Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Малайзиядагы элчилик менен "Азаттык" сынак жарыялайт


Куала-Лумпур, Малайзия
Куала-Лумпур, Малайзия

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" (Я хочу, чтобы Кыргызстан процветал) аттуу дилбаяндар сынагын жарыялайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн.

Буга ылайык, "Азаттык" радиосу Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дил баяндарын webeditor@rferl.org электрондук почтасы аркылуу кабыл алат жана алардын арасынан жеңүүчүнү аныктайт. Дилбаяндарды кыргыз же орус тилинде сунуштаса болот.

Сынактын жыйынтыгы редакциялык кеңештин чечимине ылайык чыгарылат. Ар бир облустан же Бишкек жана Ош шаарларынан жеңүүчү болгон окуучу Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин диплому менен сыйланат жана кышкы каникулду Малайзияда өткөрүү жолдомосуна ээ болот. Жеңүүчүнүн сапарынын чыгымын (барып-келүү, жатакана, эртең мененки тамак) Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги көтөрөт.

Сынактын максаты:

- Окуучулардын билим алуусуна шык берүү;

- Балдардын жана улуулардын көңүлүн өз өлкөсүндөгү табигый, маданий жана тарыхый мурастарга буруу;

- Патриоттук сезимдерин күчөтүү;

- Өлкөнүн табигый жана маданий баалуулуктарына аяр мамиле жасоого тарбиялоо;

- Мамлекеттин көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес адамдарды аныктоо жана сыйлоо.

Сынактын шарттары:

1. Катышуучулардын курагы 12-15 жаш аралыгында болушу керек (2000-2003-жылдары туулгандар).

2. Ар бир катышуучу жалпы жарандык паспортко ээ экенине же аны 2015-жылдын 25-декабрына чейин алууга, ошондой эле эч кандай тоскоолдуксуз чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенине кепилдик берүүсү шарт.

3. Аталган сынакка катышуу, ага керектүү материалдарды жөнөтүү балдарынын белгилүү бир мөөнөткө сапарга чыгуусуна жана тиешелүү документтерди берүүгө ата-энелердин макул экенин билдирет.

4. Сынак 2015-жылдын 17-ноябрынан 17-декабрына чейин жүргүзүлөт. Дилбаяндарды кабыл алуу 17-декабрда саат 17.00дө токтотулат.

5. Сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат.

6. Сынак боюнча редакцияга жиберилген эмгектер кайра кайтарылбайт, аларга рецензия берилбейт.

7. Тийиштүү талаптарга жооп бербеген жана буга чейин башка сынактарда байгелүү орунду алган эмгектер сынакка катыша албайт.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги менен өнөктөш катары дилбаяндар сынагын уюштуруп жаткан маалымат каражаттары кайсы облустар менен иштеп жатканын төмөндө жазып койдук:

1. "Азаттык" - Жалал-Абад облусу (webeditor@rferl.org)
2. “Супер-Инфо” - Нарын облусу (konkurs@super.kg)
3. ЭлТР - Ош облусу (eltr_ktrk@mail.ru)
4. НТС - Ош шаары (ayk_84@mail.ru)
5. "7-канал" - Баткен облусу (zkanal@mail.ru)
6. "Заноза" - Чүй облусу (zanoza.kg@gmail.com)
7. Vb.kg - Бишкек шаары (konkurs@vb.kg)
8. "Фабула" гезити - Талас облусу (forum0312@gmail.com)
9. "Кабарлар" сайты - Ысык-Көл облусу (kabarlar.kg@gmail.com)

XS
SM
MD
LG