Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

"Көпөлөк" – адашкан муундун тагдыры


26-ноябрда Бишкекте режиссер Сүйүн Откеевдин "Көпөлөк" тасмасынын бет ачары өттү. Толук метраждуу тасма балдар акыны, драматург Керез Зарлыкованын чыгармасынын негизинде тартылган. Буга чейин кино сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан тасмаларды жаратып келген таанымал режиссердун бул жолку эмгеги кино адистеринин эки ача пикирин жаратты.

Тасманын сюжетинде бармактай кезинде ата-энесинен айрылган Айтолкун жаштыгын кайдигерликте өткөрөт. Айрым адамдардан жапа чегип, өзүнүн жашоого болгон таарынычын жанындагылардан чыгарат.

Режиссер Сүйүн Откеев аталган фильмде кандай маселени чагылдыргысы келгенин айтып берди:

- Биздин максатыбыз тасма менен мүмкүн болушунча жашоодо жалгыз, эч кимиси жок өскөн кыздын кантип жашоо менен күрөшүп жеңишке жетип же жетпешин чагылдыруу болчу. Мен бул тасмада жеткирейин деген оюмду толук бергенге аракет кылдым. Аны көрүүчүлөр кандай кабыл алганы башка тема.

Откеев бул тасма өз тажрыйбасында биринчи жолу театр үчүн жазылган драманын негизинде жаралгандыктан аны көрүүчүлөр кандай баалайт деп санааркап турганын жашырган жок.

Тасманын жүрүшүндө чогоол, орой болуп бой тарткан башкы каарман Айтолкун шаарга келгенден кийин жанындагылардан өзгөчөлөнүү, акчалуу жигиттер менен мамиле күтүү, чырды чырга улаган арзан жашоо образын тандаган кыздардай элес калтырат. Жакшылыкка үндөгөн мугалимине тоң моюндугун көрсөтөт.

Режиссер Чолпонай Бөрүбаева ушундан улам башкы каармандан тасманын башында эле көңүлү кайт боло түшкөнүн айтат:

- Каарман кино башталганда эле өзүн көрүүчүлөргө жаман көрсөтүп алды. Андан кийин ал кызга болгон боор оору жоголуп, “сен ушуну көрүшүң керек эле, чала болот” деген сезим пайда болду. Эгерде бул тасманын окуясын “Москва көз жашка ишенбейт” деген атактуу тасмага окшош деп айта турган болсок, анда ал кинодогу каарманга өзүнөн-өзү эле боор тартканга аргасыз болосуң.

Бөрүбаеванын айтымында, чыгармалардын баары эле тасма кылып тартууга ылайык келе бербейт. Анан калса, аталган тасмада режиссерлук, актерлук жана техникалык чеберчилик ийине жете иштелген эмес:

- Кинодо эң коркунучтуу нерсе - жанрлардын аралашып кеткени. Бул тасмада бир кинонун ичине толтура жанрларды кошуп койгон. Дагы бир нерсе, бейишти же түштү кайсы бир убакта көрсөткөн экен. Анын артында бир дүкөн да кадрга түшүп калыптыр. Ал эпизоддо көрүүчү ыйлаш керек эле да. Бирок, тилекке каршы, тиги дүкөндү көргөндө ыйлагың келбей калат.

”Көпөлөк” тасмасы балдар акыны, драматург Керез Зарлыкованын “Конгон көпөлөк” аттуу драмасынын негизинде тартылды. Спектакль буга чейин кыргыз академиялык драма театрдын жаш артисттери тарабынан сахнага коюлган.

- Адам баласынын тагдыры табият менен байланыштуу эмеспи. Тасмада өзүңүздөр көргөндөй кыздын башынан бак качканда көпөлөк да жабыркап жатат. Кайра жолун тапканда келип конду. Бул жерде максат жаштар турмуштун кыйынчылыгына чыдабай, өз жанын өзү кыйбасын, бактыга күрөш аркылуу жетиш керек, жашоо бул күрөш экенин айтуу.

Зарлыкова кино аркылуу чыгармадагы айтайын деген ой толук чагылдырылганын, тасма максатына жеткенин айтты.

Кыргыз эл артисти, таанымал режиссер Болот Шамшиев болсо адис катары ”Көпөлөк” тасмасында кино искусствосуна тиешелүү жанрдык өзгөчөлүк толук сакталганын белгилеп, тушоосу кесилген фильмге жогору баа берди:

- Темасы биз үчүн актуалдуу. Себеби учурда жаш кыздар боюнда болуп таштап кетип жатышпайбы. Мына азыр Москвада элүү бөбөк ташталганы айтылып жатат. Айрыкча мүрзөдөгү сцена керемет чыккан. Биздин элибизге ушундай картиналар керек. Булар мамлекет казынасынан бир тыйын албай ушундай тасмаларды өз чөнтөгүнөн тартып жатышат. Бул чынында эрдик.

"Көпөлөк” тасмасынын башкы каарманы Айтолкундун образын – ушул фильм менен биринчи жолу кино өнөрүнүн астанасын аттап жаткан Малика Абдыразакова жараткан.

Сүйүн Откеев буга чейин “Соолуган карек”, “Сен эмне кылмаксың?”, “Миллиондук мелдеш” аттуу толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG