Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

“Абийир кечирбейт”: Өзүңдөн кайда качасың?


Масадык жана Нурдин
Масадык жана Нурдин

Драматург Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын режиссер Аманбек Жапаров жакында сахнага чыгарды.

Үчүнчү ирет сахналаштырылган бул спектаклди Улуттук драма театрынын эң жаш актерлору ойношту.

Достук, махабат, ишеним, кыянаттыктан улам талкаланган тагдыр. Мына ушуларды баяндаган “Абийир кечирбейт” чыгармасы жигиттин абактан чыгып, жанындагы аксакалга өз тагдырын баяндап берүүсү менен башталат.

Чыгармадагы башкы каарман Нурдин кесиби боюнча дарыгер. Аны келечеги кең, кесипкөй адис деп эсептешет. Профессор наамын алам деп турган Нурдиндин жеке турмушу да өз нугунда өтүп жаткан. Анын сүйүктүү адамы Шайыргүл актриса, экөө үйлөнүү тоюна кам көрүп жүрүшөт. Нурдиндин эң жакын досу да бар. Ал - Масадык.

Нурдин жана Нияз
Нурдин жана Нияз
Нурдин Шайыргүлгө үйлөнүү камын көрүп жатканда агасы Нияз бузук салып, Шайыргүл Масадык менен көңүлү жакын деп, тойду токтотууга үндөйт:

- Москвада жүргөнүңдө Масадык менен Шайыргүл Кудайдын куттуу күнүндө сенин машинаңа түшүп алып, жоогазын терип кетишчү.

Аны Нияздын айтканы менен болгон Сейит аттуу айдоочусу тастыктап берет:

- Нурдин мырза, сиз Москвада жүргөнүңүздө сиздин машинаңызда Шайыргүл менен Масадыкты тоого алып барып жүрдүм. Шайыргүл менен Масадык сиздин башыңызды аттап жүрдү. Кечириңиз, мен капканга түшүп калдым.

Ошентип, той башталбай, Нурдин бушайман болуп турганда Масадык менен Шайыргүл Нурдинди издеп жүрүшөт:

- Нурдин...

- Шайыргүл, сен конокторду кетирбей кармап тур. Мен Нурдинди таап келем.

- Масадык, сен болбосоң менин көргөндөрүм эмне болор эле?

- Шайыргүл, эсиңен эч чыгарбачы, мен сени менен өмүр бою биргемин, эсиңен чыгарба.


Ачууга алдырган Нурдин тойдон баш тартып, жолун тоскон Масадыкты машинеси менен сүзүп кетет. Акыры беш жылга эркинен ажыратылат.

Бакытын, достукту, сүйүүнү, келечегин ушак талкалаганына Нурдин беш жылдан кийин араң ишенбеске аргасыз болот.

“Абийир кечирбейт” драмасы бул ирет өңчөй жаштар ойногондугу менен өзгөчөлөндү. Шайыргүлдүн ролун ойногон Гүлнара Сатарова:

- Бул менин биринчи ролум, биринчи чыгышым. Оор эле болду, бирок режиссердун жардамы менен ойнодум десем болот. Шайыргүлдүн ролун ойногон кыйын болду. Анткени мындай Шайыргүл жок да.

Ал эми Нурдиндин ролундагы Жеңишбек Исманов чын жүрөгүнөн ойногонун айтты:

- Бир жеринде түрмөдө отурганда Шайыргүл келет эмеспи, ошол жери татаалырак, сөз сүйлөбөсөң да. Бирок мындай нерсе актерго керек. Негизи бул актердун иши да, ушуну менен нан табасың. Мен бул ролду чын жүрөгүм менен алдым, ушуга жеткирдим. Режиссерубуз Аман агай менен иштешип, ушуга жеткирдик.

Спектаклден кийин
Спектаклден кийин
Спектаклдин бет ачаарына келген тажрыйбалуу актерлор, театр ишмерлери жаштардын дымагын жогору баалоо менен бирге, алдыда дагы көп иштөө милдети бар болгонун белгилешти.

Режиссер жана журналист Аманбек Жапаров буга чейин Насыр Давлесовдун “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясы баштаган бир топ спектаклдерди сахналаштырган. Бул ирет “Абийир кечирбейт” драмасын эмне үчүн тандап алганын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- "Абийир кечирбейт" деген сыяктуу ушул абийирибиз тазардыбы? Абийирибиз кандай? Адам катары бири бирине болгон көз карашыбыз кандай? Мына ушул суроо мени көптөн бери түйшөлтүп келет. Токтоболот Абдумомуновдун чыгармасына кайрылганым да ошол болду. Бүгүн коомубуз улам бир өзгөрүүлөргө, кубулуштарга кадам шилтеген сайын адамдардын бири бирине болгон мамилеси, сыйы бизден четтеп бара жатат.

Негизи театр күйөрмандары ушундай спектаклдерди абдан сагынып калышканбы, айтор, театрга толгон көрүүчүлөр спектакль аяктагандан кийин да көпкө чейин кол чаап, чыгармачыл топту кетирбей турушту. Театр көрөрмандарын, көрөрмандар театрды сагынганын ушундан билиңиз - сахна гүлгө толуп турду.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG