Жума, Август 22, 2014 Бишкек убакыты: 07:58

Коопсуздук

Кыргызстандык криминалдын “лөктөрү” кармалды

Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары атыккан Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияев Интерполдун линия аркылуу жергиликтүү полиция колго түшүрдү

Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.
x
Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.
Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.
Мындай маалыматты ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев тастыктап, Абу-Дабинин полиция жетекчилигинен бул тууралуу телефон аркылуу билдиришкендигин айтты.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, Камчы Көлбаев жашаган үйдөн жасалма документтер жана мунун алдында Абу-Дабидеги бир дүкөндөн белгисиз адамдар тарабынан каракталган баалуу зергер буюмдар табылган.

Мелис Турганбаев
Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев менен Анапияевди жергиликтүү полиция мына ушул жагдайлар боюнча кылмышка шектүү деп кармашкандыгын белгиледи:

- Кармалган экөөнө тең азыр мына ошол паспорттук визалары боюнча кине коюлуп, андан тышкары ошол жакта жасалган бир кылмыш иши боюнча жергиликтүү полиция иш алып барып жаткан экен. Бизге бул тууралуу оозеки эле маалымат келди. Эми алар тарабынан расмий билдирүү келсе, биз аларды кайтаруу боюнча иш аракеттерди көрө баштайбыз.

Обаманын көзүнө илинген Көлбаев

Мындан бир канча ай мурун Кыргызстанда Камчы Көлбаевге жана Алманбет Анапияевге эл аралык издөө жарыяланган. Экөө уюшкан кылмыш топторун түзүү, адам өлтүрүү, ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу жана адам уурдоо сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айыпталышкан.

Жакында АКШнын президенти Барак Обама К.Көлбаевди эл аралык деңгээлдеги наркобарондордун тизмесине кошкон.

Камчы Көлбаев
Бирок Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов муну менен анын эл аралык коомчулук үчүн да коркунучтуу экендигин көрсөтүү максатында жасалган болушу мүмкүн деген ойдо:

- Буга чейин анын эл аралык тургай жергиликтүү деңгээлде маңзат мафиясына тиешеси бар экендиги туурасында маалыматтар болгон эмес. Мүмкүн кандайдыр бир оперативдүү маалыматтар болсо болгондур. Бирок бул боюнча такталган кылмыш иши бар экендигинен шегим бар. Ошондуктан бул маалымат АКШ президентине Кыргызстандын бийлиги тарабынан берилген болуш керек.

Негизги максат аны кармоого көмөктөшүш үчүн анын эл аралык деңгээлдеги маңзат мафиясына байланышы бар экендигин белгилөө болгон. Эми аны минтип шөкөттөп отурбай, Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын күчү менен деле кармаса болот эле. Мен муну менен К. Көлбаевди жактайын деген оюм жок.


Кыргызстанга кайтарылабы?

Чолпонаталык К. Көлбаев маркум Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда жүрүп, 90-жылдардын аягында андан бөлүнүп кеткен.

Чоң-Алайдан чыккан Алманбет Анапияев маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жансакчысы жана айдоочусу болуп жүрүп, ал каза болгондон кийин К.Көлбаев менен биригип, өлкөдөгү уюшкан кылмыш топторун көзөмөлгө алышкан.

Расмий жагынан ал Баяман Эркинбаевден кийин эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти болуп шайланган.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев бул эки адамды Кыргызстанга алып келип соттоо бийликтин аракетинен көз каранды деп эсептейт:

- Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди берүү боюнча өз ара келишим жок. Андай болгон чакта Эмираттарда алар кылмыш жасаган болсо, анда бизге кайтарып беришпейт.

Ал жактын мыйзамынын негизинде камакка алынып, ошол жакта жаза мөөнөтү чегерилет. Бирок эми аларды кайтарып алгысы келсе, Кыргызстандын жетекчилиги Бириккен Араб Эмиратынын бийлиги менен сүйлөшсө болот. Анткени аларда мына ушундай жагдайлар практикаланып келет
.

2003-жылы Кадамжай райондук соту А.Анапияевди "карактоо" беренесинин негизинде сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 3 жылдан соң мөөнөтүнөн мурун бошотулган.

К.Көлбаев 2002-жылы 25 жылга эркинен ажыратылып, бирок 2008-жылы мунапыска ылайык мөөнөтүнөн мурун камоо жайынан бошотулган. Жылдын башында Жаза аткаруу кызматы аны мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча Башкы прокуратуранын үч жыл мурунку токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок жакында Чүй облустук соту аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча өтүнүчтү четке каккан болчу.

Кубанычбек Жолдошев

"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Боха каяктан: Бишкек
29.07.2011 17:25
Вообще МВДга уят,эгер алар расмий турдо кат жонотсо деп....
Бу жерде юристтерди, эл аралык мыйзам нормаларын тууралап туруп Кыргызстанга алып келиш керек эле да.Бирок бу жакка келсе алар жон эле чыгып кетет го.ЖК депутаттарынын ар бирине бирден черный кирип кол топтоп чыкса эле бут бардыгы "подписка о невыезде" деген кагазды тууралап жазып берип бошоттурат болушу керек.
Бул жерде бир эле оной жол МВД "Белая стрела" дегенди жандандырышы керек.Элди эзип,калкты кыйнап, мамлекетти булунтуп чектен чыккандардын бардыгын атайын даярдалган спецназдын тобу жок кылып турушу керек. Мына мисалы Израилдеги "Моссад" Еврей мамлекетинин душмандарын жердин жети катарына тушкончо куугунтуктап журуп кайсы жерде болбосун жок кылып келет эмеспи.Алардан башка айла жок. Ошондой болгондо суперкрутойлор бир аз кысат,эл ыраазы болот,красныйлардын духу которулуп,за честь мундира деп иштеп калышат....

кимден: бакыт каяктан: бишкек
22.07.2011 23:14
Кыргызстанга алып келсе кимге пайда кимге залал. Бул жерде сотторго милицияларга чон киреше. Бул баарыбызга эле белгилуу. Керек болсо МВД менен суйлошуп койсо керек Колбаевдин адамдары, Колбаевди ал жактан бошотуп бул жака алып кел биз Сотко прокурорго МВД СНБнын башчыларына Миллиондогон долларларды беребиз деп. Ал араполкосунун полициясы телефон чала беле...? алар деген официально кат жолдойт. Бул жерде корунуп эле турбайбы алар ооз эки чалды деп МВДнын орун басары каратып туруп башын жеп жатат. кандай эле ооз эки телефондон чалат. Вор закондогулур эле чалды бизге Колбаевди арап эмираттарынан кайтарып бер деди деп эле айтпайбы. мынча сумма предложение кылышты деп. Ал келсе дагы эле акча менен чыгып кетет да. Биздин милициялар эмне честно иштейт дейсинерби. Акчадан ташта анан адам олтурсон да таза жыргап жаша деген закон бизде. тим эле бизге чалды аорап эмиратынан деп окшотконунун кара. Колбаевдин адамдары алардан жуз эсе тез реакция кылат. ошолор эле суранып жатышат го кайтарып бер деп. Эмне МВД канча акча десе берет. ушул туугандар бул жол менен эчя качан онолбойбуз.

кимден: Damir каяктан: kumtor
22.07.2011 20:14
Kriminaldardi karmagan menen alip kele albagandan kiyin ani karmatyp emne kilasinar.Araptar alardin akchalarin alip turup , anan ubejishe berip koyot.Tak chto Maksim , Bakiev,Akaev , Kolbaev degen bolbogon kep.Kalp aytty debeysiner , bular ech kachaan bul jakka kelishpeyt.Birok Kolbaevdi karmagani jakshi boldu , antkeni amerikaliktar ani kara tizmege kirgizishpedi bele.Ani karmabaganda biz Kolbaevdi karmaybiz depp biuzdin mamleketti Livyaga aylantmak.jok degende oshol jerde karmalip turushsun.1999 jili batkenge dele amerikaliktardin diversanttari kirishpedibi baza achali dep.akaev ayla jok makuldugun berdi bayagi talibandar jok ele boldu.eger amerikaliktardi chigarabiz desek anda diversanttar kaytyp kelet.Tak chto bular tubolukko kelishti bizdin jerge.Ziyani juok juro berishsin .hop mayli anda.

кимден: Башкесер каяктан: KG
22.07.2011 19:01
Биздин азыркы бийликтегилер деги жыргатпай калды окшойт... Андан коро ушул Камчы Колбаевди алып келип президент кылып шайлап алыш керек...
Пикирге жооп

кимден: ))) каяктан: ((((
25.07.2011 15:17
munu sen 4e4peisin. sen kaalasan ele bolüp kal4udaisin da. izvini oilonup jazsan bolo.

кимден: art каяктан: Praga
22.07.2011 18:45
Булар жок болсо еле тынчтык болобу?ордуна кайра бологу келет да Мамбеталиев же водолаз сыяктуу.1-ушуларды жок кылыш керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Улан-уде
22.07.2011 17:55
Экону алып келиш керек болбосо жанылар чыгат орун алмашса сума озгорбойт

кимден: Jacks каяктан: Chicago
22.07.2011 16:13
Rysbek Akmatbaev, Baiaman, Sanjar, Kolbaev siyaktuu kyrgyzdyn er azamattaryna KYRGYZSTAN dagy ele muktaj jana zaryl!! Baiaman tiruu kesinda Oshtu kimderden gana korgop kozomoldogon emes, Rysbek A. tiruu kezinde chechen , orustar krim duynosu oordun bilchu!! Demek Kolbaevdei jigitter kerek KYRGYZSTANGA!!!!

кимден: Adilet каяктан: turkiya
22.07.2011 12:50
жогорудагы баланын пикирине кошулам,Кыргызстанга алып келгнеде эмне пайда?турмодо отуруп алышып(как король)диктовать этишет.же 2-3жылдан кийин чыгышат.андан коро ал жакта азап чексин.

кимден: Наргиза каяктан: Chet jer
22.07.2011 12:33
Алмамбет Чоң-Алайда райондун акими кыла албаган иштерди кылган, мечиттерди салган, көпүрөлөрдү оңдогон, Ош тарапка башка улуттун "караларын" жолотпогон, кыргызга күйгөндөрүдү эмнеге кармашат,а башка улуттун "караларына" күчү жетпейт...
Пикирге жооп

кимден: жалил каяктан: чон-алай жекенди
24.07.2011 16:56
Наргиза мен сага кошулам Алмамбет биздин сыймыгыбыз!!!байдан алып кембагалга берген.Каражаты жокторду АЖЫга жонотуп турган.Ал эле эмес айта берсе тугонбойт.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.07.2011 11:46
харам акча го!?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.07.2011 12:22
Держи карман пошире дечу беле.БАЭттары бере койот экен ээ.Эгерде радикал экстремистер менен байланышта болушса анда Камчы менен Алманбетке кайра жардам беришет,бизге откоруп бермек тургай.Керек болсо ошол эле интерпол да,ФВР да аларды оз кызыкчылыгына пайдаланат.Себеби бул экоо тен бул жакта олчойгон орду бар,салмактуу авторитеттер.Кыязы США нын колуна кыргызстандык болочок Бен Ладенди бердик корунот,эгерде жагдай ошол тарапка оосо Камчы Колбаев азыркы бийлик учун олумдон да коркунучтуу личностко айланат,анын улуттук баатыр болуп чыга келусуно жарты эле кадам аралык турат,радикал исламисттер менен кандай соодалашат,ФВР дин кандай корсотмосун аткарганга жарай алат кеп ошондо.Мындай адамдар батыш учун да,чыгыш учун да чон табылга,анан Бакиев деген бар,ал эмне кол куушуруп отуруп берет бекен.Буларды мынчалык абройго жеткирбей биздин бийлик андай кыйын экен акырын эле жок кылып койсо болот эле да,эми колдорунан бок да келбейт
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

"Азаттыктан" угуңуз

Онлайн шерине