Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:51

Блог-Миңсанат

2012: Azattyk.kg он жашта

Быйыл жыл соңунда - декабрда "Азаттык" сайты он жашка толот.

Текст көлөмү - +
Жыл тогошуп жатканда өтүп кеткен жылда жасалган иштерге, ийгилик, кемчиликтерге бир сыйра кайрылып алмайыбыз бар. Узап кеткен 2011-жыл Azattyk.kg сайты үчүн да бир топ жемиштүү болуптур, азыр сереп салсак. Бир канча өзгөрүүлөр, жаңылануулар болду, жаңы долбоорлор кошулуп, мультимедиалык багытыбыз да чыңдалды.

Маселен, окурман менен түз баарлашууга шарт түзгөн “Интернет эрөөлдү” өткөн жылдагы өзгөчө долбоорлордун бири десек болот. Жыл ичинде анда жалпысынан 15 адам конок болуп, окурмандарыбыз менен түз баарлаша алды. Арасында мамлекет жетекчилери, депутаттар, саясатчылар бар, кинорежиссер, муфтий да болду. Коноктордун арасында окурмандарыбызды сыйлап, бардык суроолорго жооп бергени болду, безге сайган ыңгайсыз суроолорго кызаңдап, “өзүңөр эле атайлап ушундай суроолорду уюштуруп атат окшойсуңар” дегени болду. “Мен мындай суроолорду кимдер берип жатканын билем, бирөөлөр эле бир кеңседе отуруп алып жаадырып жатат”, - деп кебелбегендей түр көрсөткөнү да болду. Канткен менен конокторбуздун көпчүлүгү жүз көрүшпөсө да интернет аркылуу бир канча адам менен баарлашканына ыраазы болуп кетип атышты. Жүздөгөн окурмандарыбыз суроолоруна жооп ала алды.

Бул жылдагы өзгөчөлөнгөн дагы бир долбоорубуз “Чет өлкөдөгү журтташтар” деп аталган микросайтыбыз болду. Четте жүргөн мекендештерибиз үчүн ачылган бул баракчада алардын ийгилиги, кайгы-кубанычы, көйгөйлөрү чагылдырылып, өздөрү да тынбай үн кошуп турду. Айрым мекендештердин кайсы бир маселесин чечкенгенге да түрткү болду. Маселен, Түштүк Кореяда бир заводдо иштеген 22 жаштагы кыргыз мигранты Чыңгыз Исраилов иш учурунда станокко бармагын алдырып жиберген экен. Бирок ага компенсация төлөп берүү маселеси чечилбей, “Азаттыкка” чыккандан кийин гана Түштүк Кореядагы кыргыз элчилигинин кийлигишүүсү менен маселе оң жагына чечилди. Колуна бир канча жол операция жасалган соң Чыңгыз мекенине кайтып келип, “Азаттыкка” ыраазычылык билдирип кетти.

Былтыр сайтыбыз аркылуу окурмандарыбыз кайрымдуулук иштерин да жүргүзгөнүн айта кетели. Эки жыл мурда токко урунуп, эки колунан ажырап калган мектеп окуучусу Саматтын тагдыры тууралуу видео материал сайтыбызга чыккан соң, чар тараптагы окурмандарыбыз кол сунуп, кайрымдуулук көрсөтөөрүн билдиришти. Натыйжада Саматка биздин чет өлкөдөгү бир окурманыбыз компьютер сатып берсе, дагы бирлери акча чогултуп, жер тилкесин алып беришти. Анын апасы мындай колдоо Саматтын турмушун аябай өзгөртүп, жаңы дем бергенин кийинчерээк бизге айтканы бар.

Дагы бир жаңылык – орус тилиндеги баракчабыз өзүнчө сайтка айланып, кыргызча сайтыбыз менен тең тайлаша чыга баштады. Азыр эми окурмандары да күн санап көбөйүп баратат. Эгемендиктин 20 жылдыгын утурлай кыргыз-орус тилдеринде сынак да уюштуруп, жыл соңунда жеңүүчүлөрүбүздү сыйлап алганга жетиштик.

Буюрса эми жаңырган 2012-жылда да сайтыбызда бир топ өзгөрүүлөр болот. Албетте мультимедиалык багытыбызды чыңдап, былтыр баштаган түз видео берүүлөрдү дагы да көбөйтөбүз. Мындан сырткары да бир топ жаңы долбоорлорду жасасак деп турабыз. Эми аны азыр сыр кылып туралы.

Айтса, быйыл сайтыбыз үчүн мааракелүү жыл экен, декабрда “Азаттык” сайты иштей баштаганына он жыл толот. (2002-жылы декабрдан тарта иштей баштаган.)

Бул он жыл аралыгында сайтыбыз кандай өзгөргөнүн ошондон бери бизге көз салып жүргөн окурмандарыбыз жакшы билсе керек. Азыркы көз менен караганда баштапкы сайтыбыз өтө эле жупуну, жөнөкөй эле. Мультимедиа дегенден дайын жок, азыркыдай аудио, видео, саунд слайд эмес, бир сүрөттү араң койчубуз. Ошентип улам бир жаңылык киргизип отуруп азыркы деңгээлге жетти. Эми алдыда да далай өзгөрүүлөр болор...


​​
Урматтуу окурман, сиз да ошол өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп, биздин сайт менен дайыма бирге болуңуз. Azattyk.kg дайыма сиздин кызматыңызда. Бизге ой-сунуш, пикириңизди жазып туруңуз.


Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жыл жалаң жакшылыктарды, жаңы ийгиликтерди алып келсин, бакубат, бардам болуңуздар!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.01.2012 23:44
Оу, коз ачып жумганча эле он жыл болуп кеттиби. Куттуктайм, ийгилик коп болсун. Сайтынар акыркы жылдарда негизи аябай жанданды. Бар болгула!

кимден: Асан каяктан: Бишкек
05.01.2012 23:40
"Азаттык" сайты азаматсынар! Менин кунум силер менен башталып, силер менен бутот. Жаны жылда дагы арбын ийгилик каалайм.

кимден: AyperiS каяктан: Bishkek
05.01.2012 19:34
Он жылдык маарекеңиздер менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Калемиңиздер курчуп, ар дайым маалымат чордонунда"Азаттыктын" шамын жагып, жаңы ийгиликтерди жарата бериңиздер.

кимден: КУТТУКТАЙМ!
05.01.2012 03:01
Өз атымдан кутуктайм! Чоң, чоң ийгиликтерге жеттинер, дагы мин жыл жетесинер! Билинбей туруп сиздерге он жыл болуптур. Молодцы. Акыркы жылдары силердин сайтынар азаттык жолунда жазып калышты.
Бирок, бир гана суранаарым, Модераторлор сөздүн терендигин анализдеп туруп коментарийлерди банга кетирсе болот эле! Дайны жок эле забанить этпей. Кээде да бир тарапты колдоп каласынар. Мен ойлойм, Азаттыкта биз азаттык сөздү гана издейбиз жана жазабыз деп!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)