Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Атайын иликтөө: чоң жеген “чоңдор”


“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү бул жолу Кыргызстандагы саясий жана экономикалык коррупциянын абалын иликтөөгө алды.

Кыргызстанда коррупция боюнча 2014-жылы алгач ирет масштабдуу изилдөө жүргүзүлгөн. Аны Дүйнөлүк банк каржылап, CAIC аттуу консалтинг компаниясы ишке ашырган. Жемкорлук боюнча сурамжылоого 4 миңге жакын мамлекеттик кызматкер, ишкер жана карапайым жарандар катышкан. “Кыргызстандагы коррупция: масштабы, себептери жана аны азайтуу мүмкүнчүлүктөрү” деп аталган изилдөөнүн жыйынтыктары кызыктуу фактыларды ортого чыгарган.

2015-жылдын алты айында жемкорлук фактысы боюнча 99 кылмыш иши - алтоо прокуратура, үчөө УКМК, 68и ИИМ, жетиси Экономикалык кылмыштарга каршы кызматына, 13ү бажы, экөө жазаларды аткаруу жана дагы экөө Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерине козголгон.

Эл аралык Transparency International уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыр 136-орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган.

Коррупцияга көз караш индекси боюнча өлкө 2011-жылы 164, 2013-жылы 150-орунда турган. Бирок бул көрсөткүчтөр коррупция азайды дегенди билдирбейт.

Чоң жеген “чоңдор” (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

Өзү коррупцияга каршы күрөшчү органда отуруп алып, ишкерлерден ири суммада пара талап кылган учурлар аз эмес. Алыс барбайлы ушул жылдын 19-мартында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге карата опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынганы жалпыга маалым. Арпачиев 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеди деп шектелип жаткан Карганбек Самаковдун уулунан аталган ишти алардын пайдасына чечүү максатында 200 миң доллар пара талап кылганы тергөөдө аныкталган. Самаковдор алдын ала УКМКга кайрылып, Арпачиев паранын 100 миң долларын алып жатканда колго түшкөн.

Арпачиев эң ири пара алды деп кылмыш иши козголгондордун көч башы болуп калды. 100 миң доллар башкы көзөмөл органында жең ичинен бүткөрүлчү иштердин “ставкасын” аныктады дейт эксперттер.

Анткен менен убагында жемкорлукка каршы күрөштүн символуна айланган мурдагы баш прокурор Аида Салянова Арпачиевге козголгон кылмыш ишин өзүнө карата каралоонун уландысы катары көрөт. Анткени ал Кылычбек Арпачиев кезегинде анын оң колу, ишенген адамы болгонун танбайт.

Чоң жеген “чоңдор” (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:00 0:00

Мындан көп өтпөй дагы бир 100 миң доллар паранын башы Ак үйдүн 7-кабатынан кылтыйды. Атап айтканда, парламент депутаты Хаджимурат Коркмазов жемкорлукка айыпталып түрмөдө отурган Нариман Түлеевдин кызынан талап кылынган 200 миң жашыл акчанын 100 миңин алып жатканда кылтакка илинди. Тергөөнүн маалыматында Коркмазов ортомчулук кылып аталган параны президент аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге берип, Түлеевдин ишин Жогорку Сотто бир жаңсыл кылмак.

Ошентип Алмазбек Атамбаевдин оң колу катары өлкөдөгү сот реформасына баш-көз болуп келаткан Нарымбаев да жемкорлукка шектелип камакка алынды. Бул окуяларга коомчулук эмдигиче аң-таң. Бири коррупцияга каршы күрөш күчөдү десе, экинчиси хан сарайда саясий оюндар кызыды деп боолгоп келет.

Аида Салянова башкы көзөмөл органын жетектеп турганда ар бир онунчу депутатка кылмыш иши ачылган. Жемкорлордун орду Жогорку Кеңеште эмес, түрмөдө болушу керек деп аны мамлекет башчысы да кубаттап турган. Кийин эле Салянова эмгек өргүүсүнө кеткен бойдон кызматына кайтып келген эмес.

Адистердин баамында негизги жемкорлук ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлер ортосунда жүрөт. Ишкерлер иш жүргүзүү үчүн расмийлердин уруксат кагаздарына муктаж. Чиновниктер болсо "кур аякка бата жүрбөйт" деген макалды жакшы көрүшөбү айтор, энчисин алмайын ишкерлерди тушаганы тушаган. Мамкызматкерлерге 3,5 миңге жакын ар кандай бюрократиялык мыйзамдар кол кабыш кылып келет. Айрым эсептөөлөрдо ишкер тапканынын 10дон 30 пайызга чейинкисин “крышаларына” беришет.

22-сентябрда өкмөт алдында түзүлгөн коррупцияга каршы кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда өкмөт башчы Темир Сариев 18 мамлекеттик мекемеде коррупциялык схеманы бузуу боюнча иштер жасалып жатканын айтты. Өкмөттүн демилгеси менен жемкорлукка байланыштуу атын булгап алган кызматкерлердин “кара тизмеси” түзүлүүдө. Учурда кара тизмеге илингендердин саны 174кө жеткен.

Бул тизмеге миллиондорду кымырган чоңдор эмес, ортозаар чиновниктердин илинип жатканына нааразылар да жок эмес. Алардын айтымында алкымы бузуктарды "кара тизме" токтото албайт.

Чоң жеген “чоңдор” (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00

Баса ушул жерден кызык жагдайды кыстара кетели. 22-сентябрдагы өкмөт жыйынында коррупцияга каршы кеңештин мүчөсү, Акыйкат кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаев да баяндама жасамак. Мергенбаевдин жактоочуларынын айтуусунда, аны милиция ошол күнү кармап кетип, кылмыш ишин козгойт. ИИМ муну жөн гана дал келүүчүлүк деп ишендирип жатат.

Эсиңерге салып коелу, Эркинбек Мергенбаев былтыр сентябрда өткөн “Көчмөндөр оюнуна” карата Чолпон-Атадагы ат майданды кайра курган “Темир канат” ишканасынын жетекчиси. Ага алгач ипподромдун курулушуна бөлүнгөн 72 миллиондун 11 млн. сомун кымырып алды деп Башкы прокуратура иш козгогон. Таң калычтуусу эми болсо Ички иштер министрлиги ага ат майданга отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген, салыктан качкан деген башка берене менен иш козгоп, эки айга камады.

Мергенбаев өзү жана жакындары жемкорлукка тескерисинче “Көчмөндөр оюнун” өткөрүү боюнча комиссия башында турган президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду айыптап келет.

Сапар Исаков болсо өзүнүн актыгын далилдөө максатында Башкы прокуратурага кайрылганын, алар кине таппаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG