Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:12

Экономика

Кыргызстан коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында

Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мындай тыянак Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында чыгарылган.

Текст көлөмү - +
Байкоочулардын пикиринде, Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдары өтө коррупциялашкан тармактар деп эсептелет. 

Эл аралык Transparency International уюму иликтеген 182 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 164-орунду ээлеген. Бул Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрү менен бир тепкичте турат дегенди билдирет.

​​Жергиликтүү талдоочулар эл аралык уюмдун жаңы баяндамасындагы Кыргызстанга берген баасында негиз бар деп эсептешет. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев коррупциянын жогору болуп жатышынын себебин, мамлекеттик мекемелердин жеке секторго ашыкча кийлигишип алганынан улам деп эсептейт:

- Мамлекеттик органдарды кыскартыш керек. Толгон-токой кагаздарды толтуруп кереги жок. Мисалы, бизнес же иш ачкың келсе, укмуш көп кагаздарды даярдап келиш керек экен. Аларды даярдагандан кийин да “силердики бул жери, тигил жери туура эмес” деп, ар кандай  себептерди таба беришет. Эгер ошолор жок болгондо алар эч нерсе сурай алмак эмес.

Коррупциялык аракеттерге мамлекеттик жогорку жетекчилер өздөрү аралашкан же паракорлорду калкалаган учурлар арбын экени белгиленип келет.

Укук коргоочу, “Прецедент” шериктештик тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов өкмөттүн бардык кыймыл аракеттери ачык-айкын жана түшүнүктүү болгондо гана жемкорлук азаят деген ойдо: 

- Өкмөт ачык-айкын болуш керек. Өкмөттүн чечимдери, бюджет, бюджеттин аткарылышы ачык болуш керек. Эгер андай болбосо уурулук улана берет. 

​​Өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармактар деп сот, прокуратура жана милиция органдары экени белгиленип жүрөт. Байкоочулардын айтымында, 2010-жылы ыңкылап аркылуу келген бийлик да сот реформасын жүргүзүү боюнча  көптөгөн убадаларды берип, бирок аны аткара алган жок.

Кызматын жаңы гана тапшырган экс-президент Роза Отунбаева да сот тармагын реформалоого жетише албай кетип баратканын 29-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирген.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда ант берүү аземи учурунда сүйлөп жатып, коррупцияга байланыштуу буларды билдирди:

- Кийинки кадамыбыз – элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти азыртадан жойбосок, келечегибиз күмөн. Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу – мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз.

Элдин да аң-сезими өзгөрүшү керек

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, 2011-жылдын 9 айында коррупциялык аракеттер боюнча 453 кылмыш иши козголгон. Бирок укук  коргоочу Нурбек Токтакунов жемкорлук азайышы үчүн жарандардын да аң-сезими өзгөрүшү керектигин белгиледи.

- Коррупция деген алгандан болбойт да, бергенден болот. Эл бере берсе, бийлик ала берет. Ошон үчүн эл бербеш керек. Мисалы, биздин тууганыбыз чоң болуп калса, баарыбыз тегеректеп жүрөбүз, бизге да пайдасы тийсе экен деп. Бир анекдот бар: "“кыргызчылык” орусча кантип которулат” десе, "“коррупция" болуп которулат” деп жооп берген экен. 

​​Transparency International уюмунун баяндамасында Орусия, Беларус жана Азербайжан 143-орунду, Украина менен Тажикстан андан төмөнкү орундарды ээлеген. Ал эми Казакстан салыштырмалуу жемкорлук аз деп, 120-орунду алган.

Өтө коррупциялашкан Борбор Азия өлкөлөрдүн катарын Өзбекстан менен Түркмөнстан түзөт, алар 177-орунда турушат. Андан кийинки жана эң акыркы орундарда Сомали, Түндүк Корея, Мяьнма, Ооганстан бар.

Ал эми коррупциянын деңгээли аз, ачык-айкын делген өлкөлөрдүн башында Жаңы Зеландия, Дания жана Финляндия турат.

Transparency International уюму бул жыйынтыкты мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин иликтөө менен чыгарат. Кыргызстан өткөн жылы да 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген болчу.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ош каяктан: Бишкек
06.12.2011 06:41
Коррупция 1,5 жылда 200% которулуптур. Окмот,- аны колдогон президент кунолуу. Бакиев коррупцияны тузук эле сыгып койду эле. Атамбаев эптеген бир эрксиз жан корунот. Коррупция эми 500% которулот окшойт.Коргоо министрлиги, ички иштер мин-ги, билим беруу мин-ги,- учоо катуу жарышууда. Кадр башчылары акчаны лопатка менен эле куроп калышты.Министрлер миллионер болот окшойт.Элди ким ойлойт мындай гонкада.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.12.2011 12:35
Кадр башчыларын катуу текшеруу керек.ОШОЛОР ишти бутургондор.Деги тоюшпайт.Алардын маскасы Фантомастыкынан калын и коп. Деги сыр беришпейт.

кимден: Абды каяктан: Кадамжай
03.12.2011 11:44
Кыргызстан коррупция боюнча менимче дуйнодо биринчи орунда турса керек, кайсы мекемеге барбагын акча бербесен жумушун бутпойт. Мен озум иштеген Жаратылыш ресурстар министрлиги, коррупция боюнча Кыргызстанда эн алдында болсо керек суммасынын коптугу жагынан, айрыкча алтын кендери боюнча, эгер ал суммаларды уксанар оозунар ачылган бойдон жабылбай калат. Дагын бир жаныдан ачылган коррупциянын очогу, жергиликтуу бийлик окулдорун ошол жергиликтуу айылдык, райондук депутаттар шайлайт экен, кызыгы райондук кенеште 30 депутат болсо акимге кандидат ошолордун 16 на акча берип чыгат экен, утуп алыш учун. Бул создор эл оозунда айтылып журот секрет болбой калды, бир кандидат 3000 доллар айтса экинчиси ставканы 5000 долларга чыгарыптыр. Мурда кайсы бир ресурстары бай районго аким болуш учун Бишкектеги "крышага" 100 мин доллар берсе азыр кошумча жергиликтуу депутаттарга да беришке туура келет экен, бул закондордун автору биз урматтаган Текебаев мырза. Эми туугандар Кыргызстан бул коррупция сазынан кантип чыгат бир Кудай билет.
Пикирге жооп

кимден: Кенчи каяктан: Сулукту
05.12.2011 12:03
Абды абдан туура жазыптыр, коррупциянын бул түрү системага айланган көрүнүш, жайында Сүлүктүнүн мэри дал ушул ыкма менен "шайланды". Эгембердиев А. деген тың, ишкердүүлүктө, мамлекеттик кызматтарда такшалган, мэрдин милдетин убактынча аткарып турган жигиттин ордуна, мурда ушул эле шаарда мэр болуп иштеп кеткен, кесиби боюнча педагог Бакыбековду жергиликтуу депутаттар "шайлап" коюшту. "Бакыбеков мэр болуш үчүн депутаттык корпустун жарымын, ал аз келгенсип чет жакага иш издеп кеткен шаардык Кеңештин айрым депутаттарына чейин Сүлүктүгө келип кеткен жол кирелерин төлөп берип, добуштарын сатып алды" деген сөз эл арасында айтылып жүрөт.Эми коррупциянын ушул сыяктуу "метстаздарын" хирургиялык жол менен кесип ташташ үчүн Кудай АШАга саясий эрк берсин, ал элим, жерим деп башын канжыгага байлаган Президент болсо, эл да карап турбай көкүрөгүн агартып,башындагы туманды айдап, жапа тырмак киришип коррупцияга согуш ачса, жыргал турмушка, эркин заманга жетиш бат эле.

кимден: Чал каяктан: Ноокат,Кулатов.
02.12.2011 18:51
Президенттин коррупция менен курошом дегени кантип аткарылат,кудай билет.Жогорку Кенештин депутаттары акча толошуп парламентке келишти,болгондо да жуз миндеген доллар взнос толошкон,тизменин башына жазылганы.Тизменин башына жазылгандар,депутаттык креслого отурушту,депутаттык кресло тийбегенине министрликтер,губернаторлук,акимдик ж.б .мамлекеттик кызматтар тийди.Бул кыргызстанда бир да мамлекеттик кызмат,акчасы жок кишиге тийбейти дегендик.Ар турдуу тендерлерди уюштуруп журушот,анын баарына жанакы акча тологон копостор киришип ,оз тууган уруктарына ыйгарышат.Кыргызстан коррупция боюнча биринчиликте турса керек. Коррупция-кыргызчылык деген ото туура айтылган.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.12.2011 18:16
REFORMA BIZDE KACHAN BOLOT GRUZIJADAGIDAY ?????????????????????????????????????????
Пикирге жооп

кимден: алымбек каяктан: маскөө
03.12.2011 13:37
сен экообуздун балдарыбыз корсо жакшы ал реформаны.саакашвилини президенттикке коюш керек кыргызстанга. :-)

кимден: Altynai каяктан: Doha
02.12.2011 14:37
mindan bir neche jil murun Azamat Altai kozu tiruu ubaginda Azattykka bergen intervusunda mindai aitkan sosdorun uktum ele.
Kyrgyzstan egemenduulik algandan kiyin 15 jil ichinde belchesinen botkogo batti, 15 jil onoi ubakit emes ale dep. Al emi azir 20 jilda botkogo moinubusga chein battikpi.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.12.2011 18:33
мойнунан эмес азыр чабак уруп сузуп журобуз тикенен турсан чогуп кетесин.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине