Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Камыш үй жайда салкын, кышта жылуу


Камыш үй
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Бактыбек Сулайманов тургузган камыш үй.

Жалал-Абадда таңгакталган камыштан үй курууну Сузак районунун тургуну Бактыбек Сулайманов колго алган. Алгач өзүнө ушул ыкма менен үй салып, жашап көргөн соң аны башка тургундарга да сунуштаган.

Бактыбек Сулайманов буга чейин үч уулуна камыштан үй тургузуп, бөлгөн. Эми төртүнчү уулу үчүн куруп жаткан үйү да бүткөнү калды. Азыр үй ичинде монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Үй сырттан караган кишиге ылай менен тургузулгандай көрүнгөнү менен дубалдын ортосуна жапайы камыш колдонулган. Устанын айтымында, камыштын кышында суукту, жайкысын ысыкты өткөрбөй турган өзгөчөлүгү бар.

- Камыштын сабагынын ичи көңдөй да. Суук же ысык өтүш үчүн биринчи ошол камыштын ичин жылытуу керек. Бул жерге 10 кабат камыш коюлуп жатпайбы. Анан дагы камышты чычкан жебейт, сууга дагы чирибейт экен.

Бактыбек Сулайманов алгач камыш менен курулган үйлөр тууралуу атайын китептерди окуп чыккан. Андан кийин гана камыш токуучу жабдык жасаткан. Азыр анын жардамы менен камышты 10 кабат кылып таңгактап, курулушка колдонуп жатат.

Уста буга чейин Көк-Жаңгак шаарындагы 1934-жылы курулган үйлөр бузулганда, анын ичиндеги камыштар чирибегенине күбө болгон. Ушундан кийин Өрт коопсуздугу боюнча кызматынан атайын сертификат алып 2012-жылдан тарта камыштан үй сала баштаган.

- Арзан, анан тез бүтөт. Мисалы, башка курулуш материалдары менен үй тургузууга 3-4 ай кетет. Ал эми биз 20 күндө, ашып эле кетсе 1 айда бүтүрүп ачкычын колуна беребиз. Эң башкысы арзан дагы. Мисалы, 2 бөлмөлүү үйгө 270 миң сом керектелет. Бул деген кыш менен курулган тамдарга караганда эки эсе арзан.

Уста азыр өз эмгегин кеңири жайылтуу максатында архитекторлор менен биргеликте иш алып барып, камыштан тургузулчу жаңы үйлөрдүн долбоорун жасатууда. Жалал-Абаддагы Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын инженер-конструктору Шайыргүл Мамытова анын үстүнөн иш алып барууда.

- Азыр бул үйлөрдүн долбоору бүтүп калды. Эң негизгиси тирөөчтөрү бекем орнотулуп, ортосуна гана камыш салынат. Анан биз бул үйлөр жайкысын дача катары гана колдонулса дейбиз. Бирок эксперимент кылып көрөбүз. Туруштук берсе, кышкысын да жашаганга болот.

Бактыбек Сулайманов өткөн жылы коңшусунун суранычы боюнча 2 бөлмөлүү үйдү 270 миң сомго 20 күн аралыгында толугу менен куруп берген. Кара-Алмадагы лагерге коттеджди, Сузак ооруканасына бир имаратты ушул ыкмада тургузган. Ал эми үй курууга керектелген камышты айыл тургундарынан бир боосун 60 сомдон жогору баада сатып алат.

Уста учурда үйлөрдү Украинанын технологиясы менен курууда. Алдыда мындан да арзан түшүүчү немистик ыкманы өздөштүрүүдө.

XS
SM
MD
LG