Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

"Путин паб" орус элчисин чычалатты


Бишкектеги "Путин паб" кабагынын энбелгиси.
Бишкектеги "Путин паб" кабагынын энбелгиси.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Бишкекте ачылган “Путин паб” кабагы атын өзгөртпөсө, аталган жайды жаптырууга аракет кыларын билдирди.

Орус элчиси Андрей Крутько маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып башкалаада жаңы ачылган PUTIN кабагынын аталышына капа экенин билдирди. Ал аталган жай ишин уланткысы келсе атын өзгөртсүн, болбосо шаар бийлигине айтып жаптырарын билдирди:

- Мен мэр менен сүйлөшүп, аталган жазууну алдыртам. Бардын өзүн жаптыра албасак да аталышын өзгөрттүрөбүз. Бул эмне дегени? Мейли, "Обама" деген барда гриль бышыра беришсин. Бирок Владимир Владимировичтин атын сыраканага койгону туура эмес. Мен муну менен аягына чейин күрөшөм. Аталыш мыйзамга каршы келет.

Крутько чычалап жаткан сыракананын ачылганына алты гана күн болгон. Ал Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан. Аталган кабакка PUTIN деген ат берилип, Орусия президентинин бейнесине окшогон кара-ак түстөгү сүрөт энбелги катары колдонулган.

“Путин аталышы орус президенти дегенди гана билдирбейт”

Деген менен аты талашка түшкөн жайдын арт-директору Артем Колосов аталган ысымдын Орусия президентине эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Анын ишендиришинче, "Путин" деген аталыш да, кабактагы сүрөт да Владимир Владимировичтики дегенди түшүндүрбөйт.

- Путин деген орус президентине гана энчиленген ат эмес да. Эгер биз кабакты Владимир Путин деп атап алсак, анда талашса болот. Биз болгону Путин деген фамилияны гана колдондук. Бул орус президентинин аркасы менен Орусияда өтө кеңири жайылган фамилия. Ал эми барга Путиндин сүрөтү коюлган эмес, ал жердеги көрүнүш графикалык дизайн. Анын үстүнө дизайндагы кишинин башы таз болуп тартылган. Орус президенти андай эмес да.

Аталган бардын ичиндеги көрүнүш.
Аталган бардын ичиндеги көрүнүш.

Колосов талаш ырбап кетпеши үчүн кабактын энбелгиси өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Мындан мурдараак Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен Бишкек мэриясы аталган кабактын жарнамаларын шаар көчөлөрүнөн алдырып салган. Алар буга орус президентинин фамилиясы сүрөтү менен кошо жарнамага уруксатсыз коюлганын жүйө келтиришкен.

"Обама" барында Обаманын сүрөтү жокпу?

Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин башчысы Элира Турдубаева мыйзам боюнча бирөөнүн атын кандайдыр бир мекемеге ыйгаруудан мурда ал кишиден кагаз жүзүндө уруксат алуу керектигин белгиледи:

- Бул жерде Путиндин фамилиясы гана эмес, сүрөтү да коюлган. Путин Орусиянын президенти экенин элдин баары билет. Бул ысымды колдонуудан мурда андан уруксат сураш керек болчу. Ооба, "Обама" деген бар деле иштеп жатат. Бирок алардын аталышында Барак Обаманын сүрөтү кошо коюлган эмес да.

Бир гана Бишкекте эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн шаарларында ар кайсы өлкө башчыларынын атын алып жүргөн кафе-ресторандар, сыраканалар бар. Маселен, ошол эле "Путин" кабагы Иерусалимде, Кытайдагы Хейке жана башка шаарларда кездешет. Атүгүл “Путин”, “Путинка” деген арак аттары да бар экени көпчүлүккө белгилүү. Жогоруда орус элчиси айтып өткөн АКШ президентинин атын алып жүргөн барда Барак Обаманын сүрөтү тамак менюларына чейин тартылган. Бирок ушу күнгө чейин АКШ элчиси же Бишкек мэриясы мыйзамга каршы келет деп үн каткан эмес.

XS
SM
MD
LG