Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:01

Блог-Миңсанат

Жылаңач баатыр

x
Текст көлөмү - +
"Бишкекте кызык адамдар бар экен" деп коюп унчукпай калды. Билем, бул анын "ии, анан" деп коштоп кетүүмдү күткөндөгүсү. Ошенттим, ал болсо андан ары түшүн айтып берип жаткансып шыр кетти:

"Автобустабыз. Автобус токтоп турат. Шоопур өжөрдөнүп "толбосо айдабайм" деп кебелбейт. А тигиндейрээкте жалгыз жигит турат. Биз отурган автобуска түшчү ою жок. Чыдамы кеткен бирөө ал жигитке "сен кайда барасың, кел, отурбайсыңбы, тезирээк үйгө жетип алалы", деп суранды эле ал макул болуп отуруп алды... Кызык бекен?"

Бара турган жерине алпарбай турган автобуска жөн гана "элдер үйлөрүнө жетип алсын" деп отуруп алган жигиттин окуясы кызык болчу. Ошентсе да,

"Башка жакка бара турган бирөө кантип эле силердин автобуска отуруп алды?!", - дедим ишенбей.

"Кеч кирип бараткан болчу, ошончо адам үйүнө эртерээк жетип алсын деп боору ооругандан эле отуруп алды, чынында ал башка жакка бармак", - деп андан бетер кооздоп салды.

"Балким автобус анын үйүнөн көп деле алыска бармак эместир, мисалы, 200 метр жөө баскысы келбегендир. Өзүң айтпадыңбы, кеч кирип бараткан болсо башка унаа жок калып көчөдө калбайын деп ойлогондур. Балким автобуска эмес, маршруткага түшкүсү келгендир. Элдер үйүнө кеч калбасын деп боор ооруп, таптакыр башка жакка бара турган автобуска отуруп албайт эч ким!"

"Ал башка жакка бармак", - деп ансайын көшөрдү. "Мен аны баргыча байкап бардым. Бир жерден түшүп калды да жолдун ар жагына өтүп тескери тарапка кетчү маршруткалардын бирөөсүнө отуруп кетти".

"Апенди чалыш неме го анда?!"

"Менимче туура кылды. Адамдарга пайдасы тийди да..."

Маектешим көп жылдык досум болгондуктан анын мындай өзгөчө ой жүгүртүүсүнө көнүкмүн. Бул жолу да "адамдарга пайдасы тийди, демек туура кылды" деген теориясына таң калган деле жокмун. Болгону, "эртеден кечке канча деген автобустар толбой жүрөт, анысын кесип кылып алсын анда, улам бирөөсүнө түшүп", деп тамашага салдым да, тамашамдын супсак экенин сезе унчукпай калдым. Кеп ошону менен бүттү.

Анкаранын үңкүйүшкөн имараттары сур тартып сүрдүү болгон менен суз. Ал имараттарда ар дайым наалыма, ар дайым жашоосуна нааразы Анкаранын бюрократ эли жашайт, иштейт. Алар көчөдө, метродо, автобуста дайыма кабактары салыңкы, бири-бирине мамилелери сылык, бирок муздак... Шаар өзү муздак. Мупмуздак. Ошол муздак шаардын муздак кыял адамдарынын арасында мен да эл катары муздак болгонду үйрөнүп алдым. Кайда жүрбөйүн теребелге көңүлкош таризде, тек гана ойго батам, алаксымакка. А алып учкан ойлордун бир жеринде сөзсүз кылт этип алиги окуя түшөт оюма. "Ошондой кантип болсун" деп ишене албай туруп "а балким жаңылыш көрүп, же каңырыш угуп алгандыр" деп коём. Минтип өзүмдү сооротконум менен кайра эле эске түшөт бир башка күнү.

Бара-бара, акырындык менен чын эле "эл үйүнө жетип алсын" деген болсочу деп ойлой баштадым. Мен эч качан антип элди ойломок деле эмесмин, бирок арабызда ичкен ашын коё туруп элди ойлогондор бар экенин билүү жагымдуу болчу, алардын кимдер экенин билбесем, көрбөсөм да...

Канча өттү билбейм, оо кыйладан кийин, жыл айланып калган соң, ошол эле студенттик жатаканада, ошол эле отурган ордубузда отуруп баягы досум:

"Бишкекте болгон бир кызык окуя айтып берейинби?"

"Ии, айтчы".

"Бир күнү аялдамада турсам..." деп баратканда эле каткырып жибердим.

Калыбай Сайдинов. Түркия. Мармарис.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: dake каяктан: Hannover
23.02.2012 03:56
Калы, азамасын! Дагы кутобуз! Даке Жалил

кимден: асел каяктан: сахалин
13.02.2012 10:06
аябай жакты

кимден: Элиза каяктан: Жалал-Абад
06.02.2012 15:12
Жакшы жазылган. Азаматсын! Мен ойлонуп жатам эки эл тен мусулмандар бизде кочодо жургондор эптеп оз оокатын бутурмой кызык окуя жазып турунуз.

кимден: москва каяктан: москва
05.02.2012 12:17
Калыбай,азаматсын аябай сонун макала болуптур.Достук, бир кундук турмуш жана кундордун зымырап отконун бизге эстеттин,чоон рахмат! Дагы чыдамсыздык менен жаны жаны макалаларынды кутобуз.Чыгармачылыгын оркундой берсин.

кимден: Nurbek каяктан: Ankara-Cebeci
31.01.2012 13:54
hehe e bro sizdin chymyn bar turbaybi, surotton karaap sizbi dep taanigan jokmun birinchi , birok biraaz krasavchik ekensiz da surotto :DDDD , dagy kutobuz kyzyk okuyalardan , zynho mn elektronshik bratanga salam
Пикирге жооп

кимден: Акылиньо каяктан: Бишкек
02.02.2012 15:25
Азат досубуз сен аркылуу Кыргызстанга таанылатко.. доске.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.01.2012 13:14
Автордун жеринде болсом, китеп жазат элем. Чымын бар экен.

кимден: Eliza каяктан: Turkey
30.01.2012 13:26
Шаар чын эле муздак, мен аябай Бишкекке окшоштурам Анкараны, бирок оюмча эли таптакыр муздак кыялдуу эмес, копчулук туркторго окшоп жумшак муноздуу, биздикилерден болсо бирдеке сурагандан коркосун, орустарга оккшоп тиштеп алайын дешет (извините за обобщение)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.01.2012 23:49
Абдан кызыктуу жана кулкулуу. Азыркы заманда ушундай адамдар барбы? Эл коп жерге барсан жанталашкан эле адамдар, ар ким оз оокатын бутуроюн дегендер.
Канткен менен каарман жигиттин кылган иши мага жакты.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.01.2012 23:26
шумдук :)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.01.2012 15:17
Жакты. Супер.
Тез тез жазып тур, Калыбай.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)