Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Төрөттөн ажал тапкандар арбыды


Төрөттөн каза тапкан аялдардын 40 пайызга жакыны медициналык каттоодо турган эмес.
Төрөттөн каза тапкан аялдардын 40 пайызга жакыны медициналык каттоодо турган эмес.

Өткөн жылы төрөттөн 61 аял каза тапса, быйылкы жылдын он айында эле 95 эне көз жумган.

Мындай маалымат энелердин өлүмүн талдаган изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды. Бишкектеги эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаевдин айтымында, төрөттөн ажал тапкан аялдардын 40 пайызга жакыны медициналык каттоодо турган эмес.

- 2013-жылы 61, быйылкы жылы 95 эне каза болду. Бул өтө чоң көрсөткүч. Өлүмдөргө медициналык жана медициналык эмес жагдайлар себеп болууда. Каза болгон аялдардын 40 пайызы медициналык каттоого турбагандыктан кош бойлуу учурунда догдурлардан жардам алышкан эмес. Ошол эле учурда 33,7 пайызы медициналык жардамга өтө кеч кайрылган. Бул учурда аларды аман алып калуу мүмкүн болгон эмес.

Төрөттөн көз жумган энелердин санынын өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга өсүшүн адистер ар кандай себептер менен байланыштырууда. Алар башкы күнөөнү кош бойлуу энелердин кайдыгерлигине койсо, акушер-гинекологдордун шалаакылыгына нааразы болгондор да аз эмес.

БУУнун Кыргызстандагы калк фондунун аткаруучу директору Медер Өмүрзаков өлүмдөрдүн медициналык себептери катары буларды атады:

- Эң негизги медициналык себеп - кансыроо. Айрым учурларда биздин врачтар кош бойлуу аялдарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтө албай калышат. Анткени алардын билим деңгээли жана тажрыйбасы жетишпейт. Бирок баарына дарыгерлер күнөөлүү деген да туура эмес. Ошентсе да дарыгерлер клиникалык протоколдорду өз убагында ишке ашырышы керек.

2010-жылдан бери энелердин өлүмүн изилдеген иликтөө жыйынтыгына таянсак, каза болгон аялдардын 24,2% өтө жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган. Алардын кош бойлуу кезинде курсактары тойбой, керектүү витаминдерден куру калышкан.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Элвира Сариева бул көйгөйдү чечүү жолдорун айтты:

- Биринчи кезекте медициналык окуу жайлардагы акушер-гинекологдорду даярдоонун деңгээлин көтөрүш керек. Бул боюнча Билим берүү министрлиги менен бирге аракеттерди жасайбыз. Экинчиден, жакырчылыкты кыскартышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик менен бул маселени чечпесек, өлүмдөргө жакыр жашоонун да салымы чоң.

Адистердин баамында, энелерди өлүмгө дуушар кылган жагдайлардын бири миграция. Тагыраак айтканда, төрөттөн өлгөндөрдүн 12,6 пайызы ички жана тышкы эмгек көчмөндүгүнөн улам медициналык жардамдан куру калган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта энелердин өлүмү өскөнү менен ымыркайлардын өлүмү кыскарган. Орто эсеп менен алганда жыл сайын үч миңге жакын ымыркай бир жашка жетпей көз жумат. Мурдагы жылкы ымыркай өлүмдөрү бул көрсөткүчтөн алда канча көп болгон.

XS
SM
MD
LG