Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

"Рэкетти китеп менен токтотобуз"


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мектептериндеги кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 20 фактка азайды.

Ошентсе да милиция кызматкерлери, мугалимдер жана адистер мектеп рэкетчилиги менен күрөшүүнүн натыйжасы ойдогудай болбой жатканын белгилөөдө. Эми бул маселе менен күрөшүүгө рэкетчиликти алдын алуу боюнча эл аралык уюмдардын жардамы менен басылган китептер жардам бермекчи.

Бул китепти чыгарган “Балдар укугун коргоо” лигасынын адистеринин айтымында, мектептеги рэкет менен күрөшүп жаткандардын көбү маселени жакшы түшүнбөйт. “Кыргызстандын мектептеринде рэкетчиликти алдын алуу” аттуу китеп окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, милиция кызматкерлери жана психологдор үчүн рэкет менен күрөшүү боюнча өзүнчө бир колдонмо болмокчу.

114 беттүү китепте рэкетчиликтин себептери менен кесепеттеринен сырткары, өспүрүмдөрдүн психологиясы, жүрүм-туруму, рэкет балдар менен ата-энелер, мугалимдер, психолог жана милиция кызматкерлери ортосундагы мамилелер жазылган.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова
Аталган лиганын башчысы Назгүл Турдубекова бул маселеге арналган далай форумдардын жыйынтыгы ушул китепке киргенин айтат:

- Ата-энелер балдары рэкет болгон учурда да көп көңүл бурбайт, себеби жоопкерчиликке тарткан орган болбой жатат. Мындай иштерди айыл өкмөттөрү өткөрсө болмок. Алар кайсы үй-бүлөдө кимдин баласы рэкетчилик кылып жүргөнүн билишет да. Кадимкидей чогулуштарда ушундай маселелерди ортого салып, жокко чыгарыш керек.

Мектеп рэкетчилигине ата-энелер балдарына көңүл бурбагандан, төмөн социалдык-экономикалык абалдан сырткары балдар мектептен кийинки убактысын кандай өткөрүүнү билбей жатканы да себеп болгонун айткандар бар.

Бишкектеги 46-орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Лариса Шарипова:

- Карап көрсөңөр, ушундай балдардын көбү акча жагынан жакшы, атүгүл бай жашаган үй-бүлөлөрдөн. Бирок ушул курагында алар өзүн лидер катары көрсөткүсү, коомчулукка өзү тууралуу айткысы, балдардын арасында авторитет болгусу келет. Анан эң эле кыска жол – рэкет. Анын ордуна спорт, маданият жана илим тармактарындагы таймаштарды көбүрөөк уюштуруп, балдардын лидерлик сапаттарын ошол жагынан көрсөтүшүбүз керек. Маселен, биздин мектептин алдында атайын клуб бар. Ошонун алкагында биз ар кандай иш-чараларды өткөрүп, ошол рэкет делген балдар менен иштеп турабыз. Натыйжа берип жатат, рэкетчилик төмөндөөдө.

Ички иштер министрлигине караштуу Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Мүзүлбек Картановдун айтымында, өлкөдө окуучулар арасындагы кылмыштуулук фактыларынын көбү ачыкка чыгып жатат. Ал өткөрүлүп жаткан иш-чаралар кичине болсо да кылмыштуулукту азайтып атат жана бул маселеге милиция кызматкерлери эле эмес, мугалимдер да, ата-энелер да кол кабыш кылыш керек деген ойдо.

- Өспүрүмдөр менен иштеген инспекциялардын кылган иши – мектептерге барып, балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Андан тышкары каникул убагында ар кандай спорттук иш-чараларды, оюн-зоок программаларды уюшутуруп, тоого чыгып, балдарды бириктирип, бош убактысын ушинтип коомдук уюмдардын, мектеп администрацияларынын жардамы менен өткөрүп жатышат.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Виктор Черноморец бул маселеге көңүл бурулбаса, келечекте мамлекетке чоң залакасын тийгизет деп эсептейт:

- Өкмөт үчүн башка маселелер менен бирге эле бул көйгөй да биринчи орунда турат. Өкмөт Ички иштер, Билим берүү жана илим министрликтери аркылуу мектептеги рэкетчилик менен күрөшүп атат. Ушул күнгө чейин бизде жаштар саясаты жок. Министрлик бар, ал эми саясат жок. Жакынкы арада биз жаштар саясатын жазып чыгып, Жаштар министрлиги аркылуу идеология таңкыстыгын жоёбуз.

“Кыргызстандын мектептеринде рэкетчиликти алдын алуу” аттуу китеп алгач 2010-жылы 2000 нускада басылган. Мектеп жетекчилеринин талабы менен эми бул китеп 6500 нускада басылып, өлкөнүн бардык мектептерине таратылмакчы. Китептерди басууга ЮСАИД жана ЕККУ каржылык жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG