Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Өжөр студенттен жаман адам чыкпайт


Студенттик учур-жашоодогу эң бир кызыктуу, жагымдуу, жалындуу эстен кеткис кез болот. Башка мезгилдерге салыштырмалуу студент учуруңда кантип окуганың, кантип жашаганың, кайда барганың, ач калганың, ток болгонуң эсте калат. Студент кыздардын бир даары ушул учурда өз теңин таап, турмуш жолуна аттанат. Демек, студенттик кез чоң турмушка кадам таштоонун маалы десек да болот.

Мен өзүм 1990-1995-жылдардагы Ошто окуган студенттердин катарына кошулам. Салыштырсам, ал мезгил менен азыркы мезгилдин айырмасы чоң. Ал мезгилдеги студенттер келгенден эле батир издебей, жатаканадан орун алууга шашчу. Анткени, документ тапшырып жатканда эле жатакана керекпи же жокпу чечилчү. Ошол документ боюнча сөзсүз жатакана берилчү, арзан да болчу. Айрым жатакананы каалабаган студенттер батирлерде турушчу, батир да арзан болчу ошол кезде. Ал эми жатакананын ар бир кабатында бирден тарбиячы болуп, алар кезектешип иштешчү. Сырттан жат адам киргенге жол берилчү эмес, кечки 10дон кеч калсаң жатакананын эшигин тоскон аял киргизчү эмес. Студенттер көп убактысын сабак окуу менен өткөрүшчү. Туулган күн сыяктуу аземдер кээде эле болчу. Тартип бузсаң, жатаканадан чыгарылып, анын баасы студенттер үчүн чоң тарбия болгон.

Мен өзүм жатаканада жашачумун, жаңы келгенде 6 кыз, анан 5, анан 4 кыз жашап калдык, абдан ынтымактуу элек. Ошол убактардын бир учурунда шаарда нан жетишсиз болуп, наабайканага кезекке турганыбыз эстен кетпейт. Мугалимден жооп сурап ар бир бөлмөдөн бирден кыз күндө нанга кезекке турабыз, 3-4 саат кезекке турсаң да сатуучу башкаларга жетпейт деп 2 гана нан берчү.

Азыркы мезгилде Ош шаарын айтсак, контракт менен окуган студенттердин, батирде жашаган студенттердин ата-энелерине көп кыйынчылык туулат. Анткени, мен билген эле кээ бир студенттер батирлерди тандап жашашат, кээ бирлери жатаканада шарт жок десе, айрымдары батирде жашоону ата-энеси каалаганын айтат. Кээ бир студенттер чынында эле акча кандай табыларын ойлоп да койбой, сабакты да жакшы окубай ата-энесин кыйнашат. Анын батиринен тышкары дагы канча каражат кетчү иштери турат, аны айтпасак да белгилүү.

Бирок көшөрүп окуп, ата-энесин аяп, акчага күч келтирбей, өзүн жакшы алып жүргөн студенттер да аз эмес. Алардын бири - Рахима аттуу кыз. ХБК кичи районунда кыздар менен батирде турат. Окууга быйыл кирди. Ал деле кымбат батирди тандаса болмок, бирок ата-энесинин шартын карап, аларды аяганы сезилет. Зээндүү кыз жогорку окуу жайлардын биринде чет тилдер факультетинде билим алат. Сабакты жакшы окуйт, бир күн да калтырбайт. Эртең менен бир пиала чай ичкенге убактысы зорго жетишет. Анын «Сабакты калтырбай, ачка калсам да окуйм, ата-энемди уят кылбай, ишеничти акташым керек, үйдө эки студентпиз, менден башка бир туугандарым бар, ата-энеме күч келтирбейин» дегенине ыраазы болбой койбойсуң. Ушул бойдон кетсе бул кыздан келечекте сөзсүз жогорку деңгээлдеги кадр чыгарына ишенем. Анткени, өжөрлүк, көп окугандык, башкалардын эмгегин баалагандык эч качан жаман жолго жетелебейт.

Гүлбара Мамазияева, Оштун тургуну
XS
SM
MD
LG