Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Жемкорлукка шектелген министр иштен алынды


Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

Президент Алмазбек Атамбаев коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кызматтан алды. Буга ага карата жемкорлукка байланышкан кылмыш иши себеп болду.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Аскер прокуратурасы менен бирге Абибилла Кудайбердиевге, анын орун басарына, министрликтин каржы башкармасына жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчисине кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, министр баштаган кызмат адамдары 12 млн. сомду кымырып алган деп шектелип жатат.

- Коргоо министрлигинин атайын эсебинен 12 млн. сом эки жыл мөөнөткө мыйзамсыз берилип кеткен. Бул каражаттар министрликтин расмий документтерине киргизилген эмес. Натыйжада бул каражаттар “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жана министрликтин айрым кызматкерлеринин "сол чөнтөгүнө" кеткен.

Сулайманов кошумчалагандай, 12 млн. сом “Ояма”, “Айти-Булак” жана "ЖКХ коммунальщик сервис” жеке ишканаларынын банктык эсептерине которулган. Ошол эле учурда бул ишканалар “Аскер курулушка” 58 млн. сомдон ашык карыз болгон. Дагы бир кызык жагдай - тергөөнүн жүрүшүндө аты аталган фирма жетекчилери кайра эле “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасында айдоочу, сантехник болуп иштери аныкталган.

Президент Алмазбек Атамбаев Кудайбердиевге иш козголору менен аны иштен алып, ордуна Замир Сүйөркуловду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Ушул жылдын сентябрында “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси УКМК кызматкерине 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен колго түшүп, кылмыш иш козголгон. Андан көп өтпөй ага аскер жайларындагы кампаларды кайра ремонттон өткөрүү иштерине жана башка курулуш объекттери үчүн бөлүнгөн акчадан кымырып, мамлекетке миллион сомдон ашуун зыян келтирди деп дагы бир иш ачылган.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Кудайбердиевге козголгон кылмыш иши аны кызматтан кетирүү үчүн жөн гана шылтоо деп эсептейт. Айтымында, 2010-жылдан бери көзөмөл күчөп, андай ири каражаттын оңду-солду жумшалышына жол берилбей калган.

- УКМК Коргоо министрлигинин курулушту башкарган жетекчиден "пара бер, болбосо иш козгойбуз" деп коркутушкан. Тиги аларга ишенип акча бермек болгон. Коррупцияга каршы кызматкерлердин мына ушул былыгы билинип каларда кайра тигини пара берди деп камап коюшту. Азыр эми ошол иштеринин артын жабуу үчүн баарына жасалма иш козгоп, арам акчаны адалдап жатышат. Кудайбердиевди иштен алуу үчүн бийлик ушундай жолго барды.

Бул факты боюнча Коргоо министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты.

Жемкорлукка шектелгендердин бири, министрдин орун басары полковник Нуркалык Жумабаевге 16-сентябрда башка бир кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал ишке тиешеси жок учурда эле бутун кокустатып алганы үчүн жасалма документтин негизинде дарыланууга министрликтен акча бөлдүртүп алган.

Генерал-майор Абибилла Кудайбердиев коргоо министри болуп 2014-жылдын 4-апрелинен бери иштеп келген.

XS
SM
MD
LG