Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Ислам баалуулуктары тасмада


Иран Ислам Республикасынын "Бир чакмак кант" тасмасы.
Иран Ислам Республикасынын "Бир чакмак кант" тасмасы.

“Бишкек шаары - ислам маданиятынын борбору” долбоорунун алкагында үч күнгө созулган ислам дүйнөсүнүн эл аралык кино фестивалы 30-октябрда жыйынтыкталды.

Аталган долбоорду маданий жана гуманитардык багытта иш жүргүзгөн “Ислам кызматташтыгы" дүйнөлүк уюму уюштурган. Бишкекте башталган ислам дүйнөсүнүн кино фестивалы “Мекеге сапар” аттуу толук метраждуу көркөм тасма менен ачылды.

Аталган тасмада белгилүү араб саякатчысы Ибн Батуттун ажылык сапары жөнүндө баяндалат. Ал 1325-жылы Мароккодон чыгып, 18 ай жол жүрүп, Мекеге жетет. Тасма анын бул сапар тууралуу түшүндө көрүп, бой жеткенде жолго чыкканы менен башталат. Баш-аягы жок чөлдөрдү кезип, каракчыларга тонолот. Шаарларга токтоп, жердеши табыштаган ислам аалымына кездешип, андан Мухамбет пайгамдардын “илим керек болсо, Кытайга да барып алыш керек” деген хадисин угуп кайраттанып, акыры көксөгөн максатына жетет.

Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Османдын пикиринде, Бишкекте өтүп жаткан ислам дүйнөсүнүн кино фестивалы улуттар арасындагы жана ар кандай коомчулуктун маданиятын бириктирет:

- “Мекеге сапар” фильминдеги актерлордун баары эле мусулман эмес. Тасмага Канаданын жарандары да катышкан. Аталган тасма беш жылда тартылып, бир нече тилге которулган. Ага жалпы жонунан 13 миллион доллар сарпталган. Буга Сауд Арабиясынын падышалыгы да чоң салым кошкон.

Абдурахман бин Осман аталган тасма ислам маданиятын дүйнөлүк деңгээлде таанытып келаткан фильм экенин кошумчалады.

Даанышмандык жана агрессия

Кино фестивалынын алгачкы күнүндө “Мекеге сапардан” кийин көрүүчүлөргө Иран Ислам Республикасынын “Бир чакмак кант” аттуу тасмасы да тартууланды.

Жергиликтүү кино сынчысы Гүлбара Төлөмүшева көрсөтүлгөн тасмаларда классикалык ислам маданиятынын баалуулуктары камтылганын айтты:

- Чындыгын айтканда “Мекеге сапар” тасмасында эле эмес, “Бир чакмак кантта”, андан кийинки көрсөтүлө турган фильмдердин баарында эле жалпы адамзат үчүн баалуу болгон ак ниеттүүлүк, адилетүүлүк чагылдырылат. Ошол эле учурда даанышмандык да бар. Мисалы, каармандар ар кандай жаңжалдарда эч качан ачууга алдырбайт. Тоскоолдуктарды сабыр, акылдуулук менен жеңишет.

Төлөмүшева ислам кинолорунда аталган диндин нукура маданияты чагылдырыларын, анда эч кандай коркутуу, таңуулоо, агрессия жок экенин, мындагы каармандар жумшактыгы, даанышмандыгы менен өзгөчөлөнөрүн кошумчалады.

“Сырттан келген ислам башка жерге сиңбейт”

Кино көрүүчүлөрдүн бири Курманкул Жумалиев жогорудагы тасмаларды көрүп чыккандан кийин учурда кыргыз коомчулугундагы динчилдердин басымдуу бөлүгү билимсиз экенин, андыктан ар кандай маданият таңуулана берилерин түшүнгөнүн айтты:

- Ислам дини көп кылымдардан бери түптөлүп, кандайдыр бир базага көтөрүлгөн. Биздегилер анын пайдубалын, базасын билбей эле сырткы көбүгүн көрүп алып, бизге бир нерселерди таңуулагысы келе берет тура. Ислам дининин нукура баалуулугун өзүнө сиңирген инсан башкача болуп калыптанмак экен. Биздин дааватчылар исламдын атынан сүйлөгөндөн мурда анын маданиятын үйрөнүп алса болмок экен.

Мыктыбек ажы Арстанбек болсо Кыргызстанда ислам дини тууралуу маалымат гана бар экенин, ал эми исламдын өзү жок экенин айтты. “Эгер ислам дини жетилсе, анда маданияты да көрүнмөк”, – дейт Мыктыбек Арстанбек:

- Азыр ислам тууралуу ар жактан ар ким угуп, "ислам мындай экен, андай экен" деп, аны өз турмушуна аралаштырганга аракет кылып жатат. Бири Тажикстанды, экинчиси Пакистанды туурап жатышат. Ал эми өзүбүздүн улутка ыңгайлашкан жергиликтүү ислам көчөтүн мамлекет бериш керек. Аны берген жок. Андыктан Кыргызстанда али көчөт да боло элек исламдын кандай маданияты болуш керек?

Бишкекте өтүп жаткан ислам дүйнөсүнүн кино фестивалы 30-октябрда аяктады. Анда Кыргызстан, Иран, Индия, Босния, Өзбектан, Тажикстандын режиссерлорунун фильмдери тартууланды. Кино фестивалдын ачылышына келгендердин арасынан жергиликтүү ислам ишмерлер көрүнгөн жок.

Кыргызстан Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Асан Сайипов “Азаттыкка” аталган иш-чара тууралуу Муфтияттын маалыматы жок экенин, “Бишкек - ислам маданиятынын борбору” иш-чарасын өкмөт өткөрүп жатканын айтты.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG