Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:06

Саясат

Пархат Турду: Оштун өнүгүшүнө биз да кызыкдарбыз

Учурда Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турду жетектеген топ Ош жергесин кыдырып жүрөт.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.
x
Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.
Текст көлөмү - +
- Пархат мырза,  бул кыдырууңуздар Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбековдун быйыл апрель айында сиздерге жасаган сапарына жообуңуздар эмеспи?

- Туура, Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков жетектеген топ быйыл апрелде Кытайга барышпады беле. Ошондо алардын максаты, биринчиден, Ош облусунун экономикасын өйдөлөтүү үчүн инвестиция тартуу, экинчиден, ал аркылуу элдин жашоо-шартын жакшыртуу жана карапайым калктын кирешесин арттыруу эле. Биз жакта бир катар келишимдерге кол коюлган. Азыр ошол келишимдер кандайча аткарылат, ошону такташтырып жана жүзөгө ашырылышын маңдай-тескей олтуруп масилеттешип атабыз. Анткени, дагы кенен-чонон сүйлөшүп албасак, келишимдерге кол коюу менен маселе чечилгидей эмес. Эгерде милдеттенмелер кагаз бетинде калып кетсе, албетте экономика дегеле өнүкпөйт.

- Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көбүнчө эмнелерге басым жасап жатасыздар?

- Биринчиден, Кыргызстандын дыйкандарына айыл чарба багытындагы парниктерде иштөөнү, анын ичинде мөмө-жемиштерди эгүүнү жана өндүрүүнү үйрөтмөкчүбүз. Экинчиден,  андан ары айыл чарбасын жана өнөр жайын өнүктүрүү багытында тыгыз иштешмекчибиз. Ошого улай агартуу тармагында дагы алкабыз мындан ары жакшырат. Маданият, спорт багытында дагы ийиндеше иштешмекчибиз. Мына, Оштун бизге көрсөтө турган жактары абдан көп. Аны биз дагы үйрөнүүгө куштарбыз. Ошол эле учурда биз дагы жетишкендиктерден куру эмеспиз. Ошондо гана байланыш чыңдалат деген үмүттөбүз.

Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрелинде Кытайга барганда «Парниктерде жер-жемиш өстүргөндү үйрөтсөңөр болоор эле?» деген болчу. Ошон үчүн Кызыл-Суу кыргыз өкмөтүнүн казынасынан 200 миң юань алып келдик. Бизде өзү парник 800-100 миң юандын тегерегинде бүтөт. Ошону Ошко дагы орнотуп, тажрыйба кылып көрүүнү чечтик. Эгерде наркы арзанга түшсө, үчтү кылабыз. Болбосо, эки парник сөзсүз курулат. Анан Оштун жумушчулары Кытайга барып жол-жобосун үйрөнүп келишсе, калганын өздөрү кыла беришет. Эң башкысы: жер жана суу эле болсо, ал мөмө-жемиштер күн нуру менен быша берет.

- Пархат мырза, Кыргызстандын башка облустары менен дагы ушундай өңүттө байланышасыздарбы?

- Албетте, Кыргызстандын башка облустары менен дагы байма-бай катташабыз. Бул ирет Ошту кыдырдык. Эртеңден баштап Жалал-Абатка, Таласка, андан ары Бишкек шаарына, Нарынга жана Ысык-Көл облустарына сапарлайбыз. Биз ал жактагы боордоштор менен дагы экономикалык жана соода-сатык жагынган бекем алака кылалы деген ниетибиз бар. Балким, мындайда аларга биздин дагы керегибиз тийип калаттыр. Ошолор туурасында маңдай-тескей сүйлөшмөкчүбүз.

- Маегиңиз үчүн ыракмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Суйоркул
20.06.2011 15:20
Салам алейкум урматтуу Пархат Турду мырза! Эң туура кылгансыз. Мен 1992-жылдары кытайлык Улуу Чат оодандык достор менен достошуп шарттарга байланыштуу байланыш болбой үзүлүп калган. Мен Сиздин ошол Кыргызстан менен б-н байланыштагы делегациялык топко абдан ыраазычылык билдиремин. Алыскы Лейлек ооданына да кңүл буруп кетүүңүздү да суранаар элек. Мен азыркы учурда Россиядамын, атым Сүйөркул. Сиз менен байланышууну каалар элем эгер "азаттык" мага уруксат берсе менин Е-дарегим: keys2@mail.ru

кимден: Мекенчил каяктан: Ош
20.06.2011 09:13
Кытайлык нукура Кыргыздарга таазим!

кимден: кыргыз каяктан: орусия, москва
20.06.2011 02:03
Кош келипсиздер Ошко урматтуу коноктор! Азаматсыздар! Биз сиздерге абдан ыразыбыз урматтуу кытайлык туугандар. Ушинтип кытайдын бай тажрыйбасынан бөлүшүп турганыныздар ото сонун иш. Сиздерден Алла раазы болсун! Андан ары Баткен тарапкада отуп, Баткендин оругунон ж.б. таттуу момо-жемиштеринен жеп кетиниздер.

кимден: кыргыз каяктан: Орусия, Маскоо
19.06.2011 23:41
Азматсыңар кытайлык туугандар! Биз сиздерге ушундай жардамыңар үчүн абдан ыраазыбыз. Сиздер бардык жагынан өнүккөн мамлектте жашайсыздар. Бизге ошол мамлекттин б.а.Кытайдын бай тажрыйбасынан бөлүшсөнөр соонун болот.Рахмат сиздерге! Аллах ыраазы болсун!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)