ишемби, ноябрь 01, 2014 Бишкек убакыты: 14:02

Атайын иликтөө

ОшМУ: билимден акча жасагандар

ОшМУнун мурдагы жетекчилиги окуудан чыгарылган студенттердин 2 млн 253 миң сомдук келишимдик акысын кымырып алган фактынын бети ачылды.

Буга чейин эмгек жамаатынын талабы менен окуу жайдагы каржылык мыйзам бузуулар бир нече ирет текшерүүгө алынганы менен анын жыйынтыгы чыкпай келген. Тескерисинче ошол кездеги окуу жайдын ректору Муктар Орозбеков билим берүү министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлүп, анын орун басары Ашыралы Борбоев башка бир окуу жайга проректорлукка которулган.

Ошол кездеги окуу жайдын башкы эсепчиси Элмурад Обдунов болсо “Республика” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алууга жетишкен. Байкоочулар бир эле окуу жайдан чыккан мындай көрүнүштү өлкөдөгү ашынган коррупциянын натыйжасы катары баалашууда.

Өзү кетти, акчасы калды

Ош шаардык прокуратурасы ОшМУда 2009-2010-окуу жылында келишимдик негизде окуп жүрүп, окуудан чыгарылган 421 студенттин окуу үчүн төлөнгөн акчасы өздөрүнө кайтарылбай калганын таап чыкты. Аталган каражат окуудан четтетилген студенттерге кайтарылып берилди деген жасалма документ түзүлүп, 2 миллион 200 миң сомдон ашуун акча окуу жайдын бюджетинен чыгышталган. Келишимдик акынын тиешелүү өлчөмүн кайтарып алгандыгын тастыктаган окуудан чыгарылган студенттердин колу да жасалма болуп чыккан.

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Канатбек Султанов бул факты боюнча окуу жайдын ошол кездеги жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгонуна токтолду:

- 2012-жылдын 4-июлунда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ОшМУнун мурдагы кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмачылык) жана 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) сыяктуу үч беренеде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

x
Учурда Ош шаардык прокуратурасы тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ОшМУнун ошол кездеги кайсы жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун сыр катары жашырууда. Анткен менен өздүк булактар азырынча кылмыш ишинде негизги фигурант катары ОшМУнун ошол кездеги проректору Ашыралы Борбоевдун гана ысмы аталып жатканын айтышууда.

ОшМУнун азыркы ректору Каныбек Исаков аталган иште өзүнөн мурдагы жетекчинин учурундагы мыйзам бузуулар аныкталып жаткандыктан ага толук комментарий берүүгө байланышкан маселени кызматтык этика менен байланыштырды:

- Бул эми мурдагы жетекчиликтин учурунда болгон экен. Мен бул окуу жайды 2011-жылдын июль айынан баштап жетектеп келатам. Анан эми ал иштин чоо-жайы тууралуу айта турган болсом бул жерде мурда ректор болуп иштеп кеткен Орозбеков бул ишти мен чукулап жаткандай кабыл алышы мүмкүн. Ошон үчүн мен бул боюнча комментарий бербей эле өзүмдүн жүгүмдү өзүм көтөрө берейин. Тергөө иши кандай болуп жатканы боюнча да менде толук маалымат жок. 

Ким которулду, ким көтөрүлдү?

Алдын-ала тергөөнүн материалдарына ылайык, ОшМУнун ошол кездеги проректору Ашыралы Борбоев 2009-2010-окуу жылында окуудан чыгарылган студенттердин келишим акысы кайтарылып берилгендиги боюнча документке кол койгон. Ал азыр мурдагы кыргыз-өзбек, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университетинин каржы иштери боюнча проректорлугуна которулуп кеткен. Ал адам менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

2009-2010-жылдары Ош Мамлекеттик университетин азыр Билим берүү министрлигинде жогорку окуу жайларын көзөмөлдөгөн министрдин орун басары Муктар Орозбеков (12-июлда Орозбеков кызматынан бошотулду - ред.) жетектеп турган. Орозбеков козголуп жаткан ал иш боюнча мына буларга токтолду:

- Биздин университетте отуз миңден ашуун студент окуйт. Анан жылына алардын эки жарым миңге жакыны окууларын таштап же окуй албай университеттен кетип турган. Анан мына ошол студенттердин ичинен колунда барлары окууга киргенде эле беш жылдык келишим акысын төлөшсө, колу жукалары жыл сайын бөлүп-бөлүп төлөп турушчу. Эреже боюнча кышкы сессиядан окуудан айдалгандар экинчи жарым жылдыктагы окуусу үчүн төлөнгөн акчасын кайтарып алганга акысы бар. Мен бул жерде окуудан четтегендердин акчасы желип кетти дегенге күмөнүм бар. Себеби ар бир ата-эне окуудан чыгарылгандан кийинки мөөнөт үчүн төлөнгөн акчасын талап кылып, алып кетип турат. Ошондуктан жанагыдай болушу деги эле мүмкүн эмес.

x
Каржылык мыйзамдарга ылайык кайсы гана окуу жайда болбосун акчалай чыгашалар боюнча буйруктарга ректор түздөн-түз кол койот. Жобого ылайык эгерде окуу жайдын башчысы кызмат ордунда болбой калган учурда андай буйрукка биринчи проректор ректорду кабарландыруу аркылуу гана кол коюуга акысы бар. Ошондон соң гана андай буйрукка кол коюу башкы эсепчи менен макулдашылып, анын макулдугунун негизинде чыгымдала турган каражат дарегине жөнөтүлөт.

Бирок мына ошол учурда ОшМУнун башкы эсепчиси кызматын аркалаган учурдагы Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Элмурад Обдунов ал иштен кабары жок экенин белгиледи:

- Мен аталган окуу жайда 2008-жылдан баштап 2010-жылга чейин иштегем. Бирок муну эми такташ керек да. Негизи калган келишимдик акы кайтарылат да. Эми ошондой болгонбу, же болгон эмеспи такташ керек. Мен ал жакка өзүм бара элекмин. Барганда анан такталат го. 

Айыпка жыгылбаган айлакерлер

2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин эмгек жамаатынын "иш-аракети күмөндүү жетекчини алмаштыруу керек" деген талабы менен ошол кездеги ОшМУнун ректор Муктар Орозбеков кызматынан четтетилген. Бирок бир канча убакыттан кийин Убактылуу өкмөттүн жогорку окуу жайлардын жетекчилерин өз алдынча кызматтык алмаштыруулардын толкунун басуу боюнча чечимин жетекчиликке алган жергиликтүү бийлик аны кызматына калыбына келтирген.

Кийин окуу жайдын айрым бир окутуучулары ОшМУдагы курулуш иштерин жүргүзүүгө, окуу-материалдык базаны чыңдоого багытталган каражаттардын максатсыз жумшалгандыгы боюнча арыз жазышкан. Окуу жайда текшерүү жүргүзгөн Каржы полициясы арызда келтирилген фактылар тастыкталган жок деп жыйынтык чыгарган. Бул жолу башка бир факты менен шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогону менен тиешелүү кызмат адамдарынын ысымдарын атабай жатышы коомчулукта күмөн саноолорду жаратууда.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев өлкөдөгү жазасыз калтыруу өнөкөтү жаңы кылмыштарга жол ачып жатканына токтолду:

- Ош шаардык прокуратурасы бул ишти баштагандан кийин токтоп калбай аягына чыгара тергеп, сотко өткөрүш керек. Анан жөн эле иштеп жаткан түр көрсөтүп, дүңүлдөтө “компанейшина” кылса анда баягы эле иштер кайра эле улантыла берет. Башкаларга сабак болбойт. Мына он жылда эки ыңкылап болду. Бирок баягы эле жетекчилер кызматтарында калып, ал гана эмес кызматтан жогорулап жатышпайбы. Бул эми чырмалышкан коррупциянын кесепети. Саясий конъюктура жасап, ар кандай жолдор менен бир кызматтан кетирсе ,андан жогоркусуна барып жатышат.
 
Иш бар, шектүү жок


Билим берүү министрлигинин коллегиясы азырынча ОшМУдагы буга чейин жашырылып келген ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча расмий түрдө кабардар эмес. Адатта кылмыш иши козголгон учурда ал боюнча тиешелүү кызмат адамдары шектүү деп табылып, аларга айыбы угузулат.

Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда тиешелүү тармакта жетекчи кызматтарда отурган кызмат адамдары мыйзамга ылайык, жумушунан убактылуу четтетилүүгө тийиш.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучу же күбө катары аныктала турган кызмат адамдарынын чөйрөсү боюнча маалымат жашыруун болгондуктан алардын баш коргоо чарасы да кандайча каралары белгисиз.

x
Билим берүү министринин маалымат катчысы Керез Жукеева азырынча прокуратура органдарынан андай мүнөздөгү өтүнүч кат келе электигин белгиледи:

- Негизи бизге прокуратурадан расмий түрдө сунуш келиш керек экен. Бирок андай сунуш бизге келе элек. Шарт боюнча мына ошол сунушта кандайдыр бир кылмышка шектелип жаткан жетекчи кызматтан алынсын же тергөө учурунда убактылуу четтетилсин деп көрсөтүлөт. Анан биз ошонун негизинде иш алып барышыбыз керек экен. Азырынча андай өтүнүч кат түшпөгөндүктөн биз эч нерсе кыла албайбыз.

Учурда өлкөнүн саясий жетекчилигинин талабы менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аракеттери көрүлүүдө. Буга чейин далилденген жемсөөлүк иштери боюнча бир катар кылмыш иштери козголгону менен ири аткаминерлердин ичинен бири дагы кармалбай келген.

Жакындан бери жандана баштаган иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев, социалдык камсыздандыруу министри Равшанбек Сабиров жана ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы менен орун басары кармалып, камакка алынды.

Кыргызстандын башкы из кубарлары аталган тизме дагы уланып, жакында бир нече депутат жана жогорку даражалуу  мамлекеттик аткаминер ири коррупциялык иштер боюнча кармала тургандыгын жарыялашты.

Кубанычбек Жолдошев

"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.08.2012 20:00
Исаковду мактагандар жакында болгон жооптуу катчы менен болгон инсидентти уктунарбы. Каржы полициясыбы же башка орган келип акча менен кармаптыр го. Ректорунар айткан экен акча берип кой аларга деп.
Эмне унчукпайсынар, атпайсынарбы.

кимден: Акчач каяктан: Бишкек
19.07.2012 16:31
"Эй достор Жакында дагы бир иш козголот отдел кадрга мурда айдалган 40 студент востановление болду. Муну БИМдин деканы Асанов жана бизден кеткен Кенжаевдерге кол койдурдук Кадрдын башчысы задний М Орозбековдун убагына туурулап жатат мен да ошолрдун ичиндемин кызык эми башталат

кимден: Кайрат каяктан: Ош
19.07.2012 15:37
Каныбек агай жөнүндө жазгандарды окуп аябай таң калып жатам. Бул агай абдан мээримдүү, боорукер, чынчыл, таза киши. Ар бир студенттин проблемасын озунукундой карап жардам берет. ОГПИде иштеп жургондо мен контрактты толой албай агайга жардам сурап киргенмин. Менин турмушумду бүт угуп анан жакшы жардамын берген. ушундай таза кишинин жамандап жазгандар оздору жакшы адамдар эмес. Каныбек агай студенттерге дайыма кеп кеңешин жашырбай жатканаларына чейин дайыма кыдырып журот. Каныбек агай көрө албастыардын сөзүнө кейибең! Аман болуң! Сиз тааныган студент Кайрат

кимден: жаштар каяктан: Ош
18.07.2012 13:23
Ош МУда тамырлап калган коррупцияны жаны ректор келип эле, өзү жалгыз, тез арада эле жок кылып коё албайт. ОшМУнун өнүгүшү үчүн ар бир мугалим, ар бир студент салым кошуш керек. Мугалимдер, жетекчилерди күнөөлөгөндү коюп, өзүңөр пара албагыла, зачётка көтөрбөгүлө. Студентер пара бербестен мээнет кылып окугула. Аракет кылып окуган канчалаган студенттер 1 тыйын беришпей эле кызыл диплом алып бүтүп жатышат.

кимден: ысым каяктан: бир кездеги студент
17.07.2012 22:33
Урматтуу студенттер!
Университетте коррупциянын жашап келе жатканы 95%га туздон туз силер менен байланыштуу!
ОшМУда канча жыл окуп кызыл диплом менен аяктадым, озумдун аракетиме жакшы окуганыма байланыштуу окуумду аяктаганга чейин мин сом эле акча иштеткенмин, ал дагы бир гана кафедра башчысынын паракордугу менен.
Эгер силер жакшы окуп , акча узатуу процесси озунон озу эле токтойт.
Биздин ОшМУ эн мыкты кадрлар даярдоо кени деп эсептейм, мугалимдеримдин баардыгына чоон рахмат айтам.

Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.07.2012 18:52
Сен экообуз окуган мезгилде башка мезгил болчу окшойт. Ал мезгилде мугалимдер чыныгы мугалимдер болгон окшойт. Мен чет тилдер факультетин 10 -12 жыл мурда бутургом. Менде дагы акча берет деген нерсе жок болчу. Биздин маалыбыздагы декан Мараш Оглы Шукри Вазировичтин жургузгон тартиби жакшы болгонбу же мугалимдердин кулк мунозу жакшы беле айтор биз куну туну окуп тапшырчубуз. Мен курстагы жакшы окучумун, бирок ото жакшы окугандардын катарына кирчу эмесмин. Бирок менин ОшМУдан алган таалимим мага бутундой Европаны кыдырганга, Америкага барганга жол ачты. Дуйнонун менмин деген университеттеринде болдум, башкалардан билимим мени эч томон корсотподу. Мен мугалимдерим Эмуля Сагировнага. Светлана Батырбековнага, Арап Анарбаевичке, Шукри Вазировичке, Наталья Михайловнага, Дана Абдыгуловага, Камил Пазыловичке, Айчурек Тургуновнага, Садык Исмаиловичке, Кундуз Максутовага жана козу отуп кеткен бардык мугалимдериме ыраазычылыгымды билдирип башымды ийип таазим этем. Сиздер берген билим гана эмес тарбия дагы мага жашоомдо чон жардам берди. Биз сиздерден орнок алып остук. Муну мен гана эмес бутундой мени менен бирге окуган муун айтат болуш керек. Мен бир сом акча берген эмесмин, алар дагы талап кылчу эмес. Бирок жакында синдим бутту, анын айтуусунда биз окуган алтын уя "башкача" болуп калыптыр. Абдан окунучтуу.

кимден: Мекенчил каяктан: Ош
17.07.2012 17:29
Урматтуу пикирчилер! Бироону сындаш оной, бирок жакшы иштерди бутуруш кыйын. Бир нерсени жазаарда ойлонуп жазайлы, бекер куноокор болуп калбайлы
Пикирге жооп

кимден: Атуул каяктан: Ош
18.07.2012 16:18
Мекенчил туура айтат. Корбогондон кийин ар нерсени айта беруу туура эмес. Орозбековдун доору отту. Исаков да кудай буйруганча иштейт. Анан коро жатабыз.

кимден: Adyl
16.07.2012 15:31
бул жердегилер эч нерсени билбейт экен

Бунун баары Бектемир Мурзубраимов 1998-2005 ректор болгондо башталган, ал каалаганча акча кылган ОшГУдан. Мурзубраимов Оштун эн бай адамы. Азыр болсо ал Атамбаевга кенешчи.

Орозбеков келип Исаковту (Мурзубраимовтун куйругун) айдады. Азыр болсо ректор Исаков СДПКдан шаардык кенешке депутат). Мурзубраимовтун кадрлары кайрадан келип жатат. Исаков ректор болгондон кийин 2 айда 50 000 долларга джип унаа алды.

ОшГУга Чынгыз Шамшиевге окшогон жаш адам келеш керек. болбосо булар бири бирин артынан жамандап журо берет
Пикирге жооп

кимден: Педагог каяктан: Ош шаары
18.07.2012 18:10
Эй, Адыл кудайды карап суйлосон боло! Эмне далилин барбы? Исаков ал жипти Ош МУга ректор болуп келгенге чейин эле алган. Эмне коруп тургандай каралай берсен боло береби. Оозуно алын жетпеген бир эргул же кмдир бироонун жалданган жасоолу окшойсун ээ. Эмне Исаковдун Ош МУдан башка тиричилик кылар булагы жок дейсинби? Кадыр-барк куткон, омур бою ак эмгек менен нан таап жегенди жакшы коргон, башкаларга ошол нерсени уйротууну самаган асыл инсан экенин биле жургуло. Анан сен да башкаларга ошондой экенин айтып кой адыл мырза!
Пикирге жооп

кимден: Бурул каяктан: ОшМУ
17.07.2012 16:10
Адыл кудайды карасан боло, Каныбек агай аябагандай чынчыл, энергиялуу адам. Исаков келгенден бери ОшМУдагы жакшы озгоруулор бар. Мугилимдер ортосундагы тытышмай, биринбири жамандап ыркырашкандар тыйылды. студенттердин арасында шыктануу пайда болуп жатат. билими бар, аракети бар студенттерди аябай колдойт. Откондо эле сессиянын алдында келип биз менен жолугуп жакшы ойлору аткан. Пара алган мугалимдерди бир жылда баарын жок кылуу кыйын, студенттер силер да бизге жардам бергиле деген. Сен да Орозбековдун бир куйругу окшойсун. Ошондуктан да жакшы иштеп, ОшМУну он жолго салып жаткан исаковду коро албай жатасын. Мен лично Каныбек агайды аябай урматтайм, мындай кишилер коп болсо мамлекетибиз тезирээк онукмок!
Пикирге жооп

кимден: Жаш акын каяктан: Ош
18.07.2012 17:15
Туура айтасыз Бурул, "Студенттер болбосо биз, мугалимдер эч ким эмеспиз" деген агайдын сөзү бар. Жакында эки студенттин ырлар жыйнагын чыгарганда демөөрчү болду. Аябай жулуу сөздөрүн айтып чыгармачылыгын кубаттады. А Орозбеков болсо карап да коймок эмес. Анын тушунда түзүк эле тирешти студенттер. А азыр болсо Исаковду студенттер колдоп алышат. Демек бул Орозбековго окшоп акча менен алек болбой, студенттер менен иштешип аткандыгынын белгиси. Агай ОШМУга абдан-абдан керек. Ошон үчүн тийишпегиле орозбековдун куйруктары.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
18.07.2012 16:12
Ректор Исаков деген кучтуу инсан! Ал жонундо жакшы пикирлер буга чейин айтылып келген, мындан кийин да айтылат. Ак иштеген адамга асылгандар коп болот. БИрок эч ким абийирин ача албайт. Исаков ОГПИни кандай озгортту! Аны корбогон коз кор болот. Ош МУ эми гулдойт!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.07.2012 17:18
Урматтуу ректор Каныбек агай! Биз отпуска айлыгыбыздын жарымын ала албай атабыз. Эки кафедрада иштегенибиз учун бир кафедрадан айлык чыкпай калыптыр. Эми бир кафедрадан рапорт жазып келсек же Эркебаев жок же Абдувалиев жок кол койдурганы, аларга аран кол койдурсак кассир Салима эже жок. Биз эмне дайым эле ушинтип кыйнала беребизби. Бир эле мен эмес, коп адамдар ушинтип журот.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.07.2012 18:23
Cтуден ОшГУ, оозуңа карап сүйлосон боло. Сенин апан же сенин окуудан айдалгансын ошону мыйзамдаштырып бутуруп бер деп кирген, же кимдир бироону окууга откоруу учун кирген. Албетте андай маселеде агай катуу. Алдына киргендер толтура. Кирип омоктуу ой, изги идеаларын ортого таштап колдоо алып жатышат. Жуйолуу суроолорун канааттандырып жатат. А отпусканы болсо обходной листти толук толтурбай убура болгондор журот алалбай, алгандар алып кетишти эмгек оргуусунун акысын. Эскертип коеюн, мыйзамсыз иштер менен кирбей эле койгула Исаковго. Жакшы ой, жардам сурап кирсенер ал баш тартпайт
Пикирге жооп

кимден: Студент ОшГУ
16.07.2012 17:52
ректорунарга баары бир эмеспи, силер бир бечара мугалим болсонор, силерди укмак беле. Эгер ректорунар бир чара корсо кун башка жактан чыгат. Силердин отпуска айлыгынар коп болсо 20 мин сом. Каныбек агайга ал акча эмес да. Алдына кирип коргуло силердин устунордон кулуп кууп чыкпаса мага келгиле. Менин апам атайын баткенден келип менин жумушум менен кирсе тоготпой коюптур.

кимден: онугууго умут кылган адам каяктан: коррупциянын борбору
16.07.2012 10:06
ОшМУда реформа жургузуш учун кадрларды алмаштыруудан башташ керек эле. Себеби бизде ректоратта айрым "свадебный генералдар" бар - Темир Жоробеков окшогон. Бул кишинин эмне иш аткараарын эч ким билбейт, бирок алган айлыгы ото жогору. Бул киши Орозбековдун шайкаларынан болгон. Абдумалик Оморалиев - бул куу тулкунун артында ото коп иштер жатат, бирок буга кызыккан эч ким жок. Кызмат орду атайын бул киши учун ойлоп табылган. Ормонов Жапар - "алмашкыс" АХЧ. Акчанын баары ушунун колунан отот. Жумуш менен кайрылсан, тук аткарбайт. Ушуга окшогон кадрлар ОшМУда толтура. А.Исаков кадр саясатын коркпостон жургузуш керек эле, бирок бул киши да кадр алмаштыруудан коркуп жатат. ОшМУнун коллективи мындай "алмашкыс" жемекей кадрлардан жадап буткон.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.07.2012 11:36
Казыр бийлик барып олтургусун куноолулорду турмого.Бут баары митингке чыгат.Ошко келип бийлик чондорго саясат коордук корсотуп атат деп.Ууру аферист Нариман Тулеевти олтургузса эмне болду.Мен деген Кулов м-н Ташиевтер болуштуго.Анан дагы окмот жаман дейт уялбай.Казыр бийлик эмес биз эл аферистерди уккан эрчиген куноолубуз.
Пикирге жооп

кимден: Атамбай
15.07.2012 20:40
Ой атың өчкүр, казыр эмес АЗЫР деп сүйлөчү.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.07.2012 16:55
Атым очпойт эч качан.Казыр казыр казыр эле.

кимден: ЖАМАЛ каяктан: ОШ
14.07.2012 19:33
Тууура айтасыз ОшМУга Орозбеквдой кооз суйлогон тулкунуда алдаган адам керек мындай адамдарыбыз болбосо кыргызыбыз эч онукпойт Орозбековдой адамдар кыргызстанда 5 эле киши болсо кыргызстан тез эле бутуна турмак ОРОЗБЕКОВ АЛГА СИЗДЕЙ АДАМДАР КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КЕРЕК
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине