Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

ЕАЭБ: тогуз айдагы пайда жана чыгым


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери миллиондогон сомдук салык жана бажы төлөмдөрүнөн куру калдык деп коомдо өкмөттү сындагандар арбып барат.

Кыргызстандан тышкары 175 миллиондук калкы бар рынокко ээ болобуз деп былтыр сатууга айыл чарба товарларын көп даярдаган дыйкандар быйыл эмне айдасак деп саксактап турушат. Тогуз айдан бери Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандын экономикасына кандай таасир берди жана кийин аны кандай келечек күтүп турат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана фермер Манас Саматов катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп, чек аралардын ачылганына туура тогуз айдын жүзү болду. Ушул мезгил ичинде салыктан, бажы төлөмдөрүнөн миллиондогон сом казынага түшпөй калып, азыр бюджетте каражат жок деген маалыматтар чынбы? Былтыркыга салыштырмалуу салыктан жана башка төлөмдөрдөн түшкөн каражат аз болдубу?

Данияр Иманалиев: Буга Кыргызстан уюмга киргенден кийин уюмга мүчө башка мамлекеттерде экономикалык өсүш төмөндөп кеткендиги, башкача айтканда тышкы фактор өз таасирин тийгизди. Мисалы, Орусияда экономикалык өсүштүн деңгээли 4%, Казакстанда 1,2% түшүп кетти. Бул көрсөткүчтөр тышкы соодага жана ички рынокторуна түздөн-түз таасир берди.

Андан тышкары бул мамлекеттер экспорт катары мунай чыгарат. Мунай баасынын түшүп кеткендигине байланыштуу бул өлкөлөрдүн киреше булагы да азайды.

Дыйкан катары соко сатып алсам жана анын баасы 200 миң сомдон төмөн болсо, ал өндүрүш каражаттарынын катарына кирбейт экен. Ал эми соконун баасы 25 миң эле сом. Эми ошол ченемди 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин көтөргөн жатышыптыр.
Манас Саматов

Ал эми уюмдун тышкы соодасынан алынган киреше, б.а., кирген жана чыккан товарлардан түшкөн каражат ар бир мамлекеттин кошкон үлүшүнө жараша бөлүнөт. Буга дагы сооданын басаңдашы таасир берип, Кыргызстан үлүшүнөн алган пайданын бөлүнүшүнө өз таасирин берди.

Анткен менен Кыргызстандын экономикалык абалы уюмдагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы. Уюмдагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын экономикалык өсүшү 3,5% болду. Бул дагы чечкиндүү кадамдардан жана экономикалык карым-катнаштын жакшыргандыгынан улам ушундай көрсөткүчкө жетиштик. Андан тышкары инфляциянын көлөмү да уюмдагы Армениядан башка өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн болду.

“Азаттык”: Манас мырза, азыр айрым экономисттер Кыргызстан 25 жылдык тарыхындагы эң кыйын экономикалык кризиске кирди, аны ооздуктоо үчүн жаратылыш ресурстарын экспорттоого гана багытталган моделди жаңыртуу, башкача айтканда, социалдык-экономикалык саясатты радикалдуу түрдө өзгөртүү зарыл деп жатышат. Ага макулсузбу? Кантип өзгөртүү керек?

Манас Саматов: Макулмун. Биз биринчи күндөн баштап ЕАЭБге кирүүдөн баш тартканбыз. Анткени, Казакстан, Орусия жана Беларустун экономикасынын төмөндөп баратканы мурда эле белгилүү болчу. Биз ошол тар дүйнөгө кирип калдык. Бул биздин кыргыз элинин саясатына таптакыр туура келбеген долбоор. Мисалы, айыл чарбасында салыктан пайда алыш үчүн өндөрүштөн алынчу салыкты көбөйтүш керек. Бул өндүрүштү өстүрүү дегенди билдирет. Эми ошол дыйкандардын алдына коюлган салыктардын саны да, сапаты да көбөйдү.

Кытайдан келчү товарларга төлөнчү бажы төлөмү 5% болчу, анын көлөмү биримдикке киргенден кийин 10% көтөрүлөт деп кооптонгон элек. Азыр ушул төлөм эки эседен ашык көбөйүп кеткени белгилүү. Мурда товар үчүн бажы төлөмү килограммына ылайык төлөнчү. Азыр болсо Кремлден даярдалган сетка пайдаланылууда.
Эмил Үмөталиев

Айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттары деген түшүнүк бар. Ага сокодон баштап комбайнга чейин кирет. Эгер мен дыйкан катары соко сатып алсам жана анын баасы 200 миң сомдон төмөн болсо, ал өндүрүш каражаттарынын катарына кирбейт экен. Ал эми соконун баасы 25 миң эле сом. Эми ошол ченемди 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин көтөргөн жатышыптыр. Мунун айынан биз каражаттарды бажыдан өткөрүп жатканда 12% кошумча нарк салыгын төлөөгө мажбур болуп калабыз.

Андан тышкары дары чачкычка 5% бажы төлөмүн кошуп коюшту. Жөнөкөй эле бургуга да ушундай 5% бажы төлөмү кошулду. Өкмөт декларация сыяктуу айтып жаткан маалымат бир башкача, турмуштагы көрүнүш таптакыр башка болуп жатат.

“Азаттык”: Эмил мырза, сиз Кыргызстандын ушул бирикмеге киришине каршы болгон экономисттердин бирисиз. Ага карабастан азыр абалга калыс баа берсеңиз, бирикмеге кирүү экономикага жана коомго кандай таасир берди?

Эмил Үмөталиев: Терс таасирин тийгизди, биз мурдатан айткан аргументтердин бардыгы анык болуп чыкты. Мисалы, Кытайдан келчү товарларга төлөнчү бажы төлөмү 5% болчу, анын көлөмү биримдикке киргенден кийин 10% көтөрүлөт деп кооптонгон элек. Азыр ушул төлөм эки эседен ашык көбөйүп кеткени белгилүү. Мурда товар үчүн бажы төлөмү килограммына ылайык төлөнчү. Азыр болсо Кремлден даярдалган сетка пайдаланылууда.

Керек болсо бажыканада турган кызматчылар да, соодагер да товар чек арадан өткөнчө бажы төлөмү канча болорун биле алышпайт экен. Мисалы, товарды чек арадан өткөргөндөн кийин гана фактыга жараша бажы төлөмү алынат экен. Ал сетка болсо туруктуу эмес, кээ бир учурда 10 эсе көбөйтүп жиберет экен деп нааразы болуп жатышат. Ошентип бизге келген товарлардын сапаты ылдыйлап, баасы болсо бир нече эселеп кымбаттап кетүүдө. Ошон үчүн мурда Казакстандан бизге келип товар алып кетип турушса, азыр Казакстандан алып келип жатышат.

“Азаттык”: Данияр мырза, товар даярдоочулар Ассоциациясынын төрайымы Гүлнара Ускенбаева жакында Орусия, Казакстан менен мурда иштешип жүргөн ишкерлерлер экспортко аралашып кетишти. Калгандар кире алган жери жок, себеби алигиче техникалык регламент кабыл алына элек, буга Экономика министрлигинин ыкшоолугу жол берип жатат деп билдирди. Абал эмне үчүн ушундай болуп жатат?

Данияр Иманалиев: Мен айтылгандарга такыр макул эмесмин. Эксперттик ушундай маалыматтарды туура жана калыс беришсе жакшы болот эле. Элге туура эмес маалымат берип, баш айлантуунун кереги эмне? Азыр эле уюмга киргенден кийин биздин товарлар сыртка чыкпай калды деп жатышат. Муну кантип түшүнсө болот?

Биз уюмга кирсек да, кирбесек дагы алар айткан шарттарды аткарууга мажбур болмокпуз. Себеби, рынок бир. Азыр деле эт-сүт азык-түлүктөрдүн 80% Казакстан менен Орусияга сатылып жатпайбы? Ал эми тигүү тармагынын товары да ушул жакка кетет. Былтыркы жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2.5 млрд доллар болду. Бул уюмга мүчө мамлекеттер менен катнашыбыз тыгыз экендигин билдирет.

Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттерден башка өлкөлөргө жол жабылып калган жери жок. Уюмдун алкагында эркин соода сатык боюнча биринчи жолу Вьетнам менен келишимге кол коюлду. Анын негизинде алар квотасын берип, Вьетнам өлкөсү Кыргызстандан алкоголдук-спирт продукцияларын, тамеки алганы жатышат. Бизден алынган 500 тоннага чейинки товардын бажы төлөмүн албоо жеңилдигин берип жатат.

Уюмдун алкагында Сингапур, Иран, Египет, Индонезия, Индия, Тунис, Камбоджа, Сербия менен кызматташууга жол ачылып жатат. Алардын рыногунда соода кылгандан кийин алардын ички рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн алабыз да? Демек, биз жөн эле кирген жокпуз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG