Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Эне сүтү акылдуу да, бай да кылат


Дүйнөдөгү 7 миллиардчы балдар тобуна кирген Петр. Калининград, 31-октябрь, 2011-жыл
Дүйнөдөгү 7 миллиардчы балдар тобуна кирген Петр. Калининград, 31-октябрь, 2011-жыл

Жакында эле Бразилиянын окумуштуулары 1982-жылдан бери 6 миң наристеге жүргүзүлгөн ири изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышты.

Анда ошол жылдары төрөлгөн наристелердин ичинен эне сүтү менен чоңойгондор азыр интеллектти жогору болуп, каржылык акыбалы да жакшы экени аныкталган.

Изилдөөгө алынган 6 миң баланын 3,5 миңи эне сүтүн 1-2 жашка чейин эмишкен. Алардан акыл-эси боюнча тест алганда жана материалдык кирешесин санашканда эмчек эмбей, кошумча тамак менен чоңойгон 2,5 миң балага салыштырмалуу мыкты чыккан. Эне сүтү жеке эле балага эмес, энеге да төрөттөн кийинки саламаттыгы үчүн өтө пайдалуу.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Жайлообаева буларга токтолду.

- Эне менен баланын ортосунда эмчек эмизгенде мээрим төгүлүп, өзгөчө байланыш курулат. Ошол баласын урбай, зомбулук көрсөтпөй чоңойтот. Бала да энесине жакын болот. Ошондой эле энелерди кийинки тез эле болуп калуучу кош бойлуулуктан сактайт. Эненин жеке саламаттыгы үчүн да жакшы. Азыр эне сүтүн алмаштырган азыктар базарда жана дүкөндөрдө өтө кымбат. Эмизүү менен үй-бүлөнүн каражатын да бир канча үнөмдсө болот.

Азыр адистер баланы сөзсүз түрдө алты айга чейин эне сүтү менен гана азыктандыруу керектигин тынбай эскертип келишет. Батыш окумуштуулары болсо эмчек эмизүүнү кеминде 2 жашка чейин узартса, баланын акыл-эси менен физиологиялык өнүгүүсү мыкты болорун айтышууда. Ошондой эле эне сүтү 5 жашка толгуча балдардын өмүрүн тооруган ар кыл жугуштуу ичеги-карын ооруларынын да алдын алчу таза азык. Эне сүтүн уйдун же эчкинин сүтү, буламык жана куйрук май сыяктуу азыктарга алмаштыруунун бир канча терс кесепети болушу мүмкүн. Мисалы, бала жыйырмага же отузга чыкканда бөйрөк ооруларына чалдыгып калышы ыктымал экенин эскертет Жайлообаева:

- Куйрук май, буламык, уйдун сүтү жаш баланын бөйрөгү, сиңирүү органдары үчүн өтө оор болот. Ушундай азыктарды берген ата-энелерге айтар элем, өзүңөр ошол тамактарды жеп көрүп, сиңире албай кыйналып жатканыңарды элестетсеңер. Эне сүтүндө ар кандай жугуштуу оорулардан, айрыкча ич өткөктөн коргогон заттар, белоктор көп. Мунун ачылбай жаткан кереметтери дагы толтура. Баланы эки жашка чейин эмизүү менен акыл-эсинин толук кандуу болуусу да шартталат.

Лондондогу падышалык колледждин башкы педиатры-дарыгер Колин Мише эмчек эмген балдар кулак-мурундун инфекциясы, ашыкча салмак сыяктуу оорулардан оолак болорун эскертет. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери эне сүтүнүн химиялык курамы эмизген апанын азыктануусуна көз каранды болбостугун, анда балага керектүү бардык минералдар жана витаминдер камтыларын аныкташкан. Бул үчүн аталган уюмдун адистери жакыр жашаган Африка өлкөлөрүндөгү эненин сүтү менен байгер өлкөдөгү эненин сүтүнүн курамын изилдеп, андагы минералдык заттар жана витаминдер бирдей деген бүтүмгө келишкен.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG