Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Дэн Сяопиндин өмүр жолу кыргыз тилинде


“Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду дүйнөлүк таанымдагы өмүрү өрнөк адамдар жөнүндө китептерди кыргыз тилине которуу демилгесин ишке ашыра баштады. Андай китептердин алгачкысы катары чыккан “Менин атам Дэн Сяопин “Маданий ыңкылап” жылдарында” аттуу китептин бет ачары кыргыз-кытай интеллигенциясы менен дипломаттарынын катышуусунда Бишкек шаарында өттү.

Китептин бет ачарында дүйнөлүк интеллектуалдык рухий мурастар кыргыз окурмандарына эне тилинде али жете электиги учурдун олуттуу маселелеринин бири катары талкууланды.

“Менин атам Дэн Сяопин “маданий ыңкылап” жылдарында” китебин дүйнөгө кытай реформатору катары атагы чыккан Дэн Сяопиндин кенже кызы, Маомао деген ат менен белгилүү Дэн Жун жазган.

Китептин өзөгүндө маданий ыңкылаптын азап-тозогун башынан кечирген Кытайдын 1970-1990-жылдардагы турмушу жана ошол катаал замандан заманбап өнүгүүнү көздөй жол баштаган "Кытай кереметинин" демилгечиси Дэн Сяопиндин өмүр жолу, ишмердиги тууралуу кеп болот.

Бет ачар жыйынга катышкан кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү бул өңдүү рухий дөөлөттөрдүн кыргыз тилинде чыга башташын кош колдоп кубатташты. Алардын бири - Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов:

- Рухий маданиятка көбүрөөк маани берсек жакшы болот эле. Азыркыдай саясатташкан учурда Дэн Сяопиндин өмүрү бизге сабак. Элин сүйгөн адам дал ошол саясатчыдай өз журтуна өмүр бою кызмат кылыш керек. Ал эми биздикилер кокус кызматтан түшүп калса эле оппозиционер болуп чыга келет. Дэн Сяопин өз өмүрүндө үч жолу кызматтан кулатылды. Бирок ошондой абалда жүрсө да өмүрүн мекенине арнады.

Жусуповдун баамында, бөтөн элдин баалуу мурастарын кыргыз тилине которуу өңдүү аракеттер эки элдин тарыхый, маданий байланыштарын тереңирээк үйрөнгөнгө да шарт түзөт. Маселен, кыргыз-кытай карым-катышынын тамыры өтө тереңде жатат:

- Байыртан бери кыргыз-кытай байланышы аябай күчтүү болгон. Хакасияда, Монголияда табылган балбал таштардын артында кытайча жазуулар турат. Аны биздин окумуштуулар ушул убакка чейин изилдеше элек. Совет доорунда ал тууралуу сөз кылууга да тыюу салынган. Бери жактагы эле рун жазуулары окулуп кытай тилиндеги жазуу окулбай калган. Азыркы мезгилде биз улуу элдердин улуу мурастарын өзүбүзгө сиңиргенибиз оң.

Жазуучу Олжобай Шакир азыр кыргыз тилдүү окурмандар үчүн жалпы эле дүйнөлүк рухий казынадан азык алууга мүмкүн эмес экенин, себеби алар эне тилге которулбаганын айтты. Адистердин айтымында, котормо жанры автордун жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттик идеологиянын бир өңүтү катары колдонуп, корголуп турушу шарт:

- Биз кытайлардын айрым гана акын-жазуулардын эмгектери менен таанышпыз. Конфуцийдин трактаттарын кыргыз тилине жеткиликтүү тил менен шыңгырата которуп бергендер саналуу болуп турат. Бүгүнкү күндө Дэн Сяопиндин ишмердүүлүгү тууралуу китеп биздеги саясаттын арибин тааныбаган көчө демократтарына алипе китебиндей зарыл деп ойлойм. Дэн Сяопиндин мамлекет куруудагы басып өткөн жолу биз үчүн чоң мектеп.

Сөз болуп жаткан “Менин атам Дэн Сяопин” аттуу китепти кыргыз тилине тарыхчы, адабиятчы, публицисттер Эсенбай Нурушев, Тынчтыкбек Чоротегин жана Абибилла Пазылов которгон.

Тынчтыкбек Чоротегин өз кезегинде эгемендиктин алгачкы жылдарында Чынара Жакыпова “Сорос” фонду аркылуу дүйнөлүк интеллектуалдык адабияттар казынасынын кээ бир мурастарын кыргыз тилине которуу аракетин баштап кеткенин эске салып, өзү катышкан котормонун маңызына токтолду:

- Дэн Сяопиндин саясаты чынында эле эл аралык дипломатияга жаңы үн берди. Бул бүгүн дагы өтө пайдалуу. Мисалы, Кытай учурда демократиялык-парламенттик жаңы жолго өтүп жаткан Кыргызстан менен да, сталинчил жол менен жашоосун өткөрүп жаткан Түндүк Корея менен да урматтаган коңшу катары алака жүргүзүп жатат. Андыктан биз аталган өлкөнүн тышкы саясаттагы он жактарын тарыхый сабак катары санап кетсек болчудай.

Чоротегин учурда Кыргызстанда кытай тилинен кыргыз тилине таржымалдай турган жергиликтүү жогорку окуу жайларынан кытай тили боюнча адис болуп чыккан 200 миң котормочу бар экенин айтты.

Сөз болуп жаткан китеп “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун колдоосу менен жарык көрдү. Аталган кордун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаеванын айтымында, бул демилге андан ары да уланат:

- Дэн Сяопиндин кызы Маомаонун кыргыз тилинде жарык көргөн “Менин атам Дэн Сяопин” аттуу китебинин бет ачары менен өрнөктүү инсандар тууралуу китептердин сериясын баштап турабыз. Ал “Өмүрү өрнөк инсандар” деп аталат. Дүйнөлүк инсандардын өмүр баяны тууралуу жазылган атайын мыкты адабият бар. Биз аларды четинен кыргыз тилине которолу деп ойлойбуз. Тилекке каршы кыргыз тилинде атактуу адамдар тууралуу китептер жокко эсе. Мисалы, биздин кийинки китебибиз Махатма Ганди тууралуу болот. Ал учурда которулуп жатат. Черчилль тууралуу да бизде кыргызча китеп жок.

“Менин атам Дэн Сяопин” аттуу китеп 2000 нускада жарыкка чыккан. Учурда ал китеп өлкөнүн бардык облустарындагы китепканаларга, жогорку окуу жайларга бекер таратылып жатат.

Ред.: Дэн Сяопиндин басып өткөн жолу, жүргүзгөн реформалары тууралуу профессор Осмонакун Ибраимовдун макаласын бул жерден окуй аласыз.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG