Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:56

Коопсуздук

Маасейитов: Баткенге калыстык керек

Баткендеги соңку кырдаал тууралуу "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун өкүлү Базарбай Маасейитов кеп салат.

Баткен шаарындагы митинг, 2012-жылдын 27-январы.
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Соңку учурларда Баткенде бир топ окуя катталды. Андарак, Айдаркендеги окуяларга сиздер дагы байкоо салган экенсиздер. Кырдаал азыр кандай болуп турат?

Базарбай Маасейитов: Бүгүнкү күндө кырдаал салыштырмалуу тынч. Бирок Андаракка байланыштуу эл арасында дагы деле нааразылык бар. 10-февралда Баткенде чоң курултай болуп, ошондо Андарак, мурдагы губернатор Арзыбек Буркановдун маселеси да каралат деп айтылып жатат. Эл арасында Буркановду бийлик аны саясий чечим менен кызматтан чететти деген пикирлер бар. Жакын арада дагы бир өзгөрүү, окуя болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

“Азаттык”: Баткендеги кырдаалды эки комиссия иликтеп жаткан экен. Буга чейин иштеген депутаттык комиссиянын тыянагына жергиликтүү эл бир тараптуу чыгып калды деп нааразы болушкан эле. Негизинен комиссия эмнеге көңүл бурушу керек?

Маасейитов: Негизинен мурдагы мекемелер аралык комиссиянын тыянагы бир тараптуу чыгып калды. Андарак маселеси боюнча бир гана Арзыбек Буркановдун күнөөсүн аныктап, ал кызматтан алынган. Эл ошого нааразы. Жергиликтүү тургундар “эмнеге жалгыз Бурканов кетет, ал жерде иштеген башка күч түзүмдөрү, Лейлек районунун акими жумуштан неге кетпейт?” деген сөз бар. Азыр эми өкмөттүк комиссия чыр-чатактын келип чыгышын так аныктап, ошого жараша күнөөлүүлөрдү жумуштан четтетиши керек.

“Азаттык”: Азыр губернатор эмес, мектеп директорун алса деле митингге чыкмай адатка айланды. Губернаторлук орунга күч түзүмүндө иштеген адамды алып барганы деле жөн жеринен болбосо керек?

Маасейитов: Азыр ишке киришкен губернатор Жеңиш Раззаков буга чейин Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. Баткен Өзбекстан, Тажикстанга чектеш жайгашкандыктан, эл күч түзүмүнөн коюлган губернатор алгылыктуу иштерди жүргүзөт деп үмүт кылып турат. 1-февралда кандайдыр бир криминалдык топтор арасында жаңжал чыгып кетип, аны басууга азыркы губернотордун үлүшү бар деп айтышууда. Экинчи тарабынан алганда, Булак-Башы айылынын эли ошол окуяда “күнөөсү жок балдарды токмоктоп, уруп кетишкен” деп милициянын ишине нааразы болууда. Бул күч түзүмдөрүнө эл толук ишенбей турганын көрсөтөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Адилет каяктан: Бишкек
13.02.2012 20:03
Мен өзүм Баткенден болом. Бурканов өзүнө эле эмес, бүт баткендиктердин бетине көө сүйкөп жатат. Ал Баткен шаарынын мэри Эрматов менен бирдикте криминалдык чөйрөгө акча берип элди көчөгө чыгарып жатканын ким билбейт? Бурканов алгач Айдар Акаев менен дос боло коюп, "Алга Кыргызстанда" жүрдү. Акаев качып кетсе Максим менен достошо коюп "Ак жолго" кирди. Бакиев качып, "Ата-Журт" күчтүү чыгып жатты эле, Ташиевдин колтугуна кире калып, "Ата-Журттун" шыбагасына тийген Баткенге губернатор боло калды. Атамбаевдин жеңе тургандыгын биле калып, ага жардам берем деп элдин кыжырын келтирип алды, антпесе Атамбаев наоборот көбүрөөк добуш алмак. Шайлоо учурларында рекеттерди пайдаланып үйрөнүп калган. Мындай адам эч кимге жакшылык кылбайт. Аны жанагы чет элден акча алчу уюм жактаганы, анын прогнозу туура эмес. Башка сасатчылар таза болушсун, аларга сабак болсун деп айтып жатам.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине