Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Чакиевдин тагдырын сот чечет


Максат Чакиев
Максат Чакиев

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Чакиев пара берген деген шек менен кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Максат Чакиевге учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат. Милициянын версиясы боюнча Чакиев өзүнө козголгон кылмыш ишти жабуу үчүн 100 миң сом сунуштап, 28-майда анын 92 миңин 5-башкармалыктын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды.

2014-жылдын июль айында Чакиев чет элдик бир жаранга Туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү деген жалган күбөлүк жаздырып берип, анын ордуна сый көрмөкчү болгон. Милиция муну териштире баштаганда Чакиев ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө жолдомо сунуштап, ишти жабууну өтүнгөн.

ИИМ өкүлү мындай сунуштан баш тартып, жыйынтыгында Башкы прокуратурада пара берүү беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, аны териштирүү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

- Чакиевдин телефон аркылуу биздин кызматкер менен сүйлөшкөнү, ага акча берип жатканы баары видеого тартылып алынган. Анын баарын сотко өткөрөбүз. Ал эми сот кандай чечим чыгарат билбейбиз. Кылмыш-жаза кодексинин пара берүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча мыйзам бузган адам сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Чакиев өзү же жактоочусу азырынча эч кандай комментарий бере элек. Туугандары менен байланышууга мүмкүндүк болбоду. Айрым жергиликтүү интернет сайттары “кимдир бирөөлөр аны каралоого аракеттенип жатат" деген туугандарынын билдирүүсүн жазышты. Ал эми Туризм департаментинен эч кандай маалымат бере албасын билдиришти.

Чакиев пара менен кармалды деген кабар социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Бүткүл дүйнөлүк "Көчмөндөр оюнун" уюштурууда башында турган, улуттук баалуулуктарды кеп кылып, “Кыргыз кодекси” китебин чыгарууда демилгечи болгон жаш кадрдын мындай иштерге аралашканын ар кандай божомолдоп жатышат.

Бирок активист Мирсулжан Намазаалы буга чейин эле коомчулукта Чакиев жөнүндө ар кандай кептер айтылып жүргөн дейт:

- Чакиев жөнүндө буга чейин эле ар кандай пикирлер айтылып жүргөн. Ал "Көчмөндөр оюнунда" эч кандай тендер жок эле көптөгөн ишканаларды киргизип жатат деген өңдүү сөздөр чыккан. Балким, ошол сөздөрдүн чындыгы чыгып жатабы? Азыр бир нерсе деп айта албайм, эми сот чечет.

Чынында былтыр күз айларында өткөн "Көчмөндөр оюнун" уюштурууда Максат Чакиевдин дарегине сындар арбын айтылган. Маалымат каражаттарында "Көчмөндөр оюнунун" сайтын жасатуу үчүн эле 20 миң доллар сарптаганы, айрым ресторан ээлерине эки ай оюндун уюштуруучуларын бекер тамак менен камсыз кылуу тууралуу каты да жарыяланган болчу. Былтыр шашылыш салынган ат майдандын курулушуна байланыштуу каражаттын чыры дале басыла элек. Ал эми Чакиев өз кезегинде дооматтарды бут тосуу катары баалап келген.

“Кыргыз концепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев мындай иштердин болуп жатышы, бийликтин кадр тандоодогу кемчилигинен кабар берет деген пикирде:

- Бул кызматка кандай келип калганын жакшы билбейбиз. Эгерде ачык сынак болсо, саясий плюрализмди орното алган болсок, анда коом өзүнөн өзү тазаланып, мыктылар жогору жакка бармак эле. Бүгүнкү күндө кызматка ачык сынак жүрбөгөндүктөн, мыктылар келмейин мындай көрүнүш улана берет.

Ошол эле маалда Максат Чакиевдин камалышын саясаттагы оюн катары баалагандар да жок эмес. Жаш муундун өкүлү, жарандык активист Максат Кадыр бул окуяны кимдир бирөөлөр атайын жасашы ыктымал деген пикирде:

- Мен эки-үч жолу эле таанышып, сүйлөшкөм. Чириген деле бай эмес, жөнөкөй, билимдүү жигит болчу. Кыргызстандын туризм тармагын өстүрө турган кадр десем жаңылбайм. Бизнесте жүрө берсе деле болмок, бирок ал мамлекет үчүн иштеп аткан. Азыр эми кызматтагы адамдар бычактын мизинде жүрүшөт. Мен видеону көрдүм, үнү угулбайт, келип эле акча берди, анан тигилер кирип келди. Чындап пара сунуштаган кишинин кыймыл-аракеттери башкача болмок да.

38 жаштагы Максат Чакиев ​Талас облусунда туулган. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментине жетекчи болуп 2013-жылы келген. Ага чейин ар кандай коммерциялык максаттагы ишканаларда иштеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG