Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:23

Коопсуздук

Каназаров: Уу көмүр жасалма уруксат менен кирген

Казакстандын “Кулан” кенине таандык радиоактивдүү көмүрдүн айланасындагы чыр-чатактар уланууда.

Текст көлөмү - +
Оппозициядагы жана бийликтеги саясатчылар бири-бирин кескин айыптай башташты. Бул маселеге байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди

"Азаттык": Ушу тапта экологиялык, экономикалык чыгымдарды тарттырып, адамдардын саламаттыгына кесепетин тийгизип жаткан уулуу көмүрдү коопсуз жайга жашыруу башкы маселе болуп турат. Көмүрдү кайтаруу боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу ар кыл маалыматтар айтылып жатат. Бул боюнча сизде так маалымат барбы?

Каназаров: Радиациялык фону жогору деп табылган көмүрдү кайра артка кайтаруу боюнча ошол алып келген компания бүт жол чыгымдарын төлөп, Казакстанга кайра алып кетүүгө даяр экендигин билдирди. Менимче, жакынкы убактарда бул маселе оңунан чечилет.

"Азаттык": Бул сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде жүрүп жатат? Ишканалар ортосундабы же өкмөттөр ортосундабы?

Каназаров: Албетте, ишканалар ортосунда. Менимче, ошол көмүрдү алып келүүнү буйруган берген биздин “Электр станциялар” ишканасынын, анын Казакстандагы шериктештеринин жана көмүрдү бул жерге алып келген жергиликтүү компаниянын деңгээлинде. Бирок дипломатиялык жолдор да пайдаланылат. Себеби, бул Кыргызстандын ичинде чоң саясатка айланып кетти.

"Азаттык": Жаңжал чыкканына бир топ эле убакыт болуп калды. Эмне үчүн бул жаңжалды курчутпай, дароо басууга мүмкүн болгон жок? Эмне үчүн өкмөт бул маселеге батыл кирише алган жок?

Каназаров: Чуу силер билгендей ноябрь айында чыкты. “Ата Мекен” фракциясы Бишкек ТЭЦине алынып келинген көмүрдүн радиациялык фону жогору экен деп коңгуроо каккандан кийин маселе иликтенип, анын чындыгы тастыкталгандан кийин гана чаралар көрүлө баштады. Көмүр сентябрь-октябрь айларында алынып келинген.

Мисалы, “Кыргызжилкомсоюз” ишканасы көмүрдө радиациялык фон жогору экендиги аныкталгандан кийин аны кайра Казакстанга кайтарган, тендерди жеңип алган жеке компаниянын көмүрүн алуудан баш тарткан. Ошол замат артка кайтарылган.

Ал эми Чүй облусуна келген ошондой көмүр эмне үчүн артка кайтарылбагандыгы дыкат иликтенип, бардык тийиштүү кызматтар, кызматкерлер өз жазасын албаса, анда эртең, эки-үч жылдан кийин деле ушул кырдаал кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, бир гана жолу бар: кырдаал иликтенип, тийиштүү жыйынтыктар чыгышы керек. Мисалы, ошол көмүр Кыргызстандын аймагына өткөндө Бажы кызматына тиешелүү эпидемиологиялык кызмат көмүрдүн фону нормалдуу деген кагазга кол коюп берген. Бишкек ТЭЦ тарабы да баары жайында деп кол коюп берген. Демек, бир катар деңгээлдеги көзөмөлдүн бардыгы көмүрдү текшербей туруп кол коюп берген. Албетте тиешелүү кызматкерлер жазасын алып, эң башкысы ушул кырдаал кайталанбагыдай жагдай түзүлушү керек.

"Азаттык": Кечээ парламент комитетинин жыйынында бир топ маселенин учу чубалгандай болду. Маселен, министр Шадиев айтып атат, ошол кездеги ЖК төрагасы Келдибеков Кулан көмүрү боюнча кайрылды эле  деп. Депутат Абдылдаев айтып атат, өкмөт жетекчилигинин буйругусуз көмүр ташылбайт тыштан, ошол кездеги өкмөт башчы Атамбаевди, анын орун басары Бабановду прокуратура сураш керек деп. Деги радиациялуу көмүрдү ташып киргизүүгө уруксатты ким берген? Мисалы, премьер-министр ачыктай алабы, өзүнүн тиешеси бар же жок экенин?

Каназаров: Премьер-министр бул маселеге өзүнүн такыр тиешеси жок экенин ачык айта алат. Кечээ парламентте Шадиев ачык эле айтты, ошол кездеги спикер Акматбек Келдибеков телефон чалып, так ушул “Кулан ТБ” ишканасынын көмүрүн аласың деп айткан деп. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстанда чоң саясатка айланып жаткан чырлуу көмүрдү азыркы оппозициялык фракциянын мүчөсүнүн мамлекеттик органдарга таңуулагандыгы – бул Кыргызстандын саясатында түзүлгөн бир уникалдуу  көрүнүш.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 17:16
Ташиев эмнени чыгарды,комурдо радияция бар экенин Ата Мекен партиясы тээ куздо эле айтып чыккан анан эле Ташиев айтып чыкты бироонун айтканын, озу радияция таап чыкансып ошол радияция бар экен деп эми кыйкырып озуно упай топтоп жатат.ташиев аман эле болсун
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 17:07
Ата мекен тапканы менен сентябрдан бери оозуна талкан салып унчукпай отурушту. Окмот уу комурду бала бакчаларга чейин жеткирип жатса да.Бул кылмыш-кылмышты жашыруу!!! Азамат Ташиев ачуу чындыкты бетке айта бер! Бугун кыргызды ким башкарганын да айт:туркбу,курдбу,американецби же орус-татарбы баарын айта бер.Накта патриот жигит экенсин!

кимден: Кайрат
09.02.2012 13:05
Бул интервьюда радиациялуу көмүрдүн КГ-га алып келиниши гана тууралуу сөз болуптур.Албетте ал чоң катачылык,изилденип тиешеси болгондор жазасын алууга тийиш бирок андан да чоң маселе бул көмүрлөрдүн билинип туруп мектеп,бала-бакча,карылар үйүно таркатылып кетиши болуп жатпайбы.Бул кечирилгис ката.Азаттык мына ушул теманы сурасаңар болмок Султандан.

Эгер ушул теманы Ташиев алып чыкпаганда жалпы коомчулук эч нерсени билбей кала бермек экен да.

Менин Султанга бир суроом бар:Оппозиция тарабынан окмот башчынын адресине кандайдыр бир доомат айтылып жатканда окмот башчы же озу же пресс-секретары аркылуу жооп бериши керек эмеспи?Дегеле Окмоттун маалымат саясаты болумунун функциясы кандай?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 17:53
Тууган ким куноолу дагы изилдеш керек. Ташиев муну кайдан билет. Ал ууланып жыгылган жок да билгич коз ачык эмес да. Демек мурдагы Бакиевтин учурунда саатып алынып жургон комур. Алар билчу элге казактардан коркуп унчукпай жургон. Эл билбейт деп казыр акылдуу болуп чыгарып жатышат мумкун. Акаевтин учурунан баштап келген кагазды текшерсе эле баары ордуна келет.

кимден: Кемпай каяктан: Тоодон
09.02.2012 11:58
Бул Каназаровдо эмне куноо? Жаш бала экен озу деле, чондорунун айт дегенин айтып жатат да, буга ошонусу учун маяна беришет, бул деле бироонун баласы. Куноону баары ошол чондорунда. Бул бала "Келдибеков телефон чалып ал деген" деп озу деле тушунбой айтып койду. Эгер мындай иштерге спикер киришчу болсо окмот менен президенттин эмне кереги бар болчу?! Анда АША менен БӨТ жон эле айлык жеп жатат экен да! Же биз кыргыз эли жинди болуп калдыкпы? Чын эле куноо бизде, карапайым элде го дейм. Алар акылдуулугунан жогору жактарда элита болуп отурушат да. Кемпай болсо биздин арабызда эле журушмок, тушунбой баштары чирип. Иии жок таптым бул уулуу комурдун кируусуно Абсамат Масалиев менен Аскар Акаев куноолуу экен. Анан албетте Бакиевдердин да куноосу бар, ошолор бул комурду алууга макулдук беришкен болуусу мумкун. Же мен жиндиминби? Балким мен куноолуу болуп журбойун, ту-ту-ту. Ээ жок эл куноолуу экен, эми таптым, ушундай кылып башчыларыбызды тайрандатып койгон албетте эл куноолуу да! А билким радиациялуу болуп жаралып калган комур куноолуу болуп журбосун?!??
Пикирге жооп

кимден: Austria каяктан: Austria
09.02.2012 16:09
Emne dep ele döödüröi bergensiz. Kanazarovdu echkim künöölu degen jok, maalymat bashchysy bolgondukdan, kabarynys barby dep surap atat jön ele. I prichom tut Akaev, Bakiev? Özunuz jazganda jindikensiz........... Sorry. Kichine tushunup anan jazsanys, döduroi berbei.........

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 00:16
"Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт" болуп жатат. Окмот жооп бериш керек бул радиациялуу комурго

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.02.2012 20:41
Япониядан келген машинелер ууланган эмеспи, ыя?

кимден: Аске каяктан: мск
08.02.2012 15:31
Бул пресс-катчы озунун боссторун коргоп суйлоп жатат башка айласы жок та!!! Азаттык-эгер эркинер жетсе ошол куландын комуру ташылсын деген токтомду таап туруп жарыялагыла коройлу кимдин колу турганын!!! Чындыкты анан билейли талашпай......

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
08.02.2012 14:56
Султан, эми угуп тур.Куландан келген уу көмүр бизге сентябрь айында түшкөн, анда АША мене БӨТ өкмөттү кучактап жаткан.Өкмөттүн №361 буйругу турат, ташылып келсин деген. Радиациялык фон 25 эсе жогору деп 8 ноябрда, адистер тастыктап берсе, 14 мектепке, бир бала бакчага, кароосуз калган Нижне-Серафимовкадагы 317 чал-кемпирлер жаткан интернатка билип туруп таркаткансыңар.Мына , бейөкмөтчүл, А.Дауталиеванын маалыматы боюнча,Чүй районуна 41 тонна, Серафимовадагы интернатка 650 тонна,Жайыл, Москва,Карабалта шаарына 10 миң тонна,Сокулуктун мектептерине 17 тонна, Беловодскиге 400 тонна уу көмүр таркатылып, жартысы жагылып кеткен..Тамакка карды тойбой, мөмө-чөмөгө акчасы жетпеген чор тамандардын бала-чакасын, кары-картаңын, уу көмур жактырып өлтүрөйүн дедиңерби? Мен, Ташиевдин тарапташы эмесмин, бирок өкмөттүн бул кылыгын кечирбеймин.Эми ТЭЦке алып барып, чогултуп жатасыңар, ТЭЦтин жака белинде жашагандар ууланып өлсүн деген саясат жүрүп жатабы?
Пикирге жооп

кимден: Атантай каяктан: Бишкек
08.02.2012 16:15
Кагылайын карагым Султан. Деги сен эмне деген баласын ботом. Өкмөттүн кыянаттыгын актап-жактагандан көрө, ачыгын айтпаысынарбы. Биздин өлкө экстрим болуп калды, Бишкекте уулуу көмүр деп чуулдап атабыз, Ошто болсо СПИД жуккан балдар дагы 70 тен ашыт деп атышат. Өзү ушул мадырабаштарды бекер эле бийликке коюуп адашып атабыз. Ботом, пресс катчы деген да ушундай болобу....кокуй-кокуй дээринде жок неме экен. Азаттык силерге ырахмат күйуп-бышып, коомдук пикир жаратып атасынар, бар болгула кайгылайындар.
Пикирге жооп

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
08.02.2012 16:14
Султан мырза! Эгерде Бабановдун күнөөсү жок болсо эмнеге далилдеп бергендин ордуна унчукпай, сен аркылуу айттырып жатат. Келдибеков телефон чалган деп ага шылтап жатасыңар, Телефон чалган күндө дагы кол коюп, алып келиш, келген көмүрдүн сапатына жооп бериш өкмөттүн милдети. Өзүңөрдүн милдетти билбей эле ар кимге оодара сала бересиңерби? Эмнеге ушул убака чейин сыртка чыгарып салбай, мектептерге таратып салгансыңар. Же муну дагы бирөө телефон чалып ушундай кылгыла деп айттыбы? Сен төшүңдү тосуп күнөөлүлөрдү коргоп жатып садага чабылып кетпе.

кимден: chyngyz каяктан: Bishkek
08.02.2012 14:47
Окмот тээги бир жооп керчиликти алабы, эмне деп убада берди эле эсинен чыгып калгангоо 87 баатыр эмгеге олду алардын майоуу кресло учунбу ааа Ташиев эркек созундо турат

кимден: ТИМУР каяктан: РОССИЯ
08.02.2012 13:37
Султан мырза окмоттун функциясын качантан бери спикер аткарып калган???? Келдибековдун бул жерде кандай тиешеси бар???Ал деген ошол учурда парламентте спикер болучу причем здез спикер??? А пример министр кайда эле , энергетика министри кайда эле Спикерге тартырып ийип озунун ишин???Cултан мырза деги пример министрдин функциясы кайсы ушуга жооп берип койсонуз????

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
08.02.2012 12:40
Мамлекеттин жетекчилери Ташиевтен озунуп оз демилгеси менен бул чырдуу маселени чечпей эшек такалап отурушабы? Сентябр-октябрден бери окмот башчылары жаап-жашырып келген маселени козгогон Ташиев куноолуубу? Кудайдан коркосунарбы деги? "Ун" чыгарган кыз, унчукпаган кыздын бетин тырмайт болуп жатасынар!
Пикирге жооп

кимден: барк каяктан: орго
08.02.2012 21:51
Ким билет, эмне себептен "Гезиттер" жабылды? Уч тамга эмеспи?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине