ишемби, ноябрь 22, 2014 Бишкек убакыты: 14:28

Маданият

"Кара жорго" - шайдоот кыргыз бийи

Буга чейин эл арасына кеңири тараган “илгерки кыргыздар бийлеген эмес” деген түшүнүктү “Кара жорго” деген бир гана ыр-бий жокко чыгарды.

"Кара жоргонун" шарапаты менен кыргыз бийлери түп нускасынан жанданып элибизге кайтаар алдында турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кубанычбек Эсенбаев жетектеген “Кара жорго” тобунун ырчы-бийчилери төгүлүп-чачылып айтып беришти.

"Кара жорго" - жоргонун жүрүшүндөй арыш таштатып, ат үстүндө бараткандай денени кыймылдаткан шайдоот жана көңүлдүү бий. Кезинде бул бийге кызыккан казак туугандар аны кытайлык кыргыздардан сурап алышып, бийлеп чыгышкан. Учурда бий бизге да жетип, калың элдин арасында кеңири жайылууда. "Албетте, бийге эки эл өз өзгөчөлүгүн кошкон, кимдин бийи экенин кытайлык кыргыздар бир көргөндө эле тааныйт!",- деди Кубанычбек Эсенбаев:

Кытайлык кыргыздар, мобу казак бийлеп атат, мобу кыргыз бийлеп атат деп айырмалай алышат экен. Көрсө, ар бир улуттун өзүнүн бийи - өзүнүн жашоо образына, ошонун чарбасына жараша болот турбайбы. Биздин “Кара жорго” тоо мүнөз болуп атса, казак элиники талаа мүнөз.

Кубанычбектин айтымында, кыргыздардын бийи экиге бөлүнөт. Биринчиси - мистикалык бий. Ага тарыхта жазылып калган “жинди бий”, “талма бий”, “кара бий”, “шаман бий” кирет. Буларды кандайдыр бир “чымыны” бар адамдар гана транска түшүп бийлеген. Аны жүздөгөн кишинин ичинен бирөө гана, манасчылар сыяктуу аян алса гана бийлечү экен. Экинчиси - “Кара жорго” сыяктуу эркин бийлер. Аны каалаган адам кыз оюнда, ар түрдүү маараке - тойлордо бийлеген.

- Кара жорго бул биринчи эле кадам. Биздин топтогу Асел азыр “Муун бийди”, Элмурат “Сынма бийди”, Эркингүл “Ийин бийди” чыгарам деп атат. Ата-бабаларыбыз ушундай бийлерди да бийлеген экен. 

Бүгүнкү күндө “Кара жорго” тобунун жаштары теле-радио, концерттерге байма-бай чыккандан тышкары, ресторан-кафелердеги түрдүү тойлорго атайын чакыруу менен барып катыра бийлеп акча да табышат экен.

- Жакшы тойлордон ушинтип элдин баары кол чаап сүрөп коюшса, булар төгүлүп-чачылат да. Түрктөр ушунчалык таң калып, туруп алып кол чабышты. Дунгандардын тоюна да барып калдык. “Белестеги беш ыргайды” көрүп жүргөндөр булар бийлегенде аш айры, кашыктарын таштай салып, чөнтөк телефонго тартып баштады. 

x
Топтун бир өзгөчөлүгү - табитинде кыргызга мүнөздүү кыймылдарды көрүп алышса эле, калганын өздөрү эптештирип курай беришет экен. "Бийдин кызыгы да, чыгармачылыгы да ушунда",- деди топтун бийчиси Асел Касмакунова.

- Ар бир жолу эргүү келгенине жараша эркин бийлеп “импровизация” кылып кете беребиз. Бийлебей калсак кадимкидей бук болобуз. Бизге кыргыздын кыздары бийлечү беле деген суроону көп беришет. Кыргыздын жакшынакай бийи болсо эмне үчүн кыргыз кыздар бийлебеши керек?

Кубанычбек Эсенбаев топтун мындан аркы чыгармачылыгы нукура кыргыз ыр-бийлерине багыт аларын, репертуарды элеттеги элден алып байытып, кайра элге тартууларын айтты: 

- Апам азыр сексенге чыкты. Кичине чагында биздин Кара-Суудагы, Тогуз-Тородогу туугандар боз үйдү айланып, бийлешкенин айтып калат. Апамды "биякка кел, алкоо кылабыз”, - деп чакырышчу экен. “Алкоо” дегени - теңирден жамгыр сурап, айланып-тегеренип бийлемей. Анан жанагындай зикир чалып, транска киргендери чокко салган кып-кызыл орокту тили менен жалачу экен.

Топтун дагы бир мүчөсү Элмурат Майрамбеков “Кара жорго” бийи дене-бойду жазып эле тим болбой, анча-мынча оорулардан арылганга да жардам берерин байкадык",- деди:

x
- "Ийин кыймылдаганда денеге уюган туздан же анча-мынча туруп калган желден арылат экенсиң" деп тамашага чаптырып айтып калышат. Чындыгында эле ошондой пайдасы бар экен. 

Муундарды бошотуп, ийиндерди жеңилдетип, омурткаларды ордуна коюуга жөндөмү бар көчмөндөрдүн “Кара жоргосу” кылым арытып, кайра элибизге келгени бекеринен болбосо керек. 

Кытайдагы кулжалык кыргыздарда “Кара жорго” ыр-бийи ар кандай тойлордо, мааракелерде элдин көңүлүн ачкан бирден-бир элдик чыгарма экен.

Кыргыздардын "Кара жорго" бийи тууралуу маалыматты немис окумуштууларынын 1924-жылы тарткан даректүү тасмасынан кездештирүүгө болот. Андан Каркыра жайлоосунда өткөн жармаңке учурунда бир кыргыз эркектин бийлеп жатканы тартылган. 

Кыргыз бийи "Кара жорго"i
|| 0:00:00
...  
🔇
X
20.01.2014
"Кара жорго" бийи кыргыздыкы экени талашсыз. "Кара жорго"- Асель Касмакунованын аткаруусунда. <br/>Жүктөгөн кардардын аты: kirich
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асан каяктан: Бишкек
26.01.2014 19:13
Кыргыз элине бийдин созун музыкасын ким жазды айтып койгулачы.Эн алды чыгарманын азыркы авторлоруна алкыш айталы деген элем.

кимден: Бала каяктан: Ош
25.01.2014 13:14
Сен айткан кино, Ак куулар конгон Айдын көл, аксакал өтө сонун бийлеген, Баткендин Зардалысында тартылган. Чыныгы биздин бий.
Пикирге жооп

кимден: алай каяктан: далай
02.02.2014 02:41
сен бала бир аз адашып калдын. ал кинонун аты Орукзар деп аталат. Баш каарман Сакы ошол кинодо абышка менен Сакы бийлеген комуздун коштоосунда

кимден: максат каяктан: екатеринбург
25.01.2014 13:01
эн жакшы!!! Эми качан электрондук үйрөнүүчү( учебное пособие) вариантын иштеп чыгасынар? ютубга жүктөп койсонор балдарыбызды үйрөтмөкбүз.

кимден: Токтогулдук
24.01.2014 15:19
Кара жорго бийин абдан жакшы бийлешиптир!!!
Бирок мен уч (3) жыл мурда КТР каналынан (архивтик материал, союз учурунда тартылса керек) 70 терге чыккан бир аксакал киши кара -жорго бийине окшош бийди озгочо кооз ритм менен бийлегенин эсимден кетпейт. Ал кишинин бийи нукура кыргызга тийишелуу, колдору алдына да артына да кыймылдатат, буттарынын кыймылдаганы ритмичный орто тез ыкмада кыймылдаткан эле. Анын бийлегени узбек, тажик бийлерине окшош эмес, бирок туштук калорити бар, биздин кыргыз ырларына туура келет. Мындайча айтканада этолон десем жанылышпаймын.

кимден: Асыбек каяктан: Ұлытау
24.01.2014 11:37
Би мәдениетке жатады,мәдениетте шекара болмайды,ептеп әр жердің өзгешеліктері болады. мысалы словян халықтарының билерін,тау халықтарының билерін байқаңыздар. Бұл халықтардың билерінде, салт дәстүрлерінде,менталитетттерінде,жейтін астарында, ұлтық аспаптарында көп ұқсастық бар.Сол сияқты қырғыз бен қазақта ,көрші ,салт дәстүрлері ,жейтін асы-бешбармақ -қымыз-қазы -қарта жәнетағы басқаларының ортақ болуына байланысты биі де ұқсас болуы ықтимал. Қазақ та,Қыргыз да жер шарының екі шетінде тұрып жатқан жоқ. Салт дәстүрлері ұқсас,бауыр халық.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз кааганаты
25.01.2014 19:16
Жакшы тууган, сен тарыхты кооп окуган окшойсун
Пикирге жооп

кимден: Нур каяктан: орусия
25.01.2014 12:40
Азаматсын боордош,туура сөз!!!! Бизде талаша турган эч нерсе жок. Болгону туура ой жүгүртүү керек. Лезгинканы да кавказ элдери(чечен, ингуш, ж.б) баарысы бийлейт го биздики деп эле талашпай.

кимден: 12 каяктан: 24
23.01.2014 16:02
Баракелде, кыргыз элинин мунозу жарашкан бий экен.

кимден: талгат каяктан: тараз
23.01.2014 15:05
"Казахтар киргиздан шыккан" дегендей, енди каражорга да киргиздан шыккан деп билей бериндер....
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз Кааганаты
25.01.2014 19:13
1кылымга чейин, анан 10кылымга чейин Бир гана Кыргыз Кааганаты башкарып келген Даже Кытай (Кыдан) кыргыздарга налог толоп турушкан, муну 12кылымда чынхызхан кыргыздан коруп, орустарга, кытайларга налог сала башташты.Кыргыздар бар учун (Орусбай Империянын) жардамы менен казахтар чыккан ошого ыраазы болгула, анан да урп-адаттарды, каада-салттарды, тамак-аштарды, бийлерди жана башкаларды бизден алып, бизден уйронуп алып орус байлардын жардамы менен Казакстан байып алып казактыкы деп ЧЫЧАЛАБАГЫЛА
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.01.2014 21:11
кыз-кУУ тоже казахи украли у кыргызов как и беШбармак
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.01.2014 16:26
Биринчиден казах эмес казак, киргиз эмес кыргыз. Барып тарыхыңды жакшылап үйрөнүп кел, анан сүйлөшөбүз бий жөнүндө. Башка элдин маданиятын уурдап биздики деген уят. А баса биздин элдик андерибиз да казактын халык ани болуп калыптырго:))


кимден: Асан
23.01.2014 12:42
Ала-Тоо аянтында баардык кыргыздар чыгып бийлебейлиби? Нукура кыргыздын бийи экен. Созу музыкасы кыз баланын кийген кийимдери шумдук жарашат экен Асел Элмурат жанды эргиттинер!!!

кимден: insan каяктан: Россия
23.01.2014 11:34
Кыргызда "Күндук өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин", деген сөз бар. Жоргонун баркын кыргыз билген, барктаган. Бул бий кыргыз бийи экенинде шек жок, кеп башкада. Тарыхын, тилин-дилин, ата-бабадан бери келе жаткан үрп-адатын, улуттук салт-санаасын унуткан эл маңкурт болот, анын кылым бою чогултуп келген маданий байлыктарын башка элдер ээлеп алганга аракет кылышат. Мисалы, улуу "Манас" эпосун кытайлар аз жерден өздөрүнө каттатып кое жаздашты, "Кара жорго" бийин казактар биздики деп айтышат, жакында эле интернеттен Енисей кыргыздары орус болгон дегенди окуп алып төбө чачым тик турду. Эми мындай мисалдар толтура, карт тарыхта канчалаган эл жок болуп кетишкен. Канча кылымдан бери кыргыз атын сактап, ушул убакка чейин алып келген ата-бабалардын жолун жолдоп, ынтымактуу, биримдиктүү болсок. Намыстуу болсок...

кимден: Айнур каяктан: Бишкек
23.01.2014 10:44
Казактардын бийлеп чыкканына канча болду. Мен акыркы беш жылдан бери эки клип тартышканын билем. Бизде жаңы гана чыгып жатпайбы, бирок кыймылдарын жаңы жылдык концерттен көрүп жактырдым эле. Чындап эле шайыр, эргитчү бий экен. Эл арасына бат эле жайылса керек.
Пикирге жооп

кимден: Акчага сатылбаган Патриот каяктан: Кыргызстан
23.01.2014 18:37
Орукзар баяны деген кино качанкы кино? http://www.youtube.com/watch?v=MTfUpa2dzEw
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга