Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Кызматкерин атты деген жетекчи иштен четтетилди


Окуя ушул иш бөлмөсүндө болгон.
Окуя ушул иш бөлмөсүндө болгон.

Базар-Коргон райондук мамкаттоо башкармалыгындагы ок атуу боюнча кылмыш иши козголду.

13-ноябрда аталган мекеменин жетекчиси кол алдында иштеген бөлүм башчысын травматикалык тапанча менен төрт жолу аткан.

Октон жабыркаган кызматкер, 51 жаштагы Таалай Исаев Базар-Коргон аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Абалы орто. Райондук оорукананын башкы дарыгери Замирбек Мырзабеков бейтаптын мээси чайкалып, сол кулагына залал келгенин билдирди:

-13-ноябрь күнү саат 14-00дөр чамасында келип түштү. Эки октон баштын териси айрылган. Бир ок кулагын, дагы бир ок оң колунун аты жогун тешип кеткен. Дароо эле баштын терисин тигип, алгачкы жардамды көрсөттүк. Бүгүнкү күндө оорулуунун абалы жакшы, өзү басып жүрөт.

Исаевдин өзүнө жолукканыбызда, аны райондук мамкаттоо башкармалыгынын жетекчиси иш бөлмөсүнө чакырып алып, өзү кол койгон документти тааныбай аягында травматикалык курал менен төрт жолу атканын айтты. Чатакка 21-ноябрда карала турган сот ишинин документи себеп болгон. Исаев окуя тууралуу маек берүүнү каалаган жок жана үнүн жаздырып алууга макул болбоду.

Кылмышка шектелип жаткан Эмил Тарыхчиев райондук мамкаттоо кызматын 1999-жылдан тарта жетектейт. Ал окуяны кокустук катары баалап, кызматкери менен чатакташпаганын айтууда:

- Ал менин иш бөлмөмө келген. Тартмада турган тапанчаны кармалап жаткан болчу. Аны мен байкабай калыпмын. Анан эле өзүн өзү атып алды, бул кокустук окуя болду деп билем. Ооруканага барып абалынан кабар алып жатам. Ал кызматкер менин күйөө балам болот, жаман оюм жок болчу.

Жогорудагы окуя боюнча Базар-Коргон райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелерине ылайык, иш козгоду. Ишти райондук прокуратура териштирип, үч күндөн кийин райондук милицияга өткөрүп берген. Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Канатбек Аскарбековдун айтымында, курал Тарыхчиевге мыйзамдуу берилген:

- Эмил Тарыхчиев райондук ички иштер бөлүмүнө келип, көрсөтмө берип жатат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери же “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Аны камакка алуу маселеси соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жок болгондуктан аткарылган жок. Бул ишти алгач прокуратура карап, анан бизге өткөрүп берди.

Район акими Таалайбек Долдоев болсо жетекчи менен кызматкер ортосунда пикир келишпестик болгон деген ойдо:

- Жетекчинин айткан тапшырмасын аткарбагандар, ошондой эле туура эмес аткаргандар болот. Өзү талашмайынча чындык чыкпайт. Ошондой талаш болду деп эсептейм, ,бирок мынчалык деңгээлге жетпеши керек эле. Жетекчи кол астында иштегендерге мыйзам чегинде гана чара көрүшү керек. Бирок ал сакталган жок. Ар ким өз жазасын алышы керек.

Макала даярдалып жатканда Эмилбек Тарыхчиев атайын комиссиянын бүтүмү чыккыча кызматынан убактылуу четтетилгендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов бышыктады.

- Эмилбек Тарыхчиев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. Сарпашевдин башка буйругу менен кызматтык иликтөө комиссиясы түзүлүп, Жалал-Абадга жөнөп кетти. Алардын корутундусунун негизинде жетекчиге маалымат берилип, анын негизинде Тарывчиевге карата акыркы чара колдонулат.

Акыркы жылдары коомчулукта Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендердин ар кандай мыйзамга жат иштери айтылып келген.

XS
SM
MD
LG