дүйшөмбү, сентябрь 22, 2014 Бишкек убакыты: 11:45

Экономика

Кумтөрдө кезектеги чыр

Жети-Өгүздөгү айрым жаштар кыймылынын мүчөлөрү Кумтөр алтын кенине кеткен жолду бөгөштү.

x
Өздөрүн "Жаштар кеңеши" кыймылы деп тааныштырган эки жүз чамалуу жарандардын тобу Барскоон аймагындагы Кумтөргө кетчү жолду эки күндөн бери бууп турат. Жолдун эки четине боз үйлөр тигилип, каршылык акциясынын катышуучулары алтын казуучу компаниянын автоунааларын Кумтөрдү көздөй өткөрбөй коюшкан.

Акцияны уюштургандардын бири Нарис Калчаев мындан алты ай мурун коюлган талаптарга кулак какпай коюшкандыктан ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын белгиледи:

- "Кадр маселесин карагыла, жолду оңдогула, экологияга көзөмөл кылгыла, акчанын кайда кетип жатканын эл билсин" деген сыяктуу талаптар коюлуп, алты ай мурун эле губернатор маселени чечебиз деп убада кылган. Бирок он эки күндө чечебиз дегенден бери алты айдын жүзү болду. Мына ошондуктан булар бизди баары бир укпайт экен деген негизде мына ушундай кадамдар менен алардын көңүлүн бурдуртууга аргасыз болуп атабыз.

Маңдай-тескей сүйлөшүүлөр

Каршылык акциясында алтын казууда химикаттарды колдонууга элдик көзөмөл жүргүзүү, экологияны калыбына келтирүүгө бөлүнчү каражаттын өлчөмүн он эсе көтөрүү, экологиялык лаборатория куруу жана жолдордун абалын жакшыртуу сыяктуу талаптар айтылууда.

x
Ошондой эле алтын казуучу компаниянын каржылык отчетунун ачык-айкындыгын камсыздоо жана үч жыл ичинде Ысык-Көлдү өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат кимдин пайдасына жумшалып жатканын аныктап берүү сыяктуу маселелер көтөрүлүүдө.

“Кумтөр-Оперейтинг” компаниясынын өкүлү Акылбек Дүйшөнбиев учурда каршылык акциясынын өкүлдөр тобу менен сүйлөшүүлөр улантылып жатканын белгиледи:

- Азыр сүйлөшүү “Толкун” деген пансионатта өтүп жатат. Коюлган талаптардын ар бири боюнча сөз болуп, анын негиздүүлүгү талданууда. Мына ошол коюлган 20 талаптын жарымы боюнча сүйлөшүп бүттүк. Биздин компаниянын эки вице-президенти, өкмөттүн өкүлү, облустун губернатору жана райондун акими сүйлөшүүгө катышууда.

Аттары аталбаган шыкакчы күчтөр

Буга чейин “Кумтөрдүн” ишмердигин иликтеп чыгуу боюнча дагы бир жолу депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Аталган комиссия үч айдан ашуун убакыттан бери иликтөө иштерин жүргүзүп келатат.

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Садыр Жапаров жол тосуунун артында өзүнүн жеке кызыкчылыгын караган айрым бир саясий күчтөр бар деп билдирди:

- Жолду тосуп алып, ар кандай дооматтарды коюп алышып, анан мага жеткен маалымат боюнча акча талап кылып жатышыптыр. Мен мына ошол топтун башчылары жол тоскону жатабыз дегенде “мыйзамдуу жол менен гана маселени чечиш керек” деп айткан элем. Бирок ага карабастан эле алар жолду тосуп алышыптыр. Эми ал жерде бир аял, эки эркек саясатчы мына ошонун артында турат деген маалымат бар. Бирок мен алардын аттарын атабай турайын.

x
Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда президент Алмазбек Атамбаев да өлкөдөгү алтын кендерине байланыштуу жергиликтүү элди негиздүү жана негизсиз талаптарды көтөрүүгө шыкакчы болгон ички-тышкы күчтөр бар экендигин айтып, бирок алардын атын ачык атаган эмес болчу. Бирок жол тосууну уюштуруунун артында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары турат деген маалыматтар бар.

Буга чейин парламент трибунасынан “Кумтөрдү” бирде колдоп, бирде сындап келген саясатчылардын бири Кубанычбек Исабеков андай иштерге тиешеси жок экендигин белгиледи:

- Мына ошол акцияны каржылап жатышат деп да чыгарышыптыр. Мен жеке өзүм андай иштерге бир дагы тыйын жардам берген эмесмин. Менин өзүмдүн маселелерим көп. Мен андай иштер менен алектенбейм. Эгерде ал иним мени ошолордун катарында деп ойлоп жаткан болсо жаңылышат. Бирок ошол уюштурган жигиттер мага келип, “Кумтөр” боюнча түшүнбөгөн маселелери боюнча менден сурашканы чын.

“Кумтөр-Оперейтинг” компаниясынын өкүлү Акылбек Дүйшөнбиев жол тоскондордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр төрт саатка созулуп, кечки саат алтыга карата дагы деле улантылып жаткандыгын билдирди. Ошол эле кезде компания өкүлдөрү жол тосуудан өндүрүш жабыркай тургандыгын эскертишүүдө.

Кубанычбек Жолдошев

"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Nico каяктан: SbwrihGavwPivdzm
18.06.2012 12:17
The aibtily to think like that is always a joy to behold

кимден: заир каяктан: энесай
09.06.2012 20:40
азаматсынар! акырына чейин тургула.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.06.2012 15:05
Оо, калайык калкым, жумурай журтум. Кум Төрдү териштирип тескебей эле жаап салууга толук негиз бар. Пайдасынан зыйаны көп кампанийанын иштебей эле койгону дурус. Жоло тоскондорго мен да кошулам. Ишиңерге ийгилик тилектештерим. МАНАС атабыздын руху дем берип, ошол мите куртту жаап салалы!

кимден: Suliman каяктан: Germania
03.06.2012 04:17
Bul Kumtör maselesi bojunca dagy bir pikir jazaiyn dep cectim, antkeni 24.kg saityn okup Kyrgyz prezidenti Almazbek Atambaevdin Yssyk Köl jergesine baryp borbor Karakol shaarynda, Kasym Tynystanov atyndaky jogorku okuu jaiyna baryp süilögön sözünö (tamtandap) kecirip koigula meni, bir oi ketii, bul prezident bolup birinci Möskögö baryp "döörüsö" janylyptyr deisin, emi Yssyk Köldün jash muundaryna " siler bizden jardam kütpögülö", "... studentter bilimin satyp alyshat, anan kyiyn bolup bizdi üirötüshöt...", "... Kyrgyzdar ele jardam surait, bölök uluttar surabai ele uncukpai özdörün özü bagat", "... altyn kendi kazcu chet ölkölütördü Kyrgyzdar körkutup, örttöp bir million akca bizge tüshpöi kaldy...", "emi bul Yssyk köldüktör jol buup kanadalyktardy ishtetpei jatyshat" dep orusca aitsak "bezdirip" kalyptyr go yiaaaaa!
Urmattuu Kyrgyz prezidenti Almazbek Atambaev birinciden "prezident bolgonunuzga oshol Kyrgyz eline yrakmat aityshynyz abzel, ankeni oshol murdaky A. Akaev, K. Bakiev degender öz elin satyp, kordop, anan Kyrgyz elinin synakynan ötpöi kuulup ketken! ekinci "öz Elin syilabagandy, bölök ulut syilabait!", ücüncü prezident bolgon son, Kyrgyz elin bakysh, korgosh, jash muundardy okutush, taza bilim berüü, shart tüzüp berüü sidin biylikinizdin paryzy urmatuu prezident.
Kyrgyz altyn kenderinin tegerekindeki Kyrgyz eli özünün ATA BABALARYNAN kalgan bailyk any oshentip közömölgö EL albasa 20 jyldan beeri kanadalyk "zenterra gold" jana dagy bashka alardyn "tabaktashtary" Kyrgyz biylikine kelip ketken "mankurttar" uurdap, talap tashyp bütmöi bolushtu go yiaaaaa!

кимден: Suliman каяктан: Germania
02.06.2012 18:47
Men toluku menen koldoim bul jash muundardy, antkeni alar Yssyk Köl kana emes bütkül Kyrgyzstandyn kelecegin oilop, Kyrgyz Elin, ekologia, kiynki muundardy, jerin korgoogo araket jasap jatyshat!
Bul "zenterra gold" degen murda ec nersesi jok bolcu, Kyrgyzstanga oshol kezde özün urmattagan investorlor kelgenden bash tartyshkan, antkeni Kyrgyzstan egemendüülüktü algan son en korrupziaga batkan mamleketterinin bashynda bolgon. Oshol kezde bul "ekonomika öltürgüc" dep koiolu zamatta Kyrgyzstanga kelip Akaevyn, Aitmatovun j.b. bash kylyp ushundai sunush jasashkan Kyrgyz altyn kenin "uurdap, tonop" bizdin "mankurt esheke minerler" menen cogu dagy ele toktoi elek, jany biylike kelgen "mankurttar" curuldap koiso alarga sook yrgytyp koiup köndürüp koiushkan.
Bulardy emi mintip Kyrgyz Eli toktotposo kim toktotot??? Kum tördö bir möngüsü bar con toonu bul "zenterra gold" degen kylmyshkerler ishtetip icindeki (altyn, uran, kümüsh, asyl tash jana Mendeleevdin tablizasynyn elementteri) kenin cygaryp ketiship jatat. Bul mekeme kelishim boiunca Kyrgyz tarapka ötmök, birok Bakievdin biyliki kelip kelishimdi "zenterra gold" anan dagy bir kanca adamdyn kyzykcylykyna jarashtyryp jasap alyshkan, birok "kojoun özün taaryntpait" degen orus makaly bar, "zenterra gold" kanca bizdin "mankurttarga söök yrgytsa andan 200% je andan ashyk cygaryp alyshat. Oshon ücün men koshulam Naris Kalcaev degen jigitke any koldogondorgo, ankeni özüm da Yssyk Köldün kulunu bolom, öz jerime güiöm. Azyr kec emes, birok erten bul "zenterra gold" Ak kalpak toolorubuzdu, keremettei Yssyk kölübüzdü uu-darylar, himija zattary menen ajakyna jetkirip kacyp ketkende kimden suraibyz??????
Kudrettüü kalaiym kalk Kyrgyz kenderi; Kumtör, Taldy suu, Kazarman, jana bashkalary- Ata babalardan kalgan, al kenderdi Kyrgyz eli özü közömöldöp ishtetish kerek, oshol ele Orusiada talaalap köcö shypyryp, üilörün salyp, kara jumushtarynda ishtegen Kyrgyz jarandaryn kaira öz jerine cakyryp jümüsh ordun oshol kenderde berish abzel!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.06.2012 16:05
ооба акырына чейин тургула!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.06.2012 14:21
jol toskondon ulam ondurush jabyrkayt dep korkutushup koet dagy.Myndai ondurushtun chinovnikterge gana keregi bolboso kalk uchun emne keregi bar.Ondurboy ele koigonu ong ele.Bizdin baldarybyz kelechekte ondurushup keregine jaratmak.Ech bir payda koro algan jokbuz ushul altyndan,ekologiyany buzgandan bashka.
estegen sayin jurogung ezilet.Biz rossiyada,Kazahstanda kulday bolup ishtep jurobuz,ozubuzdun altyn j.b.u.s. ken baylyktarybyzdy bashkalarga jedirip.Mynday tagdyr chechuuchu masele chykkanda Kyrgyzstandyktar jalpy kotorulboso bolboyt.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.06.2012 14:07
butkul Kyrgyzstan kotorulmoyun chechilbeyt.Kanadalyktar dagy 20-30 million dollar berip chinovnikterge,chinovnikter kotorulgon eldi 20-30 million som menen aldap koet karapaiym kalkty.Saiasatty gakshy tushungon,el uchun kuygon jetekchi tursa bul kyimyldyn bashynda chechse bolot.butkul Kyrgyzstandy kororysh kerek.Kumtor kyrgyzstan kalkynyky. bir ele kolduku emes.

кимден: колдук
02.06.2012 09:47
бизди бийлик алдап жургонун мен коптон бери айтам. бир мисал. алтында жуугандан кийин бир субстанция (суйктук) болот. ал суюктук толтура химиялик заттан турат. аны алып барып хвостохранилищеге сактайт. ал жерде дамбалар болот. азырынча дамбаларды акча сарптап карап турат. кийин кумтор кеткенде ал дамбаларды суу жеп экологиялык катастрофа болот анткени ал жерде бугун кунго бир нече миллион!!!! тонна химикат жатат...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.06.2012 22:41
алтын казган компания менен суйлөшуп алып биздин "чондор" алтындын жок дегенде 30-40%тин оз чөнтөктөрунө салып атышат, ошондуктан дайынсыз...элге көрсөтпөй жутуп атышат...“Кумтөр-Оперейтинг” деген криминал группа...

ошончо алтын кайда? ушунча жылдан бери эч корунбөйт да эл алданып эле келатат, алданып эле келатат...байкуш акылы тайыз элге анда-санда алдап-соолап "сөөк" ыргытып коюшат...канча деген тонна алтынды чет олконун "криминал" группалары алып кетип атышат...

29 грамм алтын азыр 1600 доллар турат...

туура кылышат...жолду тосуп бул жырткыч-жегичтерди аныктагыла!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине