Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Чек арадагы элге курал берилеби?


Кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылынын тургундары. Баткен облусу, 23-январь, 2014.
Кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылынын тургундары. Баткен облусу, 23-январь, 2014.

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети 15-сентябрда “Ыйгарым укуктуу чек арачылар тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Чек ара аймактарында жашаган жай тургундарга курал берүү каралган бул мыйзам долбоорду ушул жылдын башында парламент биринчи окууда кабыл алган жана айтылган сын-пикир, сунуштарды кошуу үчүн кайра комитетке кайтарган.

"Элдин коопсуздугу эске алынсын"

Ал арада бул демилге ким ыйгарым укуктуу чек арачы боло алат жана ага кандай учурда курал берилет жана качан колдонулат, саясий кырдаал олку-солку чакта мындай демилге опурталдуу эмеспи деген өңдүү талкууларга жем таштады.

Жергиликтүү элге курал берүүнү айрыкча чыр-чатак, жаңжал көп чыккан чек ара аймактарда жашаган тургундар суранып келет. Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев парламентке бул тууралуу бир канча жолу кайрылуу болгонун кеп салды:

- Айылда жашаган элдин арасында мергендер көп. Азыркы жоокерлерге караганда бир чети ыкчам, экинчи жактан жер шартын өтө жакшы билет. Кокус тоо тараптан ашып келген душмандар болсо, аларга каршылык көрсөтө алат. Ар бир колотту, ар бир тоо-ташты жакшы билет. Чек арада жашаган адамдарга сөзсүз түрдө курал-жарак берүү керек. Анан аларды сөзсүз каттоого алуу керек. Бул элдин коопсуздугу үчүн керек. Башка учурда анын кереги деле жок.

Жалал-Абаддын Аксы району да Өзбекстан менен 130 чакырымдай чектешип турат. Аталган райондо соңку учурда чек арага байланышкан мал уурулук көп катталууда. Бирок район акими Медет Айдаралиев чек арадагы жаңжалды, кырдаалды жергиликтүү элге курал берип жөнгөрүүнү колдобойт:

- Делимитация жана демаркация иштери боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия чек араны тактаса, андан кийин чек араларыбызды тосуп алсак, курал-жарактын деле кереги жок болуп калат. Курал-жарак берүүнүн да көп жагдайлары бар. Менимче, бул маселени элге алып чыгып, чоңураак талкуу кылуу керек. Чек арада кызмат кыла алган, чек араны кайтаргысы келген адамдар болсо аларга курал-жарак бергенден көрө бир-эки айда бир машыгуудан өткөрүп, курал кармаганга үйрөтүп турган жакшы болот.

Жогорку Кеңеш “Ыйгарым укуктуу чек арачылар тууралуу” мыйзам долбоорду ушул жылдын башында талкуулап, биринчи окууда жактырган болчу. Бирок курал-жарак кимдерге жана кандай шартта берилери так көрсөтүлгөн эмес деген жүйө менен кайра комитетке кайтарылган.

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев ыйгарым укуктуу чек арачылардын иш тартиби өкмөттүн токтому, атайын нормативдик-укуктук актылар менен жөнгө салынарын белгиледи:

- Чек арада ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ишмердигин уюштуруу тартиби, эмгек акысы, алардын негизги милдеттери жана тапшырмалары, укуктары өкмөттүн тиешелүү чечими менен аныкталышы туура деп эсептейбиз. Эгер ушул мыйзам долбоор кабыл алынса аны ишке ашыруу максатында Чек ара кызматы ыйгарым укуктуу чек арачылардын негизги милдеттери жана укуктары так көрсөтүлгөн керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгат.

Долбоор чийки бойдонбу?

Бул мыйзам долбоорду парламенттеги коргоо жана коопсуздук комитеттин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков негизинен колдоп жатат:

- Ыйгарым укуктуу чек арачы бул кадимки эле чек арачынын өзү. Болгону жарандык гана адам. Калганынын баары, ошол эле курал колдонгону да ошол чек арачылардын эрежеси менен болот. Мындан башка эреже болбойт. Булар куралды түздүктө колдонбойт, Нарын, Алай, Чаткал өңдүү тоолуу аймактарда колдонот.

Комитет жыйынында бул долбоорго каршы пикирин айткандар да болду. Алардын бири, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун баамында, мыйзам чала жазылган:

- Башаламан, баш-аягы жок мыйзам долбоор. Укуктук-саясий жактан баа берип иликтебей туруп, күч органдарынын корутундусу жок туруп биз ката кетирип алабыз. Кийин болсо бул күнөөлүү, ал күнөөлүү болуп, жоопкерчилик эч кимге жүктөлбөй калат.

Ушул тушта республика боюнча 100гө жакын ыйгарым укуктуу чек арачы бар. Алар негизинен чек арага жакын алыскы, тоолуу аймакта жашаган малчылар, токойчулар болуп саналат. Алардын иш тартиби Чек ара кызматынын атайын жобосу менен жөнгө салынат жана бул документте курал берүү жагы каралган эмес.

XS
SM
MD
LG