Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Маңзат саткандар менен күрөшүү кыйындады


Мыйзамсыз маңзаттар
Мыйзамсыз маңзаттар

2015-жылы өлкөдө 113 адам маңзат менен кармалган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан билдиргендей, жылдан жылга маңзат ташып кармалгандардын саны көбөйүүдө.

Мамлекет катаал чараларды кабыл албаса, маңзат бизнесинин кесепети өлкө коопсуздугуна тиерин эксперттер эскертүүдө.

Бүгүнкү күндө алардын саны 4 миңдин тегерегинде жана туруктуу иштеген 30 топ бар. Ал гана эмес, тартип коргоо органдары жана мамлекеттик кызматкерлер өздөрү маңзат бизнесине аралашканын байкаса болот.

Алсак, 17-июнда ири өлчөмдөгү маңзат менен Юстиция министрлигине караштуу сот эксперти кармалса, ага чейин мурдагы укук коргоо кызматкери 9 килограммдын тегерегиндеги героин менен колго түшкөн.

Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчиси Жусуп Сейталиев акыркы 6 айда эле 113 адам маңзат жүгүртүүдө кармалганын "Азаттыкка" билдирди:

- Алардын ичинен 83 кишиси тергөө абагында жатат. Ар кандай шартта бошотулган кишилердин саны 30га жетет. Жылына 250 адам маңзат жүгүртүүдө кармалып жатат. Бул сан азайган жок.

Оогандын жолун кантип бууйбуз?

2013-жылдагы бүткүл дүйнөлүк баяндамада Кыргызстан маңзатты жүгүрткөн 20 өлкөнүн ичинен 10-орунда жайгашкан. Аткезчилик кирешелүү бизнес болгонун сандар эле айтып турат. Бир килограмм ооган апийими Кыргызстанда 2 миң долларга чейин, Казакстанда 12-15 миң долларга, Орусияда 25 миң долларга чейин сатылат.

Орусия менен АКШ өкмөттөрү, БУУ маңзат менен күрөшүүдө Кыргызстанга активдүү кол кабыш кылып келишет. Ушул жылы БУУ маңзатка каршы күрөшүүдө мыйзамдык жактан көмөк көрсөтүү алдында турат. БУУнун баңгилер жана кылмыштуулук боюнча программалык кеңсесинин жетекчиси Александр Федулов:

- 29-июнда Кыргызстанга эл аралык консульттанттар келишет. Алар мыйзамдык жактан көмөк көрсөтүп, кыргыз өкмөтү менен бирге иштешмекчи. Азыр мыйзамдарды жаңылабаса, Кыргызстандыкы эскирип калды. Ал жакта мыйзам менен чогуу маңзаттын жаңы түрлөрүн да жазышыбыз керек.

Александр Федулов кошумчалагандай, маңзаттын түрлөрү да жылдан жылга көбөйүп жатат. Алсак Кыргызстанда “спайстын" сатыла башташы буга бир далил. Наркодилерлер да өз оокатын ташып өтүүдө өнүгүп жатышат. Мамлекеттин катаал чараларына карабай, баңгичилер да өз аракетин күчөтүү менен жооп беришүүдө.

Күрөшкө күчтөр бирикти

Натыйжада күч органдарынан аткезчилер озуп кетип, мамлекет күрөшүүнүн жаңы формаларын киргизүүгө аргасыз. Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Алимбай Султановдун маалыматы боюнча, аткезчилер менен күрөшүүдө мамлекет координациялык комитет түзүп, ал жакта бардык күч органдары бирдиктүү иш алып барууда.

- Биз жакында координациялык комитеттин отурумдарын облустарда жүргүзөбүз. Комитеттин тапшырмасы – бардык мамлекеттик органдар бирдиктүү иш алып баруу. Жаңы жолдорду иштеп таппаса, күрөшүү да жылдан жылга заманбап нукка бурулуп баратат. Маңзат бардыгыбыздын жалпы көйгөйүбүзгө айланды. Андыктан биригип гана маселени чече алабыз.

"Манас" аба майданындагы коалициялык күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышы менен Ооганстанда да маңзат өндүрүү күчөгөнүн БУУ иликтеген. Ал тургай, айрым апийим өндүргөн лабораториялар Ооганстандын түндүк бөлүгүнөн Тажикстанды көздөй жылганы айтылат. Ал эми Кыргызстанда мыйзамсыз маңзатын ташып өткөрүүчү коридор бар экенин эске алсак, кырдаал бүтүндөй Орто Азия үчүн коркунучтуу болуп турганы маалымдалат.

XS
SM
MD
LG