Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Куну чечилбеген Кумтөр...


Кумтөр кенинин алтыны
Кумтөр кенинин алтыны

Коалициялык көпчүлүк бул аптада Кумтөрдү кайрадан талкуулай турган болууда. Өкмөт башчынын ишкананы улутташтыруудан да, биргелешкен ишкана түзүүдөн да баш тартып, директорлор кеңешин алмаштыруу аркылуу “Центерранын” 51 пайыз акциясына ээлик кылуу демилгесинин майнабы кандай болот?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышында ушул жана башка суроого жооп издедик. Талкууга - “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу – Кылычбек Шакиров жана экс-юстиция министри – Алмамбет Шыкмаматов катышты.

Өткөн аптада өкмөт башчы Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү да, улутташтыруу да Кыргызстанга пайдалуу эместигин айтып, башка жолду сунуштады. Бул сунуш парламентте, атургай ошол Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан топтун ичинде карама-каршы көз караштарды пайда кылды.

Куну чечилбеген Кумтөр... (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям Oracle Capital Group компаниясын жетектешет экен. Бул компания инвестициялык консалтинг, активдерди башкаруу боюнча кызмат көрсөтөрүн аталган Компаниянын Лондондогу кеңсесинен тастыкташты.

Куну чечилбеген Кумтөр... (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

Бул чет өлкөлүк адистер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жиберишине канчалык ишенсе болот? Алардын 18% акцияны табышы же ошончо өлчөмдө (миноритардык) акционерлерди өз тарабына тартуусу канчалык реалдуу? Кыскасы алардын колунда азыр эмне бар?

Куну чечилбеген Кумтөр... (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:44 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG