Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:24

Илим, билим берүү, IT

Илимде уурулукка бөгөт коюу программасы камдалды

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев илимий иштердеги плагиат тууралуу маек курду.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактыларын аныктоо боюнча “Анти-Плагиат” системасы ишке кирет экен. Оболу ушул система тууралуу учкай айтып бересизби? Буга чейин плагиатты кантип аныктачу элеңиздер?

Алтай Бөрүбаев: Жогорку аттестациялык комиссия илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын ыйгарууга келип түшкөн диссертациялык иштерди эксперттен өткөрүү үчүн инновациялык  “Анти-Плагиат” системасын киргизип жатабыз. Учурда бул система тестирлөөдөн өттү. Бул аттестация системасында чоң бурулуш болуп эсептелет.
Студенттер илимий иш жазып атат дегенден алысмын, себеби студенттер жазган иштерде илимдин элементтери гана бар.

Диссертацияларды экспертизадан өткөрүү өтө көп эмгекти, тактап айтканда, көптөгөн документтерди, илимий эмгектерди, диссертацияларды анализдөөнү талап кылат. Эксперттер ушундан абдан кыйналып жүрүшчү. Эми бардыгын жатка билүү да кыйын. Ошондуктан Интернеттен, же бөлөк диссертациядан көчүрүп алгандар аттестациядан өтүп кетчү. Ал эми азыр болсо компьютер өзү канча пайызы башка диссертациялардан, канчасы Интернеттен, канчасы башка булактардан шилтемесиз көчүрүлүп алганын, өзүнүн оригиналдуу иши канча пайыз экенин таптак көрсөтүп берип турат.

“Азаттык”: Илимий иштердеги плагиат үчүн мыйзамдарда жаза каралганбы? Башка бирөөнүн эмгегин көчүрүп алганы аныкталса, кандай чара көрүлөт, же уяткарып эле тим болосуздарбы?

Алтай Бөрүбаев: Биринчиден, биз машина аныктап берген документтерди эксперттик комиссияларга беребиз. Ал комиссия кашкайып көрүнүп турган нерселер көп болсо, автоматтык түрдө ал ишти четке кагуу боюнча президиумга сунуш берет. Анан ал ишти президиум четке кагат. Ал эми кээде талаш учурлар болот. Машина менен эксперттер ортосунда талаш жаралган учур да болот. Анда биз эксперттердин чечимин карайбыз, анан акыркы чечимди президиум чыгарат.

“Азаттык”: Кыргызстанда илим өзүнчө, коом жана мамлекет өзүнчө жашап жаткандай таасир калтырат. Жылына 30дай диссертациялык, 200дөй кандидаттык иш жазылат экен. Алардын 10 пайызы сиздердин комиссиянын сынынан өтпөй калат. Бул көппү же азбы? Жазылган илимий иштерден пайда болобу?
Азыр болсо компьютер өзү канча пайызы башка диссертациялардан, канчасы Интернеттен, канчасы башка булактардан шилтемесиз көчүрүлүп алганын, өзүнүн оригиналдуу иши канча пайыз экенин таптак көрсөтүп берип турат.

Алтай Бөрүбаев: Илим болбосо, коомдун да, мамлекеттин да өнүгүшү болбойт. Бизде мынча диссертация жазылгандан кийин канча сом пайда келет деп түшүнүшөт. Мында өндүрүшкө тиешелүү диссертациялардан каражат түшүп жатат. Ал эми кыйыр түрдө  коомдук илимдерде, мисалы математикадан жакталса, албетте илимдин өнүгүшүнө сөзсүз түрткү болот. Бул иштердин пайдасы талашсыз.

Ал эми бизде өзүңүз айткандай, 30га чейин докторлук диссертация, 200гө жакын илимдин кандидаттыгы үчүн диссертациялар жакталып жатат. Бул биздин 5 миллион элибизге көппү, же азбы деген мыйзамдуу суроо туулат.

Эгер ар бир адамдын башына салыштырмалуу айтсак, мисалы, Казакстанда 20 миллион адам болсо, Өзбекстанда 30 миллионго жакын эл жашаса, ал жактарда жазылган диссертациялардын санына салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнүн ичинен диссертациялар эң аз жазылган өлкөлөрдөн болуп саналабыз. Себеби Жогорку аттестациялык комиссия ошого бөгөт койгон. Азыркы бөгөтүбүз эми мындан да катуу болмокчу. Илимдин кандидаттык, доктордук диссертацияларынын сапатын жогору көтөрүү боюнча күрөш жүрүп жатат. Кеп санында эмес, сапатында болуш керек.

“Азаттык”: Сиз ректор болгонсуз, студенттер жазган илимий иштердеги плагиатты азайтуу чаралары барбы? Анткени Кыргызстанда курстук, дипломдук иш жазып берүү боюнча кызматтар жайнап кетти.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен диссертациялар эң аз жазылган өлкөлөрдөн болуп саналабыз.

Алтай Бөрүбаев: Биз жасап жаткан “Анти-Плагиатты” жогорку окуу жайларында да колдонуу ниетин көздөп жатабыз. Студенттер илимий иш жазып атат дегенден алысмын, себеби студенттер жазган иштерде илимдин элементтери гана бар. Ал эми накта иштер аспирант, докторанттарда эле болот.

“Азаттык”: Сиздердин комиссия негизи эмне менен алектенет?

Алтай Бөрүбаев: Жогорку аттестациялык комиссия кандидаттык, докторлук наамдарды татыктуу адамдарга, туура диссертацияларды жазган адамдарга ыйгаруу боюнча, доценттик, ага илимий кызматкер жана профессор деген наамдарды берүү боюнча аттестация тармагындагы бардык иштерди алып баруу эсептелет.

“Азаттык”: Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.01.2012 01:30
Мен бул маекти окуп жатып мындан бир нече жыл мурун А.Бөрүбаевге жазылган ачык катты эстедим. Анда жазуучу Мамасалы Апышев филология илимдери боюнча ведомстволор аралык диссертациялык кеңештин былык иштери (А.Акматалиев) тууралуу жазды эле. Дагы бир ачык катында А.Садыковдун небересинин диссертациясы чылгый плагиаттык иш экенин конкреттүү фактылар менен далилдеп берип, чара көрүү керек экендигин айтып чыкты эле, бирок А.Бөрүбаев эч кандай реакция кылбаса керек эле?..

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.01.2012 17:38
Урматтуу Борубаев мырза! Сиз диссертациялык кенештерде кандай корруцпиянын гулдогонун билесизби. маселен урматтуу профессор Бекбалаевдин диссертациялык кенешин эле мисалга алсак болот. Коп эле учурда ушул кенештеги салыштырылган биринчи тил эмес кыргыз тилин билбеген Бекбалаев агайдын Аспиранттар фабрикасына деле диплом берип жатпайсынарбы. Ал эми Бекбалаевге же ученый секретарга жакпай калган жетекчилердин аспиранттарына абдан эле кыйын, ал эми диссертацияны кенешке алыш учун Бекбалаевге "мамлекеттик налогду" толош керек. Ал эми ученый секретар Орункан Абдукаимова озун кудай эле сезет, бардык процедураларга ставканы ачык айтат. Эмне учун кыйналып озу изилдеп озу жазган аспиранттар дагы Бекбалаевге "допуск" толошу керек?

кимден: Жениш каяктан: Жалал-Абад
10.01.2012 10:34
Илимге киришкен инсандын жеке абирийири таза, мээнети ак болбосо мындай усулдардын бири да тоскоол боло албайт. К.И. Скрябин айткан принциптер боюнча гана илимге киришууну сунуштаар элем

кимден: Kuban каяктан: Bishkek
09.01.2012 11:13
Чет жерде бул анти-плагиат системасы аябай жакшы жана эффективдуу иштеп жатат. Бизде бул программа эффективдуу иштеп кете албайт. Себеби буга чейинки жакталган иштердин копчулугу электрондук турдо базада сакталган эмес. Программа салыштырууга базадан жетишерлик информация ала албайт. Учурдагы жакталып жаткан иштердин баарын электрондук базада сактап башташса 30-40 жылдан кийин ошонун негизинде бир аз контроль кылганга болот, бирок ал дагы жетишеерлик болбойт.
Булар Орустардын анти-плагиат программасын алып ошонун негизинде иш баштап жатышса керек.

кимден: Бурганак каяктан: Монгулор
09.01.2012 09:32
Илим тармагы деле бийликке, байлыкка жетуунун бир жолуна айланып калган, жердештик, туугундык жагдайы боюнча бири бирин колдоо, ал тургай керектуу орундар керектуу кишилер илимий даража алганча сакталып турулган учурлар бар, илимдин кандидаттары, докторлору кобойгон менен эмне учун саясатта туруктуулук жок? Эмне учун эн керек болгон энергетика системасынын ызы-чуусу коп? Илим илим учун, жашоо оз нугунда кете берсе. Академиянын кереги барбы? ВАК тын башында накта илимпоз, улуу адам болушу абзел. Деги эле окумуштуу деген чанда чанда гана, кутуусуздон чыгыш керек, пландуу турдо окумуштууларды чыгаруу акылга сыйбайт. Билим алуу, адистикке ээ болуу башка нерсе...

кимден: Tynchtyk каяктан: Prague
07.01.2012 17:33
Дагы бир айта кетчу нерсе бул академик айтып жаткан системаны тузуу учун шарттын бар болуп болбогонунда. Компьютер текшерет дейт. Текшерчу бир программаны айтпайбы? Ким жасаптыр ал программаны, чет жерден сатып алдыбы же? Ал программанын иштоо алгоритмин тушундурбой анда.Менин билишимче андай программалар жок деле. Себеби андайга кереги жок.
Же google менен текшеришеби плагиат барбы же жокпу? Google менен издоо жургузгондо бироонун суйломун Copy/Paste кылып кочуруп алдыбы же жокпу ошону гана текшере аласын. Ал эми башка бироо тарабынан алынган илимий бир жыйынтыкты же жетишкендикти уурдап алгандыгын текшериш учун Google жетишсиз. Ал учун эн азынан чоон жана ото кымбат болгон илимий датабазаларга катталыш керек жана ар бир эл-аралык илимий журналдарга каттоо болуш керек, себеби бекер маалымат деген нерсе жок азыркы заманда. Билишим боюнча Илимдер Академиясына жана Республикалык Китепканага эгемендиктин башталгыч жылдарынан бери жаны журналдар келип тушпой калган каттоолорго акча жетишпегендиктен. Фантастика фильмериндекидей компьютер баржокту билет, ал текшерип бизге таап берет плагиаттын баарын деп эле суйлоп кое берген болбойт...

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
07.01.2012 07:02
Урматтуу азаттыктын окурмандары, анти-плагиат системасы компьютер аркылуу иштесе бул жанагы лотерея оюнун бир түрү. Проблеманын өзгү башкада, НАК та отурган академик жана профессорлор агайларыбыз көп жылдан бери чыныгы илим кандай болорун деле унутуп калышкан. Көпчүлүгү мен баланча кандидат же доктор чыгардым деп мактанышат бирок алардын көпчүлүгү аналитикалык жана тажыйрбалык эмес жөн гана көркөмдөп диссертация жазышат. А.Б. айтып жаттабайбы студенттер илимий иш жазбайт деп, студент эмес азыр доктор жана кандидаттар да илимий макала жазбай калышты жазса өтө төмөнкү деңгээлде аны илимий макала деп атоого деле болбойт, анан алар студенттерден эмнени талап кылышат. Айрыкча экономика, юридика жана гуманитардык илимдер боюнча баары эмес, бирок көпчүлүк диссертациялар илимий иш деген наамга татыктуу эмес. Алар жазган иштен мамлекеттин экономикасы же укуктук базасы жакшырып кеткен жок. Биринчиден илимий изилдөөгө акча жок ал эми экинчиден жакшы диссертация жазганга окуумуштулардын идеясы жок. Союз убагынан бери макталып келе жаткан академик агайларыбыздын көпчүлүгүнүн илимий иштери үстүрттөн жазылган иш экени эгемендүүлүк жашообузда билинди. Алар жазган иштерге бүгүн чет мамлекеттерде жада калса Россияда бир да сылка берилбейт. Эң өкүнүчтүүсү ошол агайларыбыз азыр өздөрү каршы болгон плагиаттык система менен докторлорду жана кандидаттарды пачкалап чыгарып жатышат. Ал эми илимий наамга мамлекет тарабынан кошумча акча төлөнүш керек деген система туура эмес. Себеби сабатсыз жазылган диссертациялар үчүн эмне үчүн мамлекет акча коротуш керек? же алардын диссертациялары мамлекет үчүн пайда алып келбесе. Учурда кандидаттардын жана докторлодун саны жетиштүү, керек болсо, экономикасы жарды мамлекет үчүн даже өтө көп. Кээ бир кандидаттар орусча жазылган китептерди, анысы да өткөн кылымдын 60 чы жана 70 чи жылдарында жазылган кыргызчага чала которуп диссертация жаздым деп кубанып жүрөт, ошол эле диссертациялар НАК тын элегинен өтүп диплом берип жатышат. НАК тын жетекчилиги жана алардын мүчөлөрү азыр диссертациялардын сапатына эмес таныш-билиш жана жердешчилик принциби же жогору жактын буйругу менен иштеп калгандай сезилет. Эң кызыгы чет мамлекеттен жактап келген иштерди булар бекитишпейт: 1 себеби англис тилин билген, учурдагы илимде кандай ачылыштар болуп жактканын кабардар болгон, ай сайын чыгып тууручу кадыр барктуу чет элдик журналдарды окуп жүргөн билимдүү адистер, көпчүлүк адистиктер боюнча жок; 2 алар мурдагы өздөрү көнүп калган эле татаал бюрократиялык система боюнча иш алпарып жатышат алар кайрадан защитага чыгарып бары бир биз кыйынбыз деген принципти көрсөтүп жатышат. Кыскасы жаңы анти-плагиаттык системаны эмес илимге болгон принципти өзгөрткөндө гана биздин илимде алдыга жылуу болот.

кимден: Жолдошбек каяктан: Германия
07.01.2012 00:14
Буга кошулабыз.Акыркы 15 жылдагы докторлук,кандидаттык диссертацияларды да ушул анти-плагиаттан откоруш керек.Илимге коррупцияны азыркы 50-90 жаштардагы окмуштуулар алып келишкен.Кыргызстанда Академик,член-корр. деген илимий жасалма даражаларды алып салыш керек.Бул наам СССР учурунда кошумча киргизилген наам.СНГдан башка олколордо жок.Акыркы 20 жылда интелигенциянын ири окулдору,илимдин докторлору,профессор,академиктер Эл кыйналып турганда алардын таламын талашып бийлике калыс созун айтканын уктунар беле.Буларга анти -плагиатты колдонсо булардын бала бакыралары,туугандары илимий даржаларынан ажырашат.Академиктерге олор олгончо толончу акча каражатын бала бакча салганга жумшаш керек.

кимден: Tynchtyk каяктан: Prague
06.01.2012 20:22
"Академиктердин" дагы ойлоп тапкан коррупциялык схемасы бул. Бир да онуккон олкодо "анти-плагиаттык" "система" жок. Болсо да Германияга окшогон олколордо кээ бир адамдар оз ыктыяры менен саясатчылардын жазган диссертацияларын текшерип алардын плагиатын ачыкка чыгарып уяткарып алардын шарлатандыгын ачыкка чыгарыш учун аракет кылышат. Мисалы цу Гутенбергдин жана бир канча саясатчылардын диссертацияларындагы плагиатты жонокой адамдар жакталгандан кийин таап айтып чыгышпадыбы. Институцияландырылган турдо бир да олкодо жок себеби андайга керек да жок. Эн негизги эксперт болуп диссертацияны жактап жаткан адамдын илимий башкаруучусу жана оппоненттер болуп эсептелинет. Себеби илимий башрауучу аспиранты экоо иштеген тармакты ийне жибине чейин билсе студентине плагиат кылып бироонун эмгегин озуно ыйгарып алуусуна жол бербейт. Ошол эле сыяктуу оппоненттер да жазылган эмгекти диссертация жакталаардан мурда окуп же жактоого чейин же жактоо учурунда ачыкка чыгарып жактоону жараксыз чыгарышы керек. Мисалы жакында эле Орусияда чон скандал болбодубу Ольга Кажеванын плагиатын жактоо учурунда оппонент айтып чыкканда. Эмне кереги бар антип "институциялаштырып". Андай нерселер кыргызда бир гана коррупцияны легалдаштыруунун жолу болуп эсептелинет. Эн пайдалуусу ушуга чейин жакталган диссертацияларды аттестациядан откоруп башташ керек реформаны илим чойросундо (биринчи орунда академиктердин "эмгектерин" текшеруу зарыл).
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.01.2012 11:27
Бали!
Пикирге жооп

кимден: Kuban каяктан: Bishkek
09.01.2012 11:15
Тынчтык сен жанылып жатасын.
Европада бул система университеттердин копчулугундо иштеп жатат.
Мен озумдун ишимди дагы откоргом ал системадан.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине