Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:01

Блог-Миңсанат

Эне тил

Текст көлөмү - +
“Чего-то хотелось: не то конституции, не то севрюжины с хреном…”
М.Салтыков-Щедрин

А. Эcтон эмес, лит эмес

1
Эстон эмес, лит эмес,
Кыйын болду бу элге.
Тилин расмий тил менен
Дуушар кылып дуэлге.

2
Баш мыйзамдын талаасын
Башчылары тандашып,
Дөнөнбайдын баласын
Ширин менен алдашып,
Пушкин тили пушкасын
Сүйрөп чыкты талаага.
Ак бараңдан ң өчүп,
Элди салды санаага.

3
Октоп алып пушканы,
Ачкал атса – перелёт,
Оңдоп алып мушканы,
Булар атса – недолёт,
Таңдын көрү, «Манаста»
Буйтап учуп, жайлаган,
Болсо кана вертолёт?!

4
Калыс болгон эч ким жок.
Кайнап моча, күйдүк чок.
Аскариддер акбыз дейт,
Атаны кокуй, дүйнө бок!

5
Сенин атаң Дөнөнбай,
Сенин атаң Дөнөнбай!
Кагылайын, каралдым,
Калсак болмок жаралбай!

6
Ирасы көп хакастын,
Ширини көп Таластын,
Осуяты ушунча
Орус беле Манастын?!

Түшүнбөсөм - мен жаман,
Түйтөңдөсөң - сен жаман.
Түпкүсүндө - кыргызча
Сига болгон хрен жаман.


Б. Үч тил үйрөн дегендерге

Оң канатты орус тил,
Сол канатты англис тил,
Кылсам деле - учалбай,
Үндүк бойдон жүрүмүн,
Куйрук болуп кыргыз тил.

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын»  окурманы
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акбара
27.01.2012 20:51
Ак бараңдан ң өчсө Акбара калат экен

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 20:01
Basa, yrdyn avtory ojdonky men ajtkan ojlordy atkaryyda degen ojdomyn. Akyndar, jazyyhgylar, ojlonyyga tyrtkon yrlardy jana basch. Jaratyyga attangyla kydaj kybat bersin!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 19:55
Satiraby...,je baschkaby akynby..., jazyyhgyby, kep aladyn jazgandary okyrmandardy ajlasyz oj jygyrtyygo tyrtyyy bolyp sanalat.yschyndajlar gana eldin esinde kalat , elge alga ymtylyylaryna jol ahgat......r.s. ""hgygarmalar "-dep jazam desem konylym kelbej kojdy."" hgygarma"- degen sos kyrgyzhga typky maanisine tyyyra kelbejt. "" hgygarma"" --degen sosdy dagy kandaj ajtsa bolot?????Raazyhgylygymdy bildirem,soo bolynyzdar!

кимден: Кимге эне-тил,кимге намыс
19.01.2012 01:56
Урматтуу Ю Мин! Биринчиден сиздин жазган ырынызды ыр деп эсептөөгө болбойт. Аракет кылып жазсаныз да! Мен мисалы такыр түшүнгөн жокмун. Түшүнгүм келсе, мындай обу жок ырларга көңүл бургум да келбейт. Анткени урматтуу Ю Мин, Сиз Кыргызстанда жашасаныз, биринчи тилди эмес, маданиятты, этика-эстетиканы, жүрүм-турумду ондошубуз керек деп айтмаксыз. Жетишет, акыркы он жыл ичинде "эптемей" бузулган калкка айланып баратканыбызды. Мен мисалы балдарым он тил билсе кубанат элем, чала динчиге, билимсиз адамга айлангандан көрө. Биз "кой"эмеспиз да? Азыр теспени он колуна кармап, сол колу менен уурдагандардан сак бололу. андан көрө. Жаштар башка тилге бурулбай эле криминалга, шалапай жашоого бурулду. Кыздарыбызды айтпай эле койоюн. Ал эми кыргыздардын көбүн мен айта албайм, орусча, англисче жакшы билет деп. Депутаттар, чиновниктер орусчаны жакшы билбей туруп кыргызча сөзгө орус тилин кошуп сүйлөп жатышпайбы. Бул эми ар кимдин денгели. Мага бир гана өкүндүргөнү - биздин коом начар жакка өзгөргөнү. А силер кейиген кыргыз тили орусчага бурулбай эле шпаналардын сөзүнө жана псевдоисламчылардын угүтүнө туш болуп жатат. Бетибиз жок. Башкасы бүтүп эми кыргыз тили калды. Биз өзүбүздү башка элдерден укмуштуу адам катары көрбөй, акылга келсек болот эле. Кыргыздарды тоодон түшүрүш керек жана ушакчы эл дегенден айырылышыбыз керек. Дагы жазайын дейм, бирок Азаттыкта мага азаттык берилбейт го деп ойлодум. Жаза турган сөз көп. Бирок, кимге? Баары бир ар ким өз билгениндей кылат. Какырынып, чимкиринип баскандан көрө театрга барышпайбы. Эх! Акыркы айта кете турган сөз, биз Атайга, Фарухка окшогон мыкты уулдарыбызга сыймыктанбай, эки өзбекти сабаган кыргызга мактанабыз. Псевдопатриоттор, псевдосаясатчылар силер эненерди деле акчага сатып жибересинер! Тилге, динге жамынгандан көрө, ар бир кыргыз өзүнөрдөн баштагыла!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 12:00
Oi kyzyksyngo. Emne etika estetikasy kop hristiandar uurdabaiby? Je olyktorgo siyip jatkanyn korgon joksungbu teleden? Teatrga bargan Akaev Gurevich Shirsov uuru emespi? Kep bashkada bolup jatpaiby. Mykty bolsong eki ozbekty baptist kylyp al. Kyrgyz tilge asylganyng koi.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.01.2012 23:18
Baardyy sonyn aj-aj,klassikalyk ,kerek gbolso, dyjnolyk satira klassikasyna bileti jok ele kiret!!! Baardygy sonyn aj- aj, ozgohgo d o n o n b a j; tirilgendej markymdar: midin, rajkan, bajdylda-aj .... Oo...yyy... Min...kydaj tileginerdi bersin! Dagy, dagy ,itelgi....schymksrdaj...laaschundaj... Kyraandarym!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)