Press, 1990. ISBN 978-0-87722-736-6. – P. 6.)

Бул мүнөздөмөлөр ыңкылаптын прогрессивдүү маанисин чагылдырып тургансыйт. Чын эле ыңкылап дайыма эле прогресске негиз болобу?

Биздин оюбузча, ыңкылап – эл (же тиешелүү социалдык топтордун убактылуу коалициясы) коомдук-саясий, идеологиялык, экономикалык жана башка оор кырдаалдардагы аргасыздыктын айынан буга чейинки мыйзамдарды убактылуу же биротоло четке кагып туруп, мамлекеттик башкаруунун нугун коомдун көпчүлүк бөлүгүнүн кызыкчылыгына буруусу жана идеологиялык жана коомдук стратегиялык жаңы багытты көздөй чукул саясий реформаны жүзөгө ашыруу максатында бийликти кайра түзүүсү.

1979-жылкы Иран революциясы зулум шахтын режимин ойрондогону менен, секулярдык түзүлүштү эскичил динчилердин көз карашына ылайык калыптанган коомдук түзүлүшкө айырбаштагандыгы үчүн секуляристтер аны «регресс» деп терс баалашат, исламчылар болсо «чыныгы элдик ыңкылаптын салтанаты» деп санашат.

Демек, ыңкылаптын натыйжасы коомдогу ар кыл топтордо ар башкача бааланышы ыктымал.

Салыштыра кетсек: 2005-жылы 24-мартта жана 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптардын максат-мүдөөсү бирдей эле болгон. Биринчисинде - президент Аскар Акаевдин авторитардык режимине каршы көтөрүлгөн эл демократиялык түзүлүштү орнотуу ураанын көтөрсө, экинчисинде - президент Курманбек Бакиевдин мурдагыдан да ашынган авторитардык жана кандуу режимин кулатууга бел байлаган калайык демократиялык түзүлүштү орнотуу күрөшүнүн туусун кайрадан көтөрүп чыгышкан.

Ошондуктан кээ бир замандаштардын 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылапты унуткарууга, текеберлене кемсинтүүгө жана анын оң маанисин жокко чыгарууга далалаттанганын эч жактоого болбойт. Эл ичинде «жоогазын ыңкылабы» атыккан Ала-Тоодогу XXI кылымдын башындагы алгачкы «Түстүү ыңкылапты» ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа «апийимдин кермек даамы бар жана талап-тоногучтар өз жумушуна чыккан капкара түндүн түсүн алган» деп текеберленип сыпаттаганы эсте она с опиумным привкусом и цвета черной ночи, когда мародеры выходят на работу»).

Кылым башындагы экинчи элдик ыңкылапты (2010-жылдын 7-апрелиндеги саясий бурулуш окуясын) да текеберленип, мазактап сынга алган серепчилер жок эмес. Бирок ар кандай ыңкылап, жогоруда айтылгандай, коомчулукта ар тараптуу (терс да, оң да) баага кабыла турган ири коомдук кубулуш.

Ыңкылаптын айынан кимдир бирөө же кайсы бир тарап кызматынан, социалдык бийик тепкичинен айрылышы мүмкүн; кээ бир жемкорлор же башка кылмыш кылган төбөлдөр камалышы деле ажеп эмес; айрымдары акыйкат соттон качып бозгунга кетиши мүмкүн; кайсы бир сырткы саясий күчтөрдүн мурдагы тымызын таасир жаратуу схемасы ойрон болушу ыктымал.

Ошол эле учурда, ыңкылапты баштан кечирген ар бир коомдо жаңылануу жана кеңири өлчөмдөгү реформалар үчүн жагымдуу ыңгай түзүлөт. Мамлекеттеги саясий элита, - ыңкылаптын коалициялык же башка жетекчилиги ж.б. прогрессивдүү тараптар, - ушул ыңгайлуу кырдаалды колдонуп калуу үчүн пайда болгон өтө кыска мөөнөттү чагылгандай тез жана иштиктүү реформалары аркылуу колдонуп кала алабы, же мындай мүмкүнчүлүктү саясий эрктин жоктугунан жана саясий сабатсыздыктын, пенделик мажүрөөлүктүн жана ынтымактын жоктугунун айынан эски коррупциялык күчтөрдүн тажрыйбалуу ажыдарларына кайрадан алдырып жиберишеби, - бул да коомдун ички өнүгүүсүнүн көйгөйү. Мында эч кандай бир беткей рецепт жок.

Деги, бир эле максатта улам эле ыңкылаптар боло берсе, анда биринчисин ыңкылап деп атоонун зарылчылыгы барбы? 2010-жылдын бийиктигинен көз чаптырып караганда, 2005-жылкы окуя ыңкылап катары кадырлоого татыктуубу?

Албетте, кыргыз коомундагы жана дүйнө жүзүндөгү көз караштар ушул жерде да ар кыл.

Мурдагы президент Аскар Акаев мырза, маселен, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны «мыйзамсыз төңкөрүш» катары гана баалап келет. Ал эми 2010-жылы, өзү өлкөдөн качып кетерден саал мурдараак жарыкка чыккан китебинде, Курманбек Бакиев 2005-жылкы 24-март окуяларын «элдик ыңкылап» катары жогору баалайт, бул үчүн жүйөлөрүн келтирет.

Өз кезегинде, К.Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги өзү бийликтен шыпырылган саясий окуяларды «мыйзамсыз төңкөрүш» деп аёосуз сынга алган. Ошол эле 2010-жылкы окуянын натыйжасында Кыргызстан баштап жаткан нук «парламенттик демократия» катары мүнөздөлөрүн К.Бакиевдин аргасыз сынчысы А.Акаев мындайча кыйыр түрдө моюнуна алат:

- Жумуриятта президенттин ыйгарым укуктарын салыштырмалуу азайтуунун шартында парламенттик бийлик системасын киргизүү тууралуу жаңы бийликтердин мактанганы бардыгынан катуу доош менен жаңырып угулуп жатат. Мындай бурулуш, биздин улуттук өзгөчөлүктөрдү эсепке алганда, жеңил-желпи жүзөгө ашат деп ишене албайм. Арты кандай болору туюк болгон саясий тажрыйба жүзөгө ашырылууда. Бакиев, маселен, хандыкты курууга багыт алган, Отунбаева, тескерисинче, парламентаризм багытына буруп салды (Астын биз сыздык. – Т.Ч.). Эч кандай мамлекеттик система бул сыяктуу таң каларлыктай адаттан тыш урунуп-беринүүлөрдү чыдап көтөрө албайт. Азыркы кыргыз парламентаризми – бул саламаттыгы чың болуп эрезеге жетиши үчүн өзгөчө көңүлдү жана камкордукту талап кылган ымыркайга тете».

(«Громче всего звучит похвальба новой власти относительно введения в республике парламентской системы власти при относительном сужении прерогатив президента. Не уверен, что подобный поворот, особенно с учетом нашей национальной специфики, будет происходить гладко. Ставится новый политический эксперимент с непредсказуемым результатом. Бакиев, например, пытался взять курс на ханство, Отунбаева повернула наоборот – в сторону парламентаризма. Никакая государственная система не в состоянии выдержать подобных эксцентричных метаний. Нынешний кыргызский парламентаризм – это младенец, требующий большого внимания и заботы, чтобы он вырос здоровым»).

Дал ушул баанын өзү эле Кыргызстанда алгач 2005-жылы болуп, кайра 2010-жылы кайталанган элдик ыңкылаптын чыныгы ыңкылап катары орток асыл-наркын ачып берээрин бул баанын автору - мурдагы президент А.Акаев мырза өзү да баамдады бекен?

Биринчиден, өзүнүн маектеринен айгинеленгендей, А.Акаев Кыргызстандагы парламенттик демократиянын болочогуна анчейин ишенбейт (албетте, учурда В. Путиндин колтугунда саясий башпаана таап жаткан саясатчыдан парламенттик демократияга карай багытты сунуштаган «түстүү ыңкылаптар» жөнүндө башкача бааны күтүү деле кыйын деңизчи). Парламенттик демократиядан анын чочулоосу – ал өзү бийлеп турган учурда парламенттин ыйгарым укуктарын улам кыскартып-кескилеген референдумдардан деле көрүнгөн. Бирок бул жерде А. Акаевдин сөзү анын авторитардык президенттик бийликти жактаган жекече турумун өзүнөн өзү ашкерелеп жатат десек болот.

Ал эми «Бакиев, маселен, хандыкты курууга багыт алган, Отунбаева, тескерисинче, парламентаризм багытына бурду» деген сүйлөмгө тактоо киргизсек, парламенттик демократияга багытты жалгыз гана президент Роза Отунбаева эмес, ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген жалпы реформаторлор канаты иштеп чыгып, элдик колдоого таянып жүзөгө ашыра башташты; ошентип, кыргыз элинин 2005-жылы мартта жана жаңы күч менен 2010-жылы 7-апрелде койгон талабына ылайык, бүткүл Кыргызстандын коому 2010-жылдын 27-июнундагы конституциялык реформа аркылуу парламенттик демократиялык башкаруу системасына багыт алды.

Демек, 2005-жылы күтүлгөн, бирок 2007-жылдан кийин авторитардык режим кескин чыңдалганына байланыштуу колдон убактылуу чыгарылган мүмкүнчүлүк Кыргызстанда 2010-жылкы ыңкылаптын аркасы менен жүзөгө ашырылды десек болот.

Мунун өзү 2005-жылы да, 2010-жылы да Кыргызстанда элдик демократиялык таламдарды мүдөө туткан чыныгы элдик ыңкылаптар болгонун айгинелейт. Эгерде 2005-жылы 24-мартта эл козголбосо жана демократиялаштырууга багытталган саясий талаптарды көтөрүп чыгарбаса, анда 2010-жылы апрелдеги революциячыл окуя да болмок эмес. Ошондуктан, бул эки окуя тең бири-бирин толуктап турат.

Ыңкылаптын жемишин эскичил саясатты туткан кимдир-бирөөлөр кайсы бир убакыттан кийин уурдап алышы деле ыктымал. 1789-жылдагы Француз ыңкылабы бүт Европаны титиретип, Европа элдери аркылуу дүйнөнү ойготкону менен, бир канча жылдардан кийин Наполеон Бонапарт өзүнүн авторитардык режимин орнотуп, дал ушул Франциянын ырпын кетиргени да эсте. Наполеондун убактылуу императордук режимин эстеп жатып, «1789-жылы Францияда эч кандай ыңкылап болгон эмес экен да», - деп бир беткей бүтүм чыгарууга эч мүмкүн эмес.

Ошонун сыңарындай эле, Кыргызстандагы 2005-жылкы ыңкылаптын мөмөсү кийинчерээк убактылуу уурдалып кеткен. Тактап айтсак, Кыргызстанда авторитардык режимди калыбына келтирүүнү көксөгөн бакиевчилер 2007-жылдан тартып саясий сахнада кайра күчтөнгөндүгү – факт, бирок бул факт андан мурдараак орун алган 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын элдик ыңкылап мүнөзүнө эч кедергисин тийгизе албайт.

Эгерде кыргыз оппозициясы ынтымактуу жана принципиалдуу болуп, кыргыз парламенти реформаны жигердүү жүзөгө ашыра алган болсо, анда 2005-2006-жылдары эле Кыргызстан парламенттик демократиялык системага ишенимдүү өтмөк болчу. Демократиячыл оппозиция канаты тарабынан анча-мынча аракеттер да болгонун унутпайлы. Бирок демократиячыл оппозициядагы ырксыздык жана алардын өкүлдөрүнүн бакиевчилер менен жең ичинен соодалашуусу сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр өлкөдө 2007-2009-жылдары авторитардык режимди кайра калыбына келтирүүгө огожо болуп калган.

Дагы бир жагдайды баса белгилөө абзел: ыңкылаптар сөзсүз эле кан төгүү менен коштолбойт. Маселен, 1989-жылдын күзүндөгү Батыш Европанын (анын ичинде мурдагы коммунисттик Чехословакиянын) авторитардык режимдеринин кулатылышы - кансыз жүзөгө ашырылган элдик ыңкылаптын жеңиши болуп саналат.

1990-жылы октябрдын этегинде Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ошол кездеги лидеринин президенттикке шайлана албай калышы, 1991-жылдын 19-21- августунда майнапсыз аяктаган эскичил коммунисттердин козголоң аракетинен кийин Кыргызстанда коммунисттик башкаруу системасынын демонтаждалышы – Кыргызстанда алгачкы демократиячыл ыңкылап тынч маанайда өткөнүн айгинелейт. (Эки жылды камтыган бул окуяларды туңгуч ыңкылап катары эске алсак, анда «Кыргызстанда 2005-жылы экинчи, 2010-жылы үчүнчү ыңкылап жүзөгө ашырылган» деп айткан жергиликтүү серепчилерди колдоого болот).

1990-жылкы октябрдагы президенттик шайлоонун акыркы айлампасына Маскөөдө жүргөн жеринен капысынан чакырылып катыштырылган академик А. Акаев легендарлуу Жогорку Кеңеш «табында» болуп, Көзөмөлдөө палатасы сыяктуу усулдары менен президентти «жемкордукка алдырбагын» деп тескеп турган чакта, албетте, демократтын ролун ийкемдүү аткарып ойногон болчу. А.Акаев кийинчерээк бул демократиялык идеалдарды өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн чет-четинен жерип, сүрүп чыга баштаган.

XXI кылымдын башында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгач Украина менен Грузияда «түстүү» ыңкылаптар жүзөгө ашканда, Кыргызстан да ушул нукка түшөт деп замандаштарыбыздын көпчүлүгү түшүндө да ойлобосо керек.

Эмне үчүн, маселен, Түркмөнбашынын бийлигине каршы ыңкылапчыл күрөш жүрбөдү? Эмне үчүн жарым-жартылай либерал болгон Кыргызстанда «түстүү» ыңкылап жеңишке жетишти? Бул сыяктуу суроолорго Кыргызстанда А. Акаев бийликке келе электе эле «Ашар», КДК сыяктуу атуулдук уюмдар чыңдалгандыгы, кыргызстандык демократиялык жана атуулдук күчтөр көп этностуу коомубуздун кеңири катмарын өз курамына тарта алгандыгы, атуулдук эркиндиктер, басма сөз эркиндиги үчүн жана шайлоодогу бурмалоолорго каршы күрөштөр ырааттуу жүргөндүгү, элеттеги калайыктын саясий маалыматы да шаардыктардыкынан кыйла жогору болгондугу менен байланыштырып жооп узата алабыз.

Бул күрөштөр кээде оош-кыйыштуу натыйжалар менен жүргөнү да маалым. Маселен, 1995-жылкы парламенттик шайлоодо А. Акаевдин режими мурдагы парламенттик «алтын» комиссиясынын бараандуу мүчөсү Турдакун Усубалиевди Жогорку Кеңешке өткөрбөө үчүн ага каршы «Усубалиев» деген тегаты бар өзүнүн талапкерин алып чыккан, ал эми Ички Теңир-Тоодо – мурдагы депутат, генерал Бейше Молдогазиев өтпөй калсын үчүн ишкер Молдогазиевди сүрөөнгө алган.

Кээ бир оппозициячыл саясатчылар депутаттыкка шайлана албай калса, Дооронбек Садырбаев сыяктуу башкалары кеңири калайыктын колдоосунун аркасында Жогорку Кеңештин улам жаңы чакырыктагы курамына шайланып келип турушкан. Пост-советтик Кыргызстанда оппозициялык партиялардын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште таптакыр болбой калган бир да учур катталган эмес. Муну мурдагы авторитардык режимдердин башчылары өздөрүнүн «жакшы ишинин натыйжасы» катары айтып жүрүшөт, бирок бул – оппозициянын карандай эмгеги жана оппозиция өкүлүн тайманбастан шайлап, өз добушун коргой алган элибиздин эрдиги экендигин ачык айтуу абзел.

1994-жылдан тартып эле айрым оппозиция өкүлдөрү (маселен, Топчубек Тургуналы, Феликс Кулов, Жумагазы Усупов, Азимбек Бекназаров, ж.б.) ар кандай кодулоолор жана жалган айыптар менен абактарга салына баштаганын, "Политика" ("Саясат"), «Свободные горы» («Эркин тоолор»), «Асаба», «Res Publica» деген жана башка эркин гезиттер «демократ» А.Акаевдин тушунда эле куугунтукталып, жабылып, же башка усулда кысымга алынып келгенин унуткарууга болбойт.

Кыргызстанда, демек, 1990-2005-жылдары атуулдук коом авторитардык режимди мамлекеттик денеден керексиз жара сыяктуу итерип салууга даяр болуп бышып жетилген. Мында тайманбас, принципиалдуу мүчөлөрү арбын болгон бейөкмөт уюмдардын да орчун салымы бар.

“Жаранын” капысынан жарылышы 2005-жылдын феврал-март айларында Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоолордун өзгөчө көп сандагы добуш бурмалоолор менен өткөндүгү менен тездетилген.

Жогорку Кеңештин «кол бала» болушу күтүлгөн болочокку чакырыгынын курамына А.Акаевдин кызы менен уулу, башка да жакындары, ага көшөкөрлөнгөн аткаминерлердин «тактекедей» секирип берчү «куурчактары» көбүрөөк өткөнү калганы, оппозициячыл саясатчылар түгүл, либерал элчилер да шайлануу укугунан жасалма ажыратылгандыгы калайык эсинен чыга элек.

2005-жылы феврал-мартта Кыргызстандын бардык аймагында парламенттик шайлоодогу добуш бурмалоолорго каршы нааразылык күчөдү. Айтмакчы, айрымдар бул нааразылыкты «түндүк-түштүк тирешүүсү» катары бир беткей сыпаттап жүрөт. Чын-чынында, өлкөнүн түштүк облустарында гана эмес, Нарын, Кочкор, Тоң, Талас сыяктуу түндүк аймактарда да шайлоочулар авторитардык режимге каршы түрө көтөрүлгөн. Эгерде Ош менен Жалал-Абатта демонстранттар облустук акимияттын кеңсесин убактылуу тарттырган учурлар катталган болсо, Кочкор менен Тоңдо, маселен, демонстранттар өздөрү жеңип алган жана элдик бийлик жарыялаган кеңселерди А. Акаевдин бийлиги биротоло кулатылганга чейин эч бошотушкан эмес.

2010-жылы да айрымдар тарабынан «түштүктүк» делген К.Бакиевдин саясатына каршы нааразылык чаралары жалаң гана түндүктө орун алып чектелбестен, ал түгүл мындай нааразылыктардын алгачкы толкуну Түштүк Кыргызстанда башталгандыгы – абакта жаткан оппозициячыл саясатчы, генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлери тарабынан алгач Ош облусунда уюштурулганы жалпы элге маалым. Эгерде президент авторитардык зулум режим орнотсо, анда ал – түндүктөн же түштүктөн экендигине, башкача айтканда, эч кандай жерине карабастан, жалпы элдин, жалпы улуттун назарынан чыгып калат эмеспи.

Сырткаркы байкоочулар да Кыргызстандагы бийликтин шайлоодогу добуштарды бурмалоо аракетинин эл тарабынан жектелиши тууралуу өз кезегинде калыс белгилешкен. Маселен, жакында набыт болгон Борис Немцовдун (1959—2015) пикирин алалык. Б. Немцов Кыргызстандагы 2005-жылкы элдик ыңкылапты колдоп, мурдагы президент А.Акаевдин авторитардык башкаруу тажрыйбасын сынга алып, өзүнүн интернет барагында мындайча пикирин жарыялаган:

«Бизге... биринчи кезекте грузин ыңкылабынан да сабак алуу, эми болсо, кыргыз ыңкылабынан да үйрөнүү зарыл. Биринчи сабак: өз элине чексиз эле жалган айта берүү жарабайт; акыр-түбү эл козголот да, мындай тажаткан бийликти шыпырып салат. Экинчиси: шайлоолорду чексиз эле бурмалай берүүгө болбойт. Үчүнчүсү: чексиз түрдө уурдай берүү жарабайт; эл буга чыдап отура бербейт».

Кыргызстан эли жемкордукту (коррупцияны) моюнтуруктоо, адам укуктарын кадырлоо, басма сөз эркиндигин камсыз кылуу, шайлоону бурмалабоо жана ушул сыяктуу демократиячыл талаптарды аткаруу үчүн оболу мамлекеттик бийлик түзүлүшүн кайра курушу керек болду. Болгондо да Борбордук Азияда алгачкы болуп парламенттик демократияга карай коомду алып барчу конституциялык пайдубал жаралды. Бул – үстүбүздөгү кылымдын башында эки жолу элдик ыңкылапты жүзөгө ашырган Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй чөлкөм үчүн да олуттуу мааниге ээ революциячыл секирик эле.

Айрым замандаштар парламенттик демократия жана жалпы эле демократиялык башкаруу «Батыш Европага, АКШга жана Канадага гана таандык» деп жаңылыш санашат. Ошол эле учурда алар Жапония менен Түштүк Кореяны мындай койолу, пост-коммунисттик Монголияны да эстеп коюшпайт. Кыргызстан, демек, Азиядагы парламенттик башкаруу системасын жаратууга жана чыңдоого умтулган жалгыз мамлекет эмес, биринчи да мамлекет эмес, акыркы да мамлекет болбойт.

Кыргызстанда элдик ыңкылап толук жүзөгө ашырылып бүттүбү? Албетте, жок. Азыр да кээ бир жергиликтүү саясатчылар президенттик ыйгарым укуктарды кайрадан чыңдоо керек деген сунуштарын айтып келе жатышат. Пикирибизде, айрым фракцияларынын айдыңдык сапаты төмөн курамынын айынан Жогорку Кеңеш да өз ишмердигин эл талап кылгандай аткара албай келди. Өлкөдө парламенттик башкарууну кыйла чыңдаган 2010-жылкы конституциялык жеңип алууларды көз карегиндей сактоо муктаждыгы азыр да кала берүүдө.

Азыр да 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы зулум режимди кулатуу үчүн өмүрүн берген чыныгы атуулдардын арбактары «Ыңкылаптын нагыз максатынан тайбагыла! Бул окуяны жаманаттыга калтырып баалагандар эмне дешсе дей беришсин, өзүңөр демократиячыл жаңыланууларды илгери жылдыра бергилде!» деп, кыргызстандыктардын намысын ойготуп, реформачыл иш-аракетке чакырып жатат десек болоор.

Бирок, Кыргызстанда ыңкылапчыл көч ордунан козголду десек болот. Азыркы кыргыз саясий элитасынын милдети – экинчи ыңкылаптан кийин жаралган реформалык мүмкүнчүлүктөрдү өз учурунан кечикпестен, мындан ары да ырааттуу пайдалануусунун зарылдыгын аңдоо менен байланыштуу.

Деги, «ушундай кадамдар үчүн ыңкылапты жүзөгө ашыруу туура эле болгон экен», деп канааттанууга Кыргызстанда негиз барбы? Төмөнкү жаңы жагдайлар бул суроого «оооба» деп ишенимдүү жооп берүүгө негиз берет.

Эң оболу, өлкөдө реформаны улантуу үчүн айрым мыйзамдык пайдубал жана башка өбөлгөлөр ишенимдүү түзүлгөнүн белгилөө керек: Кыргызстан эли 2010-жылдын 27-июнунда парламенттик башкарууга багыт алган конституциялык реформаны жүргүзүп чектелбестен, жаңы Башмыйзамга таянуу менен 2010-2011-жылдары парламенттик жана президенттик шайлоолорду дээрлик акыйкат өткөрүүгө жетишти. Авторитардык бийлик болочокто калыбына келтирилбесин үчүн президенттик бийликтин ыйгарым укуктары кыйла чектелди. 2010-жылы бийликке келген президент Роза Отунбаева демократиялык жол менен шайланган Алмазбек Атамбаевге кызмат ордун тынч өткөрүп берди. Жаңы салттын учугу башталды.

Мындан ары президенттикке шайланган атуул бул кызматты бир гана жолу ээлей тургандыгы Башмыйзамда тастыкталды. Демек, А. Ш. Атамбаев 2017-жылы өз ордун демократиялык жол менен шайланган жаңы мамлекет башчылыкка талапкерге өткөрүп бермекчи.

Кыргызстанда көп партиялуу парламенттик башкарууну түптөө үчүн мыйзамдык системаны колдонуп, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө мыйзамдуу жол менен келүүгө талаптанган партиялар жана коалициялар ондоп саналат.

Сот бийлигинин көз карандысыздыгы маселеси гана курч талкуунун жеми болууда, бирок 2010-жылкы ыңкылаптан кийин соттук бийлик бутагында да аздыр-көптүр саамалыктар байкалууда.

Кыргызстанда басма сөз эркиндиги мурдагы доорлордон кыйла илгериледи. Мисалга алсак, КТРКнын Байкоочу кеңеши түзүлүп, аны коомдук сыналгы каналы катары реформалоо аракети улантылып жатат. Ар кыл багыттагы жана спектрдеги массалык маалымат каражаттары, интернет барактар өлкөдө эркин иштеп жатат. Бейөкмөт уюмдардын ишмердиги да мурдагыдан жигердүү болууда.

Арийне, ар түркүн жагдай-себептерге байланыштуу коомдук өнүгүүдө кемчиликтер жок эмес экенин да белгилөө керек. Маселен, жемкордукка бөгөт өтө солгун тосулгандыгы өлкөдөгү реформа аракеттерине кесепетин тийгизүүдө. Тышкы саясатта көп багыттуу дипломатиялык саясатты чыңдай берүү абзел.

Жалпысынан, парламенттик демократияны орнотуу үчүн конституциялык мүмкүнчүлүктөрдүн иштеп жатышы – кыргызстандык атуулдарга 2005-жылдагы ыңкылаптын он жылдыгын жана 2010-жылдагы ыңкылаптын беш жылдыгын салтанаттуу жана жүзү жарык белгилөөгө толук негиз берет десек болот.

XS
SM
MD
LG