Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:25

Илим, билим берүү, IT

Садыков: Паракор мугалим үчүн ректор жооп берет

Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн чоо-жайы тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков кеп салат.

Канат Садыков
Текст көлөмү - +
- Алгач түшүндүрүп өтсөңүз, окуу жайлардагы коррупциялык аракеттерге каршы күрөштү кантип күчөтөлү деп жатасыздар? Кандай жаңы ыкмалар же чаралар колдонулганы жатат?

- Биринчиден, жогорку окуу жайлардагы коррупцияны окууга өтүүдөн тарта жоюуга аракет кылып баштадык. Ушул жылы келишимдик негиздеги окууга өтүү үчүн экзамендерди жойдук. Болгону жалпы республикалык тесттин жыйынтыгындагы балл менен окууга өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен бир кадам жасалды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети
​​Бирок бул жетиштүү эмес. Биз жогорку окуу жайлардын кайсы жеринде коррупцияга түрткү берүүчү жагдайлар бар экенин билебиз. Ушул ишемби күнү өткөргөн жыйында жогорку окуу жайлардын ректорлоруна биз талап койдук. Эгерде ушул окуу жайдын ичинде сессия учурунда жанакыдай паракорчулук жана башка терс көрүнүштөр боло берсе, буга жоопкерчилик өзүнүн жетекчисине жүктөлөт. Анткени үйдө бир баш болушу керек. Бирөө жооп бериши керек. Ошону менен ректорлор жоопкерчиликти өздөрүнө алышып, жогорку окуу жайдагы тартипти күчөтүш керек. Бул биринчи жол.

Экинчиден, биздин кээ бир окуу жайларда мындай терс көрүнүштөр жок. Ал эки гана окуу жай – бул Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Борбордук Азиядагы Америка университети. “Манас” университетинде бардыгы бюджеттик негизде окуйт. Америкалык университетте болсо, академиялык тазалык деген принцип бар.

- Бул эки университеттеги мугалимдердин айлык акылары кыйла жогору. Башка университеттерде да айлык көбөйсө паракорчулук азаят беле?

- Бул дагы өзүнчө туура айтылган принцип. Бирок бул эң негизги принцип деп айта албайбыз. Анткени биз билебиз, кээ бир окуу жайларда айлык жетиштүү. Мурдагыдай такыр эле эч нерсеси жок болуп, студенттерди кыйноого өтүштү дегенден алыспыз. Мен муну коомчулуктун оорусу деп ойлойм. Бул коомдун туура эмес, терс көрүнүштөрүнүн бири. Окуу жайлардын ичинде жайылганы коомго эң чоң зыян келтирип жатат.

- Азыр жогорку окуу жайлардагы мугалимдердин орточо айлык акысы канча?

​​- Азыр жогорку окуу жайлардагы эң төмөнкү бюджеттик айлык 6,5 миң сом. Бул жаңыдан мугалим болуп кирген жаш адистин айлыгы. Профессорлор, докторлордун айлыктары 9 миңдин тегерегинде. Бирок бизге жеткен маалымат боюнча, келишимдик негиздеги кошумча акча менен 13төн 16 миңге чейин айлыктар бар.

- Кемигинде да, керкисинде да бар дегендей, параны студенттердин өздөрү берери айтылып жүрөт. Канткенде студенттердин өздөрүнүн көз карашын өзгөртүүгө болот?

- Биз студенттердин өздөрүнүн лидерлерин чогулттук. Тиешелүү иштерди алып бардык. Дагы ушул иштерди күчөтөбүз. Анткени студенттер ушундай нерселерге өздөрүнүн пикирлерин өзгөртпөсө, менимче бул улана берет. Студенттер кыйналган кезде, сабакка бара албай калган кездерде, алар да ошондой жолдорду издей башташат экен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Aichurok каяктан: Bishkek
09.02.2012 02:24
Urmattuu agai, men okugan "El Aralyk Ata Turk-Ala Too" universitettin mugalimderi da studentterden ech kandai akcha albait. biz jylyna kontrakt berip okuibuz, birok korrupsiya JOK! Mugalimder tuura ishtese korrupsiya jogolmok.

кимден: Экс -преподаватель ОшМУ каяктан: Москва
17.01.2012 23:05
Азаматсыз министр мырза. Корупция менен курошомун деп ОшМУ нун экс-ректорун Орозбеков М. О озунузго жардамчы кылып алып айтканынызга жол болсун. Сиз министр болуп ЖОЖ дордогу системаны озунуз да билбейсиз а может сиз да коррупционерсиз. Коррупция менен курошомун дейс ректорлор жооп берет дейсиз а ректорлор жооп бербейт алар миллиондогон акчаны пара кылып алып басып койгон ошол акчаны кармаган куч органдарына сизге анан да жогорку чиновниктерге берип пара катары жыргап журо беришет баягы эле бечара мугалим жооп берип калышы мумкун. Кыргызда соз бар чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт деген куду ушундай болуп цепочка болуп кете берет. Мени бир жагынан окундургону жана кулдургону ушул коррупционерлер чыгып алып коррупция менен курошобуз эле курошобуз дегени тан калдырат. Же анысынан бир майнап чыксачы. Азаттыктан сураныч билим беруу министрин да интернет эроолго чакырып коюнуздарчы менимче окурмандардын аябай суроолору коп болсо керек. Бул жалган дуйнодо алдасанар да улуу урматтуу коррупционер ректорлор аркы чын дуйного барганда баардык кылган иштерибизге жооп беребиз Алланын алдында ошондо сиздер экзаменден да зачеттон да отпой пересдачадан пересдачага кала берип тозоктун отуна куйосунорго. Аттин жалган дуйно.

кимден: Сабыр каяктан: Бишкек
17.01.2012 22:37
Негизинен коррупцияга каршы куроштун журушун жакшы жышаан катары караса болот. Бирок, жождорду эле жамандай берген менен иш бутпойт. Министрликтин озундо да толуп жаткан косяктар бар, себеби вуздардын саны бар сапаты жоктугуна негизинен министрлик жоопкер болуш керек да. Мынчалык коп жождун Кыргызстанга кереги барбы? Бутуруучулор кантип жумуш табат? Жождордун статустары кандай? ж.б. маселелер менен иш алып барылыш керек да. Албетте, айлык маселеси да биринчи орундарда болуш керек. Менимче, айлык канчалык жогору болсо, сапат да ошончолук жогору болот (ИМХО). Ошондуктан АУЦА менен Манаста паракорчулук жок да.
P.S. Хотя, жакшы окуган студент эч качан пара бербейт. Демек пара алгандарды эле айыптабай, пара бергендерди да жазалоо керек ...

кимден: Малик
17.01.2012 21:36
Кыргызды мазактаган китеп чыгарган басмаканадан пара алып, иштетип атыптырсыз, ага качан жооп бересиз?

кимден: ЖАЗГУЛ каяктан: Сокулук
17.01.2012 18:52
урматуу министр мен кайсы окуу жайда канча акча алып кандай баа коерун сизге айтып койойун бирок сиз ишенбейт болушунуз керек бирок ушу окуу жайда менин балдарым окуп бутуп кетти.Коррупциянын ана башында биздин Улуттук университетибиз турат.Бул университете Россияда иштеп бир да жолу сабака келбей ал тугул экзаменге келбей 5 деген баа алган студенттер бар бул корунуш дагы эле уланып келе жатат.

кимден: Austria каяктан: Austria
16.01.2012 19:45
oho bul jakda jany kirgen mugalimdin ailygy 6.5 min som deitko. Menin grupalashym univerde ishteit 3-4 jyldan ashty ailygy 2 min som eken, English mugalimi. mmmm Kim JEP atat anda AILYKDARDY????? Izildesh kerek, jurnalister bir eki suramjuloo jurguzup korsonusdor bolmok, 2-3 vuzdan kancha ailyk alyshaaryn surap...........

кимден: Окутуучу каяктан: КР
16.01.2012 19:09
Урматтуу министр! Сиз бул жумушту бир аз кеч баштадыныз. Бирок ректорлор биринчилерден жоопко тартылат дегениниз кубантат. А чынында ректорлор бул ишти карабай калышкан. Анткени алар боюджетти каалагандай жешет. Сатып алууларда болсо "откат" деген кадимкидей иш катары болуп калды. Ал эми которуу-тикелоо акчасыз болбой калган. А чынында ВУЗдун жетекчилери мугалимдерге бир нерсе деп айта деле албайт. Ал эми студенттердин арасында окусу келбегендер толуп жатат. Кыскасы "Сен мага тийбе бакыран коз, мен сага тийбейм" деген болуп жатат. Бекеринен "балык башынан сасыйт дебейт. Демек белгилуу болгондой "куйругунан тазаламыш болушат", бул да убактылуу. Студенттер менен маектешууго, алардан кат алууга, СМС уюштурууга болбойбу, зарыл болсо чонток телефонго жаздырууга болбойбу. Болот бирок эрк керек. Ал эми жакшы ректорлорду "уюштуруучулардан" студенттер оздору эле коргоп алышат. Баары бир студенттер таза адамдар ...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)