Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Ач калган күнүм сабак болгон


Курман айтта жардам бөлүштүрүү. Ош. 15-октябрь, 2013-жыл. (Сүрөттүн макаланын авторуна тиешеси жок)
Курман айтта жардам бөлүштүрүү. Ош. 15-октябрь, 2013-жыл. (Сүрөттүн макаланын авторуна тиешеси жок)
Быйыл Курман айтта 3 күндүк эс алууга чыктык. Мен 1-парадагы сабакка уйкунун айынан бара албай калчумун. Сессия жакындап калгандыктан 3 күндүк эс алуумдан кечип, кол жазмасы сулуу группалаш кыздын лекция жазган дептерин сурап алып, баштан-аяк көчүрүп чыкмай болдум. Мени менен бир бөлмөдө жашаган эки аксылык жигит үйүнө кетишти жыргап.

Ал күнү көзүм ачышып, колум талыгыча жазып саатты карасам кечки саат 11 болуптур. Болгону 6 баракты толтурган экем. Курсак болсо курулдайт. Чөнтөктү карасам 20 сом эле бар экен. Эжеме чалып, акча сурайын десем бирдигим эчак түгөнгөн. Бөлмөдөгү тамак-аш сактаган шкафты карап, көгөрүп кеткен жарты нан таптым. Таң аткыча чыдап, эртеси эжеме чалмай болдум. Коңшу бөлмөлөргө деле кирип, курсак тойгузуп чыксам болмок. Бирок башынан тартынчаакмын. Ашказаным ачышып, кайра-кайра кара суу ичип аттым, же бир уйку келсечи.

Эртеси таң атпай туруп акыркы 20 сомума телефонго бирдик жүктөп, эжеме чалсам, айылга кетип калганын айтты. Досторума ишенсем, ар кайсыны шылтоолоп акча беришпеди. Ачкамын дештен өзүм да намыстандым. Бөлмөмө кирип суудан болушунча ичип, сабакты жазбай жатып алдым. Көз алдыма апамдын каймак жытуу наны, сары май кошуп бышырган мантысы улам-улам тартылат. Кесергениме чыдабай, көзгө жаш тегеренди. Башым айланып, алым куруп баратты. Апам чалганда сыр бербей, сабак жазып жатам деп коем.

Түштөн кийин эшиктин алдына чыгып, күн тийген жерде шалдырап отурдум. Бир маалда жатакананын алдына машина келип токтоду. Ичинен орто жаштагы байке менен эже түштү. Экөө ошол жерден эле эшиктен кирип-чыгып жаткан кыздарга кичинекей баштыктарды кармата баштады. Мени да байкап калышты окшойт, 10-15 мүнөттөн кийин байке мени кол жаңсап чакырды.

Байкенин жанына барсам, колума бир литр өсүмдүк майы менен 1 килограмм эт бар экен. Аны мага карматып, «мен да студент болгом, муну тамак жасап жегиле»- деди. Ошондогу сүйүнгөнүм эстен кетпейт. Көктөн тилегеним жерден табылып, кудуңдап бөлмөмө баратам. Ичимен байкени миң мертебе алкап жаттым. Кийин ойлосом алар Курман айтта бир жандыкты союп, аны студенттерге тараткан тура. Мен ошол күнү тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөсүн, Кудайдын бар экенине ишенип жаттым. Албетте, ал эт болбосо деле ачтан өлмөк эмесмин. Бирок тартынып, канчага чейин өзөгүм карайып жүрмөк.

Ошол ачка калган күндөгү жардам мага чоң сабак болду. Окуумду ийгиликтүү аяктасам, муктаждарга жардам берген, ач калганды тоюндурган, жакшылыктын үрөнүн сепкен адам болушка аракет кылам деп өзүмө өзүм сөз бердим.

Таалайбек уулу Бекназар, Ош мамлекеттик социалдык университетинин студенти.
XS
SM
MD
LG