Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:08

Саясат

Банк кутучаларындагы купуя ачылабы?

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов банк кутучаларынан алынган акча боюнча бийлик ынанымдуу жооп бере электигин сындап чыкты.

Текст көлөмү - +
Коомчулукта бул иш саясатка айланып керектүү учурда гана көтөрүлүп, убакыт өткөн сайын тергөө органдарынын көңүл борборунан сыртта калып жаткандыгы айтылууда. Башкы прокуратура бул иш аягына чейин иликтенип, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе сотто каралгандыгын белгиледи.


Боо-боо божомолдор...

 Ачкандан кийин алар ачык-айкын коомчулукка көрсөтүп, каражатты мамлекеттин карамагына өткөзүш керек эле...Марат Иманкулов

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов тергөө органдары эки жылга жакын убакыттан бери созулуп келе жаткан банк кутучаларынан алынган акчага байланышкан кылмыш иши боюнча кеңири маалымат берүүгө тийиш деп эсептейт. Ал мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык деген шек менен банк кутучаларынан алынган акчанын суммасы боюнча түрдүү божомолдор айтылып жаткандыгын мисал келтирди.

Марат Иманкулов бул иш боюнча тергөө органдары коомчулукка ынанымдуу жооп бере албай жаткандыгын сынга алды:

​​- Эч кимисинен “Биз аягына чейин текшердик, анын жыйынтыгы мындай болду" деген ачык-айкын толук отчетту уккан жокпуз да. Акча уурдалгандыгы же андай эместиги такталыш керек эле. Банк кутучаларына кол салуу – бул мамлекеттин банк системасына болгон ишенимди кетирип койду. Ырас, зарылдыктан улам деп ачкандан кийин алар ачык-айкын коомчулукка көрсөтүп, каражатты мамлекеттин карамагына өткөзүш керек эле. Бирок мына ошол кутучалардан акча алынгандыгы телефондук сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткенден кийин билинип жатпайбы.

2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов аталган банк кутучалары мыйзамсыз ачылган деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен. Бирок жакында бул боюнча айыпталышкан Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиев шаардын Биринчи май райондук соту тарабынан акталды.

Башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары Байтемир Ибраев банк кутучалары мыйзамдын чегинде ачылгандыгы сотто тастыкталгандыгын белгиледи:

​​- Бизге бул боюнча маалымат берип турган адамдар бар. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгара албайбыз. Эгерде коомчулукка белгилүү болуп калса, аларды өлтүрүп кетиши мүмкүн. Мына бул банк кутучасы тигиге тиешелүү, ал болсо буга таандык деп берилген маалыматтын негизинде биз ошол акчаны таптык да. Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөң эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, биргеликте акт түзүп ачып, анан акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат.


Келме кезекпи же куушкан куугунтукпу?


Байтемир Ибраев 7-апрелдеги козголоңдон кийин Убактылуу бийликтин чакыруусу боюнча баш прокурордун милдетин аткарып турган. Жети айга жакын иштеп, кызматын Кубатбек Байболовго өткөрүп берген болчу.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов кезинде банк кутучаларын ачуу боюнча кылмыш ишин козготкону үчүн учурда ага карата саясий куугунтук жүрүп жаткандыгына токтолду:

​​- Жоопкерчиликке тартылып жатышкан тергөөчүлөр ошондой жол менен банк кутучаларын ачууга башкы прокуратуранын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын жетекчилери көрсөтмө беришкендигин айтышкан эле. Бирок азыр ага карабастан бардык жагдайларды көз жаздымда калтырышпадыбы. Ошонун натыйжасында мына ошолордун бардыгы акталып чыгышып, бардыгы чогулуп алышып эми “сен бизди отургузам дегенсиң” деп өч алуу максатында мага каршы чабуулга өтүштү.
  Президент бул ишке көңүл буруп, ага чекит койууга белсениши керек. Ал ишке кимдердин катышы болгондугу аныкталууга тийиш.Аликбек Жекшенкулов

Жакында айрым маалымат сайттары Кубатбек Байболовго каршы мурдагы кызматтык абалына байланыштуу кылмыш иши козголгондугун жарыялап чыгышты. Бул маалыматты тастыктаган башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев кылмыш ишин козгоого негиз берген жагдайлар туурасында комменттарий берүүдөн баш тартты:

- Иш козголушу козголгон. Бул боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Анан кайсы факты боюнча экендигин кийин айтабыз да...

Президенттикке талапкер учурунда Алмазбек Атамбаев банк кутучаларынан алынган акча боюнча кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алаарын убада кылган болчу.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов бул ишке чекит коюлбай жатышын азыркы бийликтин бетине сүртүлгөн көө катары баалады: 

​​- Мамлекет башчысы Атамбаев бул ишке көңүл буруп, ага чекит койууга белсениши керек. Анткени мындан ары дагы мына ушуга байланышкан суроолор бийликтин дарегине карата айтыла берет. Ошондуктан мына ошол ишке кимдердин катышы болгондугу аныкталууга тийиш. Себеби буга байланыштуу телефондук сүйлөшүү жарыяланып, банктын ичиндеги мына ошол окуяны чагылдырган видеотасма интернетке жайылып кетпедиби.

Ошол эле учурда коомчулукта банк кутучаларына байланышкан маселе саясий күрөштүн куралына айланып, анын керектүү учурларда гана көтөрүлө калып жаткандыгы айтылууда. Буга чейин парламенттик комиссия түзүлүп, бул боюнча ишти иликтей баштагандыгы жарыяланган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: БахМундуз каяктан: Бишкек
31.01.2012 18:56
Тойбосбек деген болуптур, такыр тамака тойчу эмес экен, атасы менен энеси аябай коркуп турушчу дейт, качан бул чыр салат тойбой калып депчи анан бир куну Тойбосбек апасы жокто аябай ачка болуп кошунанын уйуно барып чуркап кирип барып эле дасторкондогу болгон тамак ашын ашап жеп, жыргап аябай муздаткычын ачып алып андагы болгонун жеп атса кошунасы кирип келип кубалат чыгат имиш ТОйбосбек кайра чуркап келсе апасы, - ии кокуй кайда барып эмне жедин кокуй кимдин ашына кол салдын, эми олбодукбу, эл эмне дейт деп апасы чырылдаса анда Тойбосбек аябай каткырып кулуп туруп, - Апа мен баары бир тойбой жатам дептир. Кантип анан биздин чондор тоет!

кимден: Башкесер каяктан: Корея
31.01.2012 18:35
Бул иш кантип аягына чыкмак эле???? Уялбай коррупцияга каршы курош жарыялаптыр. Башкы коррупционерлер турмого отурбай министр болуп отурса.

кимден: мигрант
31.01.2012 14:03
Атамбаев ошол элдин акчасын элге жумшап преиздент болдуда. , Сариевти бекериден министир кылып шайлап койду дейсинерби. Азыркы бийлике ишениш кыйын Кыргызстанды онуктуруп иришине!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.01.2012 11:33
Бул ишке 3 революциядан кийин чекит коюлат!!

кимден: какшык
30.01.2012 21:59
Бул ишти козгобой эле койбойсунарбы министр т. сариевдин беделине доо кетет.Бирок билем барибир аягына чыга албайсынар.
Пикирге жооп

кимден: Agent007 каяктан: Bishkek
31.01.2012 09:57
Атамбаев ушул ишти ачууга кызыкдар болгон болсо, Темир Сариевди экономика министри кылууга жан үрөбөйт эле го. Анткени Сариев канчалык актанбасын телеофон суйлошуусундогу бир эле суйлому аркылуу банктагы ячейкалардан алынган акчадан чон сугунушканы байкалып турбайбы. Бирок президент аны которгонуно караганда, бул жерде мына ошол акча бардыгына жеткидей болгон жана бардыгына тен болуштурулгон. Мындай болбогондо булардын ортосунда чыр чыкмак. Убактылуулардан андан ооз тийбей калган эч ким болбосо керек. Демек Президент бул ишке соучастник болушу мумкун.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине