Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Мекен жүгү мугалимди чарчатпайт


Чатырда окуган балдар. Ош.
Чатырда окуган балдар. Ош.

Мугалим ким?

Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы?
Кантип алар өзгөртүшөт заманды?

Ал улуу жан, адамдардын адамы,
Жакшылыкка арышталат кадамы.

Ата Журтка күнү-түнү кам жейби,
Айтчы аның тамак ичип, нан жейби?

Отурганда кошо сүйлөп сабакты,
Окуучуну ойлоп ичет тамакты

Кеч киргиче мектебинен чыкпайбы?
Айтчы аның үйгө барса уктайбы?

Сабак калса капчыгына күч келет,
Уктаса да окуучуну түш көрөт.

Мугалим ким, каткырабы, күлөбү?
Элге окшоп аш-тойлордо жүрөбү?

Күлгөнүнөн ой басканы көбүрөөк,
Аш-тойлодо анда-санда көрүнөт.

Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан?
Үйгө барып иш кылабы ал адам?

Мектепти да, үйдү дагы ардактайт,
Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт.

Эл өңдөнүп эс алганды болжойбу?
Компьютердин оюндарын ойнойбу?

Андай кылса сабак калат, иш калат,
Андан көрө план жазат тытмалап.

Аның эмне, башкалардан кем беле?
Пара алып байып кетпейт эмнеге?

Коррупцияны. жемкорлукту жек көрөт,
Таза иштеп, таза жашоо өткөрөт.

Капчыгында айтчы канча теңге бар?
Чөнтөгү көп сумкесинде эмне бар?

Анда болбойт акча сүймөй адаттар,
Сумкесинде бор, калемсап, барак бар.

Эмгек менен өтөт экен ай-жылы,
Айтчы канча ал адамдын айлыгы?

Мен жооп берсем жалган айткан болом го,
Өкмөт акем жооп берсин бул соболго.

Мугалим ким, кандай жерди жайлаган?
Барбы анын машинеси айдаган?

Шашкалактап жүрөт дайым жүгүрүп,
Маршруткада келет күндө тыгылып.

Көңүлү анын качан толуп жай болот?
Айтчы качан ал мугалим бай болот?

Бактылуулук ар бир жашоо ирмеми,
Ал бай болот айлык алган күндөрү.

Сөздү алар неге жакшы көрүшөт?
Бош болсо эле ушакташа беришет.

Бир-биринен тажрыйба көп сурап,
Сүйлөсө эле окуучуну кеп кылат.

Неге алардан мээрим нуру төгүлөт,
Улгайса да жапжаш бойдон көрүнөт?

Окуучудан таап алат бак сырын,
Ошон үчүн сактап калат жаштыгын.

Айлык аз деп алаксыбай китепке,
Талап коюп чыкпайт эмне пикетке?

Байлык эмес, билим издейт жан үрөп,
Бар дүйнөгө кылат алар каниет.

30-40 жыл иштей берет бир жерде,
Анын орду керектир кээ бирлерге?

Көп жыл иштейт бир орунда булар чын,
Аз айлыкка кимдин көзү кызарсын.

Агайлар жок мектеп азап чекпейби?
“Агай” деген сөз жоголуп кетпейби?

Азырынча бар "агайдын" кабары,
Сактап турат физкультура сабагы.

Улукбек Омокеев.
Улукбек Омокеев.

Улукбек Омокеев, блоггер

XS
SM
MD
LG