Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Каримов: Билимден аксаган муун өсүп келатат


Кыргызстанда кенже класс окуучуларынын 60 пайызынын билим деңгээли төмөн экени айтылууда.
Кыргызстанда кенже класс окуучуларынын 60 пайызынын билим деңгээли төмөн экени айтылууда.

Кыргызстандагы мектептердин кенже класстагы окуучуларынын 60 пайыздан ашыгынын негизги предметтер боюнча деңгээли төмөн экени аныкталды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору изилдөө жүргүзүп, ушундай жыйынтык чыгарды. Иликтөө алкагында окуучулардын окуу жана түшүнүү, математика, мекен таануу сыяктуу предметтер боюнча деңгээли текшерилген. Көрсөткүчтүн төмөндүгүнө кайсыл факторлор себеп болуп жатат?

“Азаттыктын” суроолоруна билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов жооп берди.

“Азаттык”: "Кыргызстанда кенже класс окуучуларынын 60 пайызынын билим деңгээли төмөн". Билим берүү жана окутуу усулун баалоо борборунун 2014-жылга карата жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы ушундай экен. Муну негиздүү деп айта алабызбы?

Мырза Каримов: Ооба, негиздүү деп ойлойм. 2006-жылдан бери атайын изилдөө жүргүзүлүп келет. Өкүнүчтүүсү – жылдан-жылга башталгыч класстардын окуучуларынын көрсөткүчү төмөндөп баратат. Бир гана алар эмес, 8-классты аяктагандар арасында да көрсөткүч начар.

“Азаттык”: Негизи мектеп окуучуларынын арасында майда класста билим жакшы берилип, чоң класска өткөндөн кийин көрсөткүч төмөндөп кетет деп айтылчу. Кенже класста алган билим адам үчүн негизги фундамент болот эмеспи. Көрсөткүчтүн төмөн экени – билимсиз муун өсүп келатат дегенди түшүндүрөт да. Билим деңгээлинин төмөндөп кетишине кандай факторлорду негизги себеп кылып көрсөтө аласыз?

Мырза Каримов: Эң алгачкы факторлор – билим берүү системасынын фундаменти болгон бала бакчалардын жетишсиздиги. Советтер союзу маалында 1700гө жакын бала бакча болсо, учурда 800дөй эле. Эгемендик алгандан кийин бала бакчалардын саны 350дөн төмөндөп кеткен. Азыркы күндө да бала бакчалар менен камсыз кылуу Бишкекти алганда 20% жетпейт. Билим берүүнүн фундаменти болгон баштапкы тепкичке мамлекет да, донорлор да көңүл бурбайт.

“Азаттык”: Мугалимдердин деңгээли деле билимдин төмөндөп жатканына себепчи болушу мүмкүнбү?

Мырза Каримов: Сөзсүз. Мисалы, мурда мен бала бакчага барып, 1-класска келгенге чейин тамга таанып, жазганды билчүмүн. Баары эле ошондой эмес беле. Азыркы балдар андай эмес.

Мугалимдер да абдан күчтүү болчу. Себеби, мугалимдер үй-бүлөсүн бакканга кошумча каражат издебей эле, өз кесиби менен үй-бүлөсүн багып, мугалим катары тапкан акчасы өзүнө жетчү. Азыр болсо мугалимдин алган акчасы эч нерсеге жетпейт. Анан ал дыйкан да, бизнесмен да болуп кеткен. Сабагын өтөт да картошкасын казат, пахтасын терет. “Мен балдарга татыктуу билим берем” деген ойдон алыс болуп калды.

“Азаттык”: Кыргызстандагы азыркы билим берүү программалары эл аралык нормаларга канчалык ылайыктуу келет?

Мырза Каримов: Кыргызстан 2006-жылы жана 2009-жылы PISAсынагына катышкан. Ошондо эки жолу тең катышкан өлкөлөрдүн арасынан эң акыркы орунду ээлегенбиз. Азыр катышпай калган себеби, бизде саясий эрк жок болуп калды. 2006-жылы 59 өлкөнүн ичинен 59-орунду алсак, 2009-жылы 62 өлкөдөн 62-орунду ээлегенбиз да.

2012-жылы катышуубуз керек эле. Тилекке каршы, катышпай калдык. Бул абдан өкүнүчтүү. Алар так диагноз коюп берүүдө. Бул абдан оор нерсе. Диагнозду коюп бергенден кийин ооруну айыктыргандын ордуна, “башкаларга уят болбойлу” деген саясий чечим кабыл алып койдук.

“Азаттык”: Билим берүү форматын тандап алган чет элдик мектептер бар эмеспи. Түрк лицейлерин буга мисал кылып алсак болот. Кыргызстандын азыркы шартында ошондой билим уяларын түптөөгө мүмкүнбү?

Мырза Каримов: Албетте мүмкүн. Аткаминерлердин өздөрү үчүн түзгөн шарттары менен мугалимдерге түзүлгөн шарттарды салыштырып көргүлө. Азыр суук түшкөндө мектептерге барсаң, балдар ээн-эркин жазгандын ордуна сырт кийими менен отурушат.

Өзүбүздө эле акча табылат. Донордун деле кереги жок. Бирок бир дагы бай, колунда бар киши мектеп салбайт. Ресторан, кафе жана базар курат. Билим берүүгө карата мамилебиз мына ушундай.

XS
SM
MD
LG