Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:17

Маданият

Фонограмма менен жандуу үндүн тиреши

Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “Музыкалык чыгармаларды аткарууда фонограммаларды пайдаланууга чек коюу жөнүндө” мыйзам долбоору өнөр адамдарынын ортосунда кайчы пикирлерди жаратууда.

Текст көлөмү - +
Аты-жөнүн эфирден айтпоону өтүнгөн жаш ырчы Жогорку Кеңештин фонограммага чек коюусун өнөрпоздордун укугун басмырлап, көз-көрүнө бут тосуу катары эсептейт:

- Фонограммага тыюу салуу – абсурд. Муну менен жаш ырчыларга бут тосуу, басынтуу жасалып жатат деп ойлойм.

Ал эми “оркестр адам” атыккан музыкант, Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев фонограмма менен ырдоону элди көз көрүнө алдоо катары баалап, буга чек койгон мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын айтты:

​​- Фонограмма деген элди алдоо болуп жатат. Бир ырды аранжировкасы менен 200-300 доллларга жаздырып алышып, аппаратурага дискти салып коюп, ошол ырды беш-он жыл ырдап жүрө беришет. Мындан угармандын да эстетикалык угуу туюму бузулат.

Курмангазы Азыкбаев белгилегендей, жандуу музыка адамдын сезимин ойготуп, жан дүйнөсүнө ырахат тартуулап, психикасына оң таасирин тийгизсе, фонограмма менен ырларды угуу радио же телевизордон уккан менен барабар болот.

“Айрым жаштар музыканы үн күчөткүч менен абдан катуу укканды жакшы көрүшкөнү менен, алардын угуу аппараты бузулуп, ден соолугуна тескери таасирин тийгизет”, - дейт таланттуу музыкант.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева Кыргызстанда ырчылар көбөйгөнүн белгилеп, эптеп эле үнү бар жаштардын басымдуу бөлүгү фонограмма менен тез эле атак-даңкка бөлөнүп, пайда табууну көздөп калышканын айтты.

- Азыр көпчүлүк ырчы кыздар сахнаны ыйык тутуу эмес, тез эле элге таанылып, бай олигархты таап алуу үчүн, байлык топтоо үчүн далалат кылып жатышат. Биздин учурда башка болчу. Мен үчүн сахна ыйык, көрөрмандар сыйлуу. Анткени алар сенин концертиңен ырахат алып, эс алып кетиши керек. Азыр эмне үчүн кичинекей Кыргызстанда ырчылар көп? Себеби фонограмма менен ырдап, жеңил-желпи акча табууну көздөп калышты.

​​Курмангазы Азыкбаев Кыргызстанга фонограммага чектөө киргизүү менен эле атак-даңкка, жеңил акча табууну көздөгөндөргө бөгөт коюлбайт деген ойдо:

- Фонограммага чек коюу менен эле бул маселе чечиле калбайт. Кыргызстанда филармониянын алдында эстрадалык оркестр түзүү керек. Ошондо мыкты ырчылар өздөрү эле иргелип калат. Ошондой эле кыргыз эстрадасын өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болот. Маданият министрлигинин алдында Көркөм кеңеш түзүп, концерттердин көркөмдүк деңгээлине, репертуарына, аткаруучулардын жөндөмүнө баа берип, профессионалдык деңгээлдеги концерттерге гана уруксат берүү жагын жолго коюу зарыл деп эсептейм.

Бул мыйзам долбоорунунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков атайын адистер менен кеңешип, фонограммага чек коюу зарылдыгы чыкканын айтты:

- Мыйзамдын негизги максаты - угуучулардын жана концертти көрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо. Экинчиден, таланттуу жарандарыбыздын, жаштардын аткаруучулук чеберчилигин же профессионалдык деңгээлин жогорулатуу. Үчүнчүдөн, музыкалык искусствону өнүктүрүү, төтүнчүдөн, нукура таланттарга жол ачуу.

Айчүрөк Иманалиева
​​Исаковдун айтымында, жарандар тарабынан акча төлөнгөн концерттерге жана бюджет тарабынан каржыланган мамлекеттик маданий иш-чаралардын жүрүшүндө фонограмманы пайдаланууга чектөө коюлат. Ал эми ачык аянттарда өткөн театрлаштырылган оюн-зооктордо, сыналгыга тартууда музыкалык фонограмманы колдонууга жол берилет. Ал ошондой эле ортозаар ырчылар компьютер аркылуу үндөрүн оңдоп, ырды жакшыртып жатканын белгиледи.

Эл депутаттары бул мыйзам долбоорун парламентте талкуулап жатканда “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анарбек Калматов каршы чыгып, эптеп ырдаган ырчылар компьютер менен үнүн кооздоп, уккулуктуу кылып аларына ишенбестигин айткан.

- Компьютер үндү оңдоп койот деген туура эмес. Компьютер оңдобойт. Компьютер музыканы гана терет, үндү эч убакта оңдобойт.

"Бул шоу чөйрөсүн билбеген, азыркы музыкалык агымды түшүнбөгөндүн пикири" дейт ырчы Айчүрөк Иманалиева:

- Азыр сүйлөп койсоң деле нотага киргизип, компьютердин атайын музыкалык аппараты аркылуу түзөп, эң жаман ырдайт дегенди деле оңдоп-түзөп жакшы ыр кылып койот. Кыргызстанда эмне үчүн ырчылар көп? Анын баары ушул фонограммадан чыгып жатат.

Өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Орусия, Казакстан, Өзбекстанда да концерттерде фонограмма менен ырдоого чек коюлган. Ал эми Кытайда болсо фонограмма менен ырдагандарга 2500 доллар айып салынат экен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.01.2012 20:45
Мен да И.Исаков туура маселени көтөрүп чыкты деп ойлойм. Өткөндө бир жаш ырчы маек берип жатат:"Жандуу ыр талап кылуудан мурда, бизге үн жазуучу мыкты аппаратураларды алып беришсин,"- деп. Абсурд. Үнү бар адам микрофон менен эле мыкты ырдайт. Мурдагы артисттер микрофону жок деле ырдап келишкен, элдин урмат-сыйына ээ болуп.

кимден: Мих каяктан: Бишкек
09.01.2012 13:34
Ырчылардын 70 пайызы жандуу үн менен ырдай алышат. Өзүнүн үнү менен ырдабаганда эмне башка бирөөнүн үнү менен ырдап жатышабы? Кыргызстанда филармониядан башка тыңгылыктуу концерт койо турган бир дагы залыбыз жок. Анан кантип ырчыларды жандуу ырда деп кыйнашат? Айыл аралап концерт коюшса айылдыктар келип кодулашса, сабашса. Аларга ким көңүл бурат? ушунун барын эске алыш керек. Курмангазы агай туура айтат. Филармониянын алдында эстардалык ансамбл ачыш керек. Ошондо бир нерсе чыгат. Болбосо, эстрада өлөүп калат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2012 19:22
Ооба,туура кылышат.Таш ыргытсан ырчынын башына тиет.Бийликтегилер элди алдаганы аз келгенсип ырчылары да элди алдашат.Ушуга окшогон койгойлуу маселелерди бийликте отургандар кобуроок карашса болмок.Мисалы мени коптон бери ойлонткон маселе телевизордогу корсоткон жана жазылып чыккан рекламалар.Ушул рекламаларды окуп отурсан не деген гана конул айланткан создор жазылат(мен кыздарды каалайм,жаткысы келгендер звандагыла......,жана ушул сыяктуу)не деген акмакчылык созсуз ушул окшогон жазууларды чыгарып коргозуу керекпи балдардын психологиясына таасири тиет деп ойлошпойбу? Урматтуу азаттык программасы сиздерден сураныч ушул маселени бийликтегилерге ,депутаттарга сиздер аркылуу жетет деп умуттономун.Казакстанда ушул маселени парламентте которуп чыгышты.Биздин депутаттар дагы ушул маселени чечишээр.Азаттыка алдын ала рахматымды айтам.

кимден: kelgin каяктан: rossia
08.01.2012 09:07
Бул мыйзамды кабыл алууга убакыт качан эле келип жеткен. Түшүнгөн бир да адам каршы чыкпайт. Кыргыз эли чыныгы үнгө, чыныгы талантка суусап турган кези. Окуп алып чыны кубанып кеттим. Акыр аягы бизде да чыныгы таланттар пайда болот экен да деп. Ал эми Анарбек Калматовго айтаарым; депутаттык креслодо отурсаңыз да кайсы кылымда жашап жатканыңызды аңдап түшүнө электигиңиз үчүн ушул пикирди айтып жатасыз. Жаңы жашоого көбүрөөк аралашыңыз дегим келет. Рхмат Исмаил Исаковго кыргыз элин сыйлап ушул демилгени көтөрүп чыккандыгы үчүн.

кимден: take каяктан: usa
08.01.2012 04:34
2000 yrchydan 2 talantuu yrchy irgelip chyksa dele jetet bizge.tuura kylat

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине