Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

​Бийликти кулатуу – биздин милдет эмес


Бишкектеги Ак үй, 11-апрель, 2010-жыл.
Бишкектеги Ак үй, 11-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрели кыргыз тарыхына “кандуу шаршемби” катары кирип калды. Бакиевдердин режими башынан эле улам бир кишинин башын жутуп (он чакты эл тааныган адам атылып өлтүрүлсө, алардын бешөө парламент мүчөсү болгон), андайды көрбөгөн элдин кыжыры кайнап, чыдамы кетип калган эле. Дагы ондон ашуун саясатчы, журналисттер чет өлкөгө качып чыгып, Батышта “кыргызстандык саясий бозгундар” кадимки көрүнүшкө айланып бараткан. Ага кошумча электр, суунун баасы бир нече эсе көтөрүлүп, телефон акысы кымбаттап, ансыз да каржалган элди ого бетер жарга такагандай акыбалга алып келген.

Мен 2010-жылдын февраль айында журналисттерге тренинг өткөргөнү Бишкекке баргам. Тренингдин алкагында Орусиянын Бишкектеги элчилигине кирип, интервью алып, ал жердегилер Бакиевдердин бийлиги бүтүп калганына жедеп көзү жетип, күн санап калышканына күбө болгом. Демейде оңой менен маалымат бербеген элчиликтин катчысы Виктор Скринник бизге берген интервьюсунда Максим Бакиевдин финансылык жоруктарын айтып, Кыргызстанды эле талап-тонобой, Орусия берген грантты да жеке кызыкчылыгына иштетип жатканын айтып кадимкидей каарын төккөн. Ал маалыматты мен англис тилинде чыккан макалама пайдалангам. Макала “Москва Кыргызстан менен мамилелерине муздак суу бүрктү” деген аталышта жарык көргөн.

http://www.rferl.org/content/Moscow_Chills_Relations_With_Kyrgyzstan/1966393.html
Дипломаттын айткандарын ал кезде Путиндин КМШ өлкөлөрү боюнча кеңешчиси болуп турган Модест Колеров да бизге берген маегинде ырастаган.

http://www.azattyk.org/content/news/1961805.html

Москвалык билермандардын айтымында, Орусия Кыргызстандагы шайлоого жана мамлекеттик бюджеттеги таңсыктыкты азайтууга деп берген 450 миллион АКШ долларын Бакиевдин эрке уулу дароо коммерциялык банк эсебине которуп, үстөк акча туудура баштаган. Айтор, Орусия элчилигиндеги маанай андагы кыргыз президенти Бакиев менен анын жан-жөкөрлөрүнүн үстүн кара булут каптап, майталкан жашоосунан айрылаарына аз калганын айкын көргөзгөн. Бакиевдер апрелге эки ай калганда ошону сезишти бекен? Сезсе керек, антсе да ага-ини, ата-бала арасындагы ички араздашуу, байлык, мансап талаштын айынан акылын жоготуп, элдин камын ойлогонго чамасы калбаган өңдүү.

Бат эле апрель айы башталып, Кыргызстанда элдик толкундоолор күчөдү. 6-7-апрель күндөрү Таласта биздин кесиптештерибиз Замира Кожобаева, Жанарбек Акаев, Бишкекте дээрлик бардык журналисттерибиз ок учкан окуяларды өз көзү менен көрүп, кайнаган эл толкунуна аралашып, баарыбызга ачуу сабак боло турган көз жаш менен канга толгон күндөрдү баштан кечиришти. Өлгөндөр менен жарадар болгондордон башка жүздөгөн, миңдеген кыргызстандыктар катуу стресске кабылып, аң-сезимине бүлүк салынды. Психологдор ошол жылы аларга кайрылып жардам издегендер адаттан тышкары аябай көп болгонун, өлкөдөгү созулуп кеткен саясий туруксуздук жалпы улуттун саламаттыгына доо кетиргенин айтып жатышты.

6-7-апрель күндөрү биз Прагада туруп алып, Кыргызстанда эмне окуялар болуп, кимдер бийликке келгенин чет элдик маалымат каражаттарына айтып берип аттык. Эртеси эмне болоруна ишенип-ишенбесек да (убактылуу өкмөт ал күндөрү маалымат таратуу жагынан аябай аксаганы дагы анализденет деп ойлойм), эл менен кошо илгери үмүткө жетеленип, артка кайтууга жол жок экенин кайталап жаттык. Курман болгондор Ата-Бейитке коюлган күнү бул жакта өзүбүзчө куран окутуп, көзүбүзгө жаш алдык.

Азыр да бизди айрым саясатчылар менен журналисттер “Азаттыкчылар, эмне үчүн азыркы бийликти кулатууга салым кошпойсуңар? Бул силердин түздөн түз милдетиңер” деп сындап, макала-кат жазып жатышат. Кечиресиздер, биздин милдетибиз, миссиябыз – бийликти кулатуу болгон эмес жана болбойт дагы. “Азаттык” радиосу сөз эркиндиги чектелген аймактарда чынчыл, объективдүү маалымат таратуу максатында уюшулган. Бир дагы саясий партия, же башка коомдук уюмдарга кошулбайт жана алардын кызыкчылыгын колдобойт, бейтарап маалымат таратат” деп жазылып турат уставда. Ошол принципти карманып гана ишибизди уланта беребиз.

Төрт жыл мурункудай карапайым эл геосаясий, ички саясий талаш-тартыштын, ашынган ач көздүк менен адамды аябаган бийликтин курмандыгы болушун эч ким каалабаса керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG