Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Имаратсыз театр жаңы сезонун ачты


Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры 20-сезонун ачты.

Бул аралыкта аталган театр Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында, Токмок шаарындагы маданият үйүндө, Бишкектеги пионерлер үйүндө ижарада туруп, элүүгө чукул ар кандай жанрдагы спектаклдерди көрүүчүлөргө тартуулады.

Григорий Гориндин “Геростраттын аты өчпөсүн” деген трагикомедиясында биздин заманга чейинки 356-жылы Гректердин Эфес шаарындагы окуяны чагылдырат.

Спектакль Эфестин тургуну Герострат ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, ааламдын мыкты архитекторлору менен усталары жүз жыйырма жыл бою курган Артемида храмын өрттөп жиберүү менен башталат. Артемида храмы дүйнөдөгү жети кереметтин бири болуп эсептелчү. Мына ошол доордо эле адамдардын ачкөздүгү, паракорчулук, эки жүздүүлүгү чыгармада көрсөтүлөт.

Спектаклди койгон режиссёр, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бектен Абылдаев биздин заманга чейин болуп өткөн бул кейиштүү окуя азыркы мезгил менен үндөшүп тураарын айтат:

- Чыгарма бүгүнкү күнгө өтө үндөшүп турганын көрдүм. Биздин заманга чейинки 356-жылы болуп өткөн окуя ар бир жерде кайталанып жатпайбы. Ошол окуя биздин коомдогу оош-кыйыштарга, эки жолку революцияга, коррупциянын ченемсиз тамырлап кеткенине абдан үндөш. Ошол үчүн мен Геростратты коюуну чечтим.

Чүй облустук театрынын өзүнүн имараты жоктугунан улам 20-сезонун кыргыз драма театрынын сахнасында ачты. Облустук театр уюшулгандан бери ар кайсы имараттарда баш паанек таап келишсе да чыгармачылык изденүүлөрү өксүбөгөнүн театрдын директору Ороз Айдаров белгиледи:

- Бүт журтчулук, жетекчилик жыйырма жылдан бери биздин театрдын имараты жок экенин жакшы билишет. Ушул мезгилге чейин канча премьер-министрлер, облустун губернаторлору бардыгы эле “театр куруп беребиз” деп убада берип келишкен.

Мына Баткен, Талас, Каракол, Ош, Нарын шаарларында облустук театрлардын имараттары бар. А түгүл Кочкор, Жумгал райондорундагы театрлардын өздөрүнүн чатырлары бар. Кыргызстандын жарымын батырган Чүйдө бир театр курулбай, бизди “дөңгөлөк үстүндөгү театр, ачык асман алдындагы театр” деп калышат.


Чүй облустук театры буга чейин Дүйнөлүк жана орус классикалык драмаларын, кыргыз драматургдарынын “Айкөл Манас”, “Курманжан датка”, “Шаршен”, “Аста секин, колукту” музыкалык драмаларын жана башка элүүгө чукул драмаларды сахналаштырган.

Көрүүчүлөр “Геростраттын аты өчпөсүн” трагикомедиясында жаш актерлер жогорку чеберчиликтерин көрсөткөнүн баса белгилешти.

Спектаклди Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бектен Абдылдаев койгон. Сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев. Ролдордо Доор үнүн - Ж.Келдибаева, Геростратты – Н. Үсөналиев, Клементинаны – А.Басылбекова, Тисоферн – А.Кулуев, Клеон – Ж.Кутманова, Крисипп – М.Бектурган уулу, Эританы – Ш.Сарыгулова ойногон.
XS
SM
MD
LG