Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Ырчы Бек Борбиевдин депутатка берген жообу


Бек Борбиев
Бек Борбиев

Ырчы Бек Борбиев депутат Мээрбек Мискенбаевге жооп жазып, Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Урматтуу Фейсбуктагы достор, санаалаштар! Бул постту жазуумдун себеби кечээги "бир" депутаттын (атын билбейм, эсиме тутпайм аттарын) менин жана сахналаштарымдын дарегине карата айтылган "эленбеген" сөзү болду.

Эленбеген деп кыргызча которуп алдым, мындайча айтканда, «нефильтрованный базар» дечү беле...

Менин наамым көп адамдардын уйкусун бузуп жүрөт, аны билем. Былтыр эле айткам, керек болсо өкмөттөн буйрук чыгартып, ажого кол койдуруп алып салгыла. Менин жашоомо материалдык жактан ал наамдын эч кандай пайдасы жок. Ал эми руханий жактан Эл артистине жетели деп аракет кылар стимул бар эле, андан үмүт үзгөнүмө көп болду...

Бакиевдин тоюна барып ырдап келгеним, кайталайм, ал менин жеке жумушум. Эгер ал адам биздин бийликке душман, кылмышкер болсо кармап, жоопко тарткыла! Эмне мен барган жерге силер бара албайсыңарбы!? Ооба, акча төлөп беришти, бекер барып ырдагандай алар мага эч ким эмес. Бийликте турганда мени көтөрмөлөп чоң кызматтарга койгон эмес, кээ бирөөлөргө окшотуп мени Ак үйдө иштеткен эмес.

Акаевдин убагында иштеген деңгээлден Бакиевдин убагында бир тепкич да өйдө көтөрүлгөн жокмун. Тескерисинче, Бакиевдин убагында чалчаңдап жүргөндөр азыр ого бетер эркелеп, Ак үйдө отуруп алып мени Минскиге барып келиптир дегенине күйөсүң.

Биз өнөр адамдары көп «кылмышкерлердин» алдында ырдайбыз. Түрмөнү айтпай эле коеюн, 25-30 жылдан бери Кыргызстанды талкалап, соруп, алдап элдин акчасын жеп, бирок жоопкерчиликтен качып, ак көйнөк кийип, галстук тагынып керек болсо депутат, министр болуп отуруп алгандардын да алдында, тилекке каршы, ырдайбыз. Кайсы бийлик болсо да колтугуна кирип тоодой бизнес, базар, алтын кендерин жулуп алып, кенедей элдин канын соргон кылмышкерлердин да тойлорунда кызмат кылып жүрөбүз...

Биздин өлкөнү парламент башкарууда, ошол жерде отуруп алып бирөөгө жагынайын деп тантырагандын ордуна, элге кызмат кылбайсыңбы. Четинен кыргыздын жери коңшуларга өтүп кетип жатат, ГЭСтердин тагдыры, кыргыз тилинин кейпи, сомубуз арзандап баратат, чет өлкөлөргө жумуш издеп күндө жарандарыбыз суудай агылат.

Жумушсуздук, сойкулук, баңгичилик, наркотрафик, уурулук, коррупция, паракорчулук күндөн-күнгө күчөп баратканы калппы? Же парламент алар менен күрөшүп, иш алып барып бүттү беле?

Тарыхты карасак, өнөр адамдары чындыкты айтып, бийликтин кемчилигин көзүнө көрсөтүп келген. Керек болсо парламент дагы мени "муну ырда, куудулдарга тигини айт" деп айттыра албайт. Бизде демократия, сөз эркиндиги бар.

Бир гана кейиткен окуя, 2010-жылы апрелде каза болгондор. Аллах жаннаттан жай берсин. Жүз адамдын каны төгүлдү эле, азыркыларды бийликке алып келүү үчүн. Эмне өзгөрүлдү, эмне жагынан өсүп атабыз, көп убадалар болду эле... Ошол балдар жанын берген үмүттөр аткарылдыбы, аткарылар бекен?

Мына ушул айтар сөзүм. Мени чыккынчы деп айтардан мурда, өзүңүз ошол жерде отуруп алып, туура эмес мыйзамдарга, токтомдорго жогортон айтылды деп добушуңузду берип, туура эмес министр, адашкан талапкерлерди колдоп, кызматтарга коюп, кыргыз элине чыккынчылык кылган жоксузбу? Албетте, эл көрүп-билип эле калды... Бийлик кошоматчылары кетет, ал эми өнөр адамдары, биз эл менен калабыз.

Жараткан бийликке да, ага каршыларга да ыйман берсин. Кайсыл партия, кайсыл өнөр тармагы, кандай жумушта иштесек да жүрөгүбүз – Кыргызстан деп согот. Мына ошол бириккен жерибиз. Бар болуңуздар, рахмат!.

Бек Борбиев, ырчы

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

XS
SM
MD
LG