Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:12

Атайын иликтөө / Коррупция

Жети баштуу ажыдаар менен кантип күрөшөбүз?

Кыргызстандын Коргоо кеңеши 30-январда коррупцияга каршы күрөш маселесин талкуулады. Анда президент Алмазбек Атамбаев соттордун, прокуратуранын жана УКМКнын антикоррупциялык комитетинин дарегине олуттуу сын айтты.

Текст көлөмү - +
Бул арада антикоррупциялык комитет коррупцияга байланыштуу эки ири иш козгоду. Бул коррупцияга каршы күрөштүн чындап эле башталышыбы же кезектеги куру сөз болуп калабы? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды. 

Талкууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан Туратбек Мадылбеков жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Коргонуу кеңешинин жыйыны алдында айтылуу “Мегаком” компаниясынын жетекчилери кармалды. Ага чейин Улуттук электр станциялар акционердик коомунун төрагасынын орун басары коррупцияга байланыштуу кармалган эле. Бул жогорку бийлик менен түз байланышта болгон орто звенодогу чиновниктер. Мына ушул аракеттер коррупцияга каршы чындап күрөш башталганынан кабар береби?

Төрөбай Зулпукаров: 30-январда Коргоо кеңешинде бир эле маселе каралды, бул - коррупцияга каршы күрөшүү. Коомчулукка белгилүү болгондой жакында эле коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөн. Бул кызмат түзүлгөндөн тарта ийгиликтүү иштер башталды деп эсептесек болот.
Рим империясы да коррупциянын кесепетинен империя катары жоюлуп кеткен. Биздин мамлекетте коррупция эки, же он кишинин камагы менен бүтпөйт.

“Азаттык”: Коргоо кеңешинин жыйыны алдында эки чоң кызматкерге кылмыш иш козголуп, камакка алынды. Ушуну башталыш деп эсептесек болобу?

Төрөбай Зулпукаров: Башталыш деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Коомчулукта ишеним пайда болуш үчүн кайсы коррупциялык жаңжалдар иликтениш керек?

Марат Иманкулов: Тарыхка кайрылсак, илгерки чоң империялар, анын ичинде Рим империясы да коррупциянын кесепетинен империя катары жоюлуп кеткен. Биздин мамлекетте коррупция эки, же он кишинин камагы менен бүтпөйт. Бул чоң социалдык маселе, коомубузда тазалануу жүрүш керек. Коом бардык бийлик бутактарына ишенгендей шарт түзүлүш керек. Бул комплекстүү каралыш керек.

Мамлекетте коррупция болбош үчүн бардык шарттар түзүлүш керек, анын ичинде жаңы мыйзамдар кабыл алыныш керек. Азыр коррупцияга каршы кызматына жүктөп коюп, "коррупцияны жойобуз" деген болбогон нерсе. Ал үчүн коомчулук да киришиш керек. Мамлекеттин башына бийликти алдык деп келишти, өздөрү таза болуш керек жана түп-тамырынан баарын тазалаш керек.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөн. Бул кызмат түзүлгөндөн тарта ийгиликтүү иштер башталды деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Эки чоң компаниядагы төрт кишинин кармалышы бизде коорупцияга каршы күрөш башталды деп элге ишеним туудура алабы?

Туратбек Мадылбеков: “Альфателекомго” убагында ар кандай тоскоолдуктар болгон, биздин коррупцияга байланышкан чоң-чоң чиновниктердин байланышы болгон. Азыр тергөө иши башталды, ал аягына чейин жетет.

“Азаттык”: Коррупцияга каршы кайсы орган күрөшүш керек? Өкмөт Каржы полициясын даярдап жатат. Президент Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматын таптап жатат. Мунун соңу коррупцияга каршы күрөш эмес, саясий топтордун согушуна айланып кетпейби?

Туратбек Мадылбеков: Кечээ Коргоо кеңешинде ушул жөнүндө сөз кылдык. Келечекте сөзсүз түрдө коррупцияга каршы күрөшө турган уюм болуш керек. Ага президент да макул болду. Биз тартип коргоо органдарында иштеген профессионал адамдарды ар кайсы кызматтардан тандап алып, бир уюмду түзүп, ошолор иштеп берсе деген жакшы тилек бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Доолотбек Ш.Т. каяктан: Бишкек ш.
13.02.2012 04:14
Академик Оморбай Нарбеков коррупцияга каршы курошкон ,эл учун эмгегигин,билимин ,дарыкерчилик ыкмаларын ,омурун арнаган,Бакиевди ,Акаевди кулатттуга БЭК тин13 мучосунун аксакалы ,калыс бардык нерсени бетке айтып ,Таластагы 6-7-8 апрелинде баатырдык корсотуп ,Республикадагы болгон революцияны башкарып Апрель ,Элдик Революциясынын Баатыры наамына татыган уулу адам.Анын эмгектерин буттун Кыргыз Эли билет,Озгочо Бакиевдин ажыдаар бийлигиндеги ачыктан ачык каршылык корсотуп коомдук пикирди маалымат булактарында тайманбай жазып , жалпы журтка белгилуу. Мамлекетибизде жападан жангыз коомдук денгелде ,айлык ,машина минбей,бекер кызмат жазап , арелдеги , июндагы окуяларда Талас,Бишкек ,Маевкадагы ,Ошто ,Жалал-абадагы жарадар болгон адамдарга ар тараптан дары дармектерин 5 миллион сомго бекер таратып камкоргон инсан.элим ,жерим деген башын кажыгага байлап кадырлуу ишкер окмуштуу.Анын чыгарган дарылары ,Европада СНГ Мамлекеттеринде кенири белгилуу Евромаркетин, Израэлдин алтын сыйлыгыктарына 5 жолу татыган.Дарылары Космоско учкандарга ,Чернобулдагы атомдук жарылууда пайдаланган. Азыркы мезгилде Япония Мукиссимадагы жарланган жабыр тарткандарга пайдаланууга келишимдер тузулуудо. Кыргызстанга 1980 жылддардан бери озун озу каржылаган жалгыз медициналык Бейиш илимий борбор болгон, Акаев мезгилинде да кордук коруп камалган, жалган жеринен,бирок акыйкаттык бар экен Жогорку Сот .Республикалык Прокуратура тарабынан толугу менен акталган. Эл аралык СНГ мамлекеттеринин фито центринин Президенти болуп ,Эл аралык бир нече Академиясынын Академиги болуп шайланган.Ушул мезгилде Бейиш илимий борборунун базасында Эл аралык салттуу медициналык илимий Академия уюштуруп Окмоттук токтом кабыл алынган . Республиканын 7 областында илимий борборлорду жергиликтуу бийликтер менен тузуп региондордун жаратылыш шарттарын табийгый дарылык байлыктарын эске алып уюштурган. Ушундай дуйнолук денгелдеги окмушттуну Медицина Жетекчилери коро албастыгынын айынан оз колдору менен жала жаап куч бийликтери менен адам укугун одоно бузушуп , жоопко тартууга аракетенип ...жаттууда , жакында Мамлекет башчылары дагы кимдер уюштурганына кубо болушат ,,,, ,?!!. Революцияны эр азаматтар жазап шылундар кызматарда иштеп Элдин ишенимин кеттирип реформаларга жолто болууда ,Озгочо Сот ,Прокуратура,Ички иштер ,фин поллиция, Салык тармагында ,Министерликтерде , Олко башчысынын коррупцияга каршы курошуно . Нарбековдой мыкты инсандарга шек келтируулору , бут дуйно элдеринин алдында тергоо мезгилинде жашырын сырларды сактабай , малымат каражатарына байма бай берип Нарбековдун адамдык бейнесине коо жагышууда , укуктук жактан . эки адамдын ортосундагы жеке мамилени пайдаланып уят ишке барышууда . !0 февраль куну Медицина дагы коррупцияга каршы курошко иш пландарын жыйынга алып бара жатканда уюштурушкан .
Пикирге жооп

кимден: Кудайдын пендеси каяктан: Жалган дуйно
21.02.2012 11:41
Мындай корунуштор тилекке каршы мындан мурун да болуп келген, эгер 34-38 жылдар болсо эбак эле эсебин табышмак, Нарбеков аксакалга сабырдуулук, бекем эрк тилейбиз, "Ак ийилет, бирок сынбайт"-дейт, кара озгойлукко каршы курошуудо сына корбонуздор! Алмазбек мырзадан чыныгы мырзалыкты, жигиттикти кутобуз, чындап озунон баштап, мына элим, менин комускодогу байлыгым булар, Атоммашты менчиктештируудон тапкан пайдам да элдики, заводду мына мындай онуктурдум, мен эл учун иштеп журдум, мен Кудайдан корккон кишимин, келгиле, мамлекетти, элди чоголотпойлу дейт го...

кимден: Нуржан каяктан: Бишкек Ош базар
10.02.2012 13:39
Кыргызстанда Жемкорлук Акаевдин 13 жыл иштегенден кийин башталган, ага чейин Куч органдары, текшерүчүлөр, кимдир бирөөдон чай ичкенден коркушчу. Анан эмне болду Кызмат сураган кыкен Майрам Акаевага пара берип , кызмат алды. Ар-бир Кызмат оорун үчүн ставка койулган. 2005 жылы Эл бул системадан чарчап Аларды кууп жиберди. Бакиев 2 жыл иштегенден кийин Кызмат орун 3 эсе кымбаттап тариф койулду. Алар азыр ушул эле бийлик башында, күч органдардын арасында түшпөс хан болуп бекем жайгашкан.Себеби алар билет кимди сатып аларын, Ошондуктан ыйлап журуп, уят-сыйыты жыйнап кызмат сурашат. ООз ачып көр артындан сая түшүп сазайынды беришет. Куч органдар ар бир ишканага пландуу текшерүү койуп алышкан, азыр эсептелүү эле мекеме иштейт. Алар айыл өкүмөтү, билим берүү, медицина,социалдык тармак.Биринен чыгып экинчисине киришет. Ройондук ,областтык, Республикалык денгелдеги Күч органдары жылына бир мекемеге жок дегенде 2 баш багат. Ошол жерде иштеген жетекчинин күнүн көр. Кайдан жүрүп бул оорунду сатып алдым эле дейт. ӨздорүнҮн алчу ставкалары бар бербей көр , кимдир бирөөгө арыз жаздырып жок жалааны жаап Сотко жетелеп барат. Күч органдарын мекеме ишканаларды пландуу турдо текшерүүнү токтотпосо Жемкорлук, Бюджетин каражаты эч качан өз ордунда болбойт. Жемкорлукту Күч органдары тыйбайт кайра күчөтөт.
Пикирге жооп

кимден: Доолотбек Ш.Т. каяктан: Бишкек ш.
13.02.2012 04:20
Мурдагы Министр Сабыр Жумабеков Дуйнолук денгелдеги Окмуштуу Ортопед хирург уюштуручуну бийлик тарабынан бекер алынды , кыска мезгилде медиктерди чурулдатпай бийлик менен соз таап категориялык , стажын эске алып жогорку денгелде айлык акыларын алууда , Мугалимдерге караганда мыкты чечкен ,Жумабеков , Нарбековдун уштургуч потенцияларын туура пайдаланып оор кырдалдан чыгышып медиктерге коп женилдиктерди алып беришкен. Коррупцияга каршы курошто Субаналиев Омурбек ,Исаков Исмаил ,,Медетбеков Артур ,Мадылбеков Турат, Чотбаев Абдыгулга Субанов Мырзаканга окшогон мыкты таза генералдарды пайдаласа туура болмок мындай кыргыздын чыгаан жигиттерисиз , тартипти орноттуу ото кыйын . Ошондой эле мыкты Революционер Бутумбаев Алик , Чурмуков Асан , Айдаров Таалай ,Алыпсаторов Мелис , Тулкунов Жаныбектей жигиттерибизда кочододо калууда, Окмот булардын эл алдындагы жазаган баатырларды эмгектерин эске алып пайдаланса максатка ылайыкттуу болмок , реформалар тезиреек ишке ашмак, тескерисинче кошомтчы шылуундар бийликти тегеректеп олкобуздо кыйын кырдаалдар болууда....Ушундай Аксакалдар Кенешинин пикирлерин кабыл алышып мезгил мезгили менен жолугушуп Президент ,Окмот,Жогорку Кенештеги депутаттарга пайдалуу болмок , тилекке каршы андай мумкунчулукторго кадырлуу Аксакалдарыбыздын мумкунчулуктору жок , билимсиз ,бийликтин тегерегиндеги роботтордун азабынан ,... ? Элибиздин гулдоп озушуно терен ишенуу менен жакынкы арада . Темирдей тартип болмоюн болбойт .Карынын созун капка салып , бийлик менен байланыштар жонго салынуусуна ишенип Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кенешинин Торагасы Шадыбеков Доолотбек ТашкаратегинМурдагы Министр Сабыр Жумабеков Дуйнолук денгелдеги Окмуштуу Ортопед хирург уюштуручуну бийлик тарабынан бекер алынды , кыска мезгилде медиктерди чурулдатпай бийлик менен соз таап категориялык , стажын эске алып жогорку денгелде айлык акыларын алууда , Мугалимдерге караганда мыкты чечкен ,Жумабеков , Нарбековдун уштургуч потенцияларын туура пайдаланып оор кырдалдан чыгышып медиктерге коп женилдиктерди алып беришкен. Коррупцияга каршы курошто Субаналиев Омурбек ,Исаков Исмаил ,,Медетбеков Артур ,Мадылбеков Турат, Чотбаев Абдыгулга Субанов Мырзаканга окшогон мыкты таза генералдарды пайдаласа туура болмок мындай кыргыздын чыгаан жигиттерисиз , тартипти орноттуу ото кыйын . Ошондой эле мыкты Революционер Бутумбаев Алик , Чурмуков Асан , Айдаров Таалай ,Алыпсаторов Мелис , Тулкунов Жаныбектей жигиттерибизда кочододо калууда, Окмот булардын эл алдындагы жазаган баатырларды эмгектерин эске алып пайдаланса максатка ылайыкттуу болмок , реформалар тезиреек ишке ашмак, тескерисинче кошомтчы шылуундар бийликти тегеректеп олкобуздо кыйын кырдаалдар болууда....Ушундай Аксакалдар Кенешинин пикирлерин кабыл алышып мезгил мезгили менен жолугушуп Президент ,Окмот,Жогорку Кенештеги депутаттарга пайдалуу болмок , тилекке каршы андай мумкунчулукторго кадырлуу Аксакалдарыбыздын мумкунчулуктору жок , билимсиз ,бийликтин тегерегиндеги роботтордун азабынан ,... ? Элибиздин гулдоп озушуно терен ишенуу менен жакынкы арада . Темирдей тартип болмоюн болбойт .Карынын созун капка салып , бийлик менен байланыштар жонго салынуусуна ишенип Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кенешинин Торагасы Шадыбеков Доолотбек Ташкаратегин

кимден: Кудайдын пендеси каяктан: Жалган дуйно
03.02.2012 12:09
Ачык конкурс менен адистерди тандап, коррупцияга каршы курошуудон мурда, коррупцияга азык келчу тамырды кыркыш керек, коррупционерлер тобу менен парламентте, бийликте, соттордо эле журушпойбу! Коз тийбесин, Чубак ажы оз тармагында тазалануу жургузуп, чындап иштей баштады, башка женин туруп иштеген министр, жетекчилер корунбойт, кресломду алдырып койбоюн дегендей алыс чыгышпайт, чындык, адилеттик, тазалык болбосо бир баштуу ажыдаар менен да курошо албайбыз! Алган айлыгы белгилуу, салган уйлору ак сарай делди, ошол ак сарайлардын кимге таандык экенин элге корсотуп эле койсо коррупционерлерге таасир бермек, ошол да курош!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.02.2012 00:25
Ooba, tim ele jaltratyp iyishchyydöi.Biröönör dagy korrupziany jene albaisynar.Antkeni oshol biylyk bashyndagylar (al emes jönököi adamdarga cheyin) korrupziyalashyp ketken.Anan birinin artyn biri achmak bele!? Kaisyl akmak kylat bunu. "Myna bul uurdady" dep köröszynchy, erten al baryp ösyn körgösyp koiot. Anan kai jaktagyny ele oosdorun tolturup syilöshöt.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.02.2012 10:40
Сен онолууну озундон башташын керек, жакшы нерсени кубатап "оп бали" деп койсон ал андан ары онугот да. эч нерсе боло электе эле "аа болбойт" десе ушинтип "чурка" жэ "баран" бойдон журо бермек белек онолобуз, бул саамалык колдоого алына турган нерсе мен колдойм молодцы баштагандан кийин улантууну унутпайлы, элдер жапа тырмак колдоп койгула корупцияны утуп кетпесек да азайта турган кун болоор.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 05:51
Ar bir adam osynon bashtash kerek, al tuura. Korrupzianyn joiulushu abdan jakshy nerse. Birok bisdin mamlekette any jenyy( al emes onykkon olkolordo dele korrupzia bar) realduu emes.Al ychyn bizdin sozialdyk jashoobus jogorku dengeelde bolush kerek, koopsuzduk organ, sot sistemalary kychtyy bolush kerek. Al emi mamleket elin karabasa, ach olturgan adam senin zakonuna karamak bele.

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
02.02.2012 18:03
Эгерде чындап эле коррупция менен күрөшө турган болсок, жыйындарда "уурунун орду түрмөдө" деп кыйкырып ачылыш жасабастан, иш жүзүндө чыныгы элдин ырыскысын талап-тоногондорду камаш керек. Ансыз деле кичинекей баладан баштап баары билет, түрмө кылмышкерлер, уурулар үчүн салынганын. Коррупцияны жоюу үчүн: биринчиден- жоючулар өздөрү таза болуш керек. Экинчиден-эң коррупцияланган мекемелерден чечкиндүү күрөш менен башташ керек. Өзгөчө укук коргоо органдары болгон сот, прокуратура, УКК, милицияларды. Ошондо эл ишенип жардам берет. Үчүнчүдөн-комплексно ар тараптан иш чара жүргүзүш абзел. СМИлер, жарандык коом өз салымдарын кошуусу керек. Бир уюм түзүп аны менен жок кылабыз дегендик, бул жөн гана элди алдаган популисттик саясат болуп калат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине