Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:25

Саясат

Акунов: Саясий куугунтуктун курмандыгы болдум

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жаңы ректору болуп Искендер Исамидинов дайындалды. Окуу жайдын мурдагы ректору кандай укуктук негиздер менен кызматтан алынганы азырынча белгисиз.

Текст көлөмү - +
Улуттук университеттин мурдагы ректору Аалыбек Акунов "Азаттыкка" курган маегинде өзүн негизсиз кызматтан алууну көздөгөн күчтөр бар экендигин белгилеп, муну алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырды.

- Бүгүн сиз Кыргызстандагы базалык, же болбосо негизги окуу жайдын ректорлук кызматынан кеттиңиз. Сизди кызматтан алуу боюнча өкмөттүк буйруктун мазмуну менен макулсузбу?

- Ошол буйруктун мазмуну менен тааныша элекмин. Бирок кызматтан алынышым менен, албетте, макул эмесмин.

- Сиз бул орунга былтыркы апрель окуяларынан кийин президенттин жардыгы менен дайындалган элеңиз. Бир жылга жетпей кесиптештериңиз менен тил табыша албай калдыңыз, кызматтан алынышыңыздын түпкү себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Кызматтан алынышымдын негизги себеби министр Канат Садыков тарабынан уюштурулган куугунтуктун эле жыйынтыгы. Жарым жылдан бери атайын иштелип чыккан сценарий менен куугунтукташты. Аягында өздөрүнүн максатына жетишти деп ойлойм.

- Улуттук университтетин алдында көп институттар, алардын алдында коллеждер бар. Сизди "коллеждерди өзү эле билип бириктирген" деп айыпташса керек эле. Мындай орчундуу иштерди кесиптештериңиз менен кеңешип жасаганда мындай чуу чыкмак эместир?

- Сиздин айтканыңыз чындыкка дал келбейт. Беш коллеж бар. Бул коллеждерди бириктирүү жөнүндө 21-январда министрдин буйругу келген. Ал министрликтеги коллегиянын чечимине ылайык болгон. Ошол буйрукта “1-майга чейин бардык коллеждерди бириктиргиле” деп жазылып турат.

Буйрук келгенде биз аны окумуштуулар кеңешинен карап, аны ишке ашыруунун жол-жобосун иштеп чыктык. “Бириктирилсин” дедик. Бул окумуштуулар кеңешинин чечими болгон. Бирок биз бириктире баштаганда министрликтен каттар келе баштады, “Исамидиновдун институт алдындагы коллежин, Токтобаев директор болгон институттун коллежин, Күчүков жетекчи болгон борбордун коллежин өзүндө эле калтыргыла” деген. Биз акыры жүрүп ал коллеждерди өздөрүндө калтырдык. Калган эки коллежди гана бириктиргенбиз. Коллеждер тууралуу маселе бул министрликтин эле интригасы.

- Сизге окумуштуулар кеңешин чакырбай туруп эле университетте кайра түзүү аракеттерин жасады деп кине койулуп жатат. Алар кайра-кайра чыккандан кийин гана ошол институттардын жамааты менен жолугуп, алардын оюн уга баштадыңыз, мурда эмнеге анткен жоксуз?

- Бул жөн эле жалаа, ушак. Министрликтин коллеждер тууралуу буйругу келгенде эле биз аны окумуштуулар кеңешине койгонбуз. Ал эми коллеждерди өзүндө калсын дегендери булардын өз максаттарына жетүүдөгү интригалары эле.

Министр кечээ Коомдук каналдан чыгып, “Акуновду эмгек кодексинин бир нече жоболорун бузгандыгы үчүн кызмат алып атабыз” деп айтты, мен ошол министрге түздөн түз кайрылат элем, кайсы жоболору бузулган конкреттүү айтып берсе деп. Ал эми биз куугунтуктоо боюнча топтогон маалыматтарды документалдуу түрдө көрсөткөнбүз. Аны жамаатка да айтканбыз.

- Бир ай мурун университеттин айрым кызматкерлери митинг уюштуруп, сизди кызмат ордуңуздан кетишиңизди талап кылып, “кызмат абалынан кыянат” пайдаланат деген айып коюшкан. Балким азыркы алмаштыруулар ошол доолордун негизинде болуп жүрбөсүн?

- Ооба, кетсин дешкен. Ал митингге студенттерди да алып чыгышкан. Бул уюшулган митинг болгон, бирок “эмне үчүн кетсин деп атат” деп 6-июнда эмгек жамааттын чогулушу болгондо алар эч нерсени айта алышкан эмес. Ошондо эмгек жамааты “мындайыңарды токтоткула” деп айткан.

Митингге чейин эле мындай аракеттер болгон. Январь айынан баштап эле булар тоголок кат жаза башташкан. Бул каттардын негизинде министр комиссия түзүп текшерткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында деле андай эч нерсе таба алышкан эмес. Ошондо Башкы прокуратурадан министрдин наамына “сиз тоголок каттын негизинде комиссия түзүп, мыйзамды бузуп атасыз” деген кат келген. Бирок ошого карабастан ошол эле адамдарга дагы бир кат жаздыртып, дагы бир комиссия түздүргөн. Ал деле келип текшерген, эч нерсе тапкан эмес.

Башкы прокуратурадан экинчи жолу “сиз абдан мыйзамды бузуп атасыз” делинген. Ушул эки протестти, андан тышкары проректорлорду дайындоо боюнча да мыйзам бузуп, Баш прокуратурадан ага да протест келген.

- Мыйзам боюнча ректорду президент дайындайт эмеспи. Акыркы жолу президент Отунбаева, же анын аппарат башчысы Каптагаев менен качан кездештиңиз, алар сизге алдын ала сын-пикир айтышты беле?

- Каптагаев менен акыркы жолу өткөн 2010-жылдын ноябрь айында кездешкен элем. Андан бери жолуккан эмесмин. Эч кандай сын-пикир айтылган эмес. Президент дайындаар алдында май айынын аяк ченинде, 2010-жылы кездешкем. Анда ал өзүнүн талаптарын айткан “так болуп бер, шайлоолордо эч жакка кошулба” деген.

- Сиздин тегерегиңиздеги араздашуулар алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу эмеспи? Сиз кайсы саясий партияга жан тартасыз?

- Мен бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул партияда эмесмин. Азыр жаңы ректор болуп келе жаткан адамдын мурунку шайлоолордо өзүн кандай алып жүргөндүгү жөнүндө баарына белгилүү.

Ал эми мен болсо былтыркы парламенттик шайлоодо антип университетти катыштырган эмесмин. Бул шайлоолорго деле көз карашым ошондой. Албетте азыркы кадрдык өзгөрүүлөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырып, саясатка айландыруу турган иш.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Универдин мугалими каяктан: Бишкек
18.07.2011 19:57
Алыбек агай,келме кезек деген эн жакшы созу бар кыргызда,сиз саясий бетпакты алып салып чыныгыадамгерчилик менен айта аласызбы мен таза болчумун деп?.Анткенге акыныз да жок,эркиниз да жетпейт.Анткени бир жыл мурда канча мугалимдин укугун уруп ойнобой, чычкан оюнга салганыныз чын да.Эгер чындап эле туура айтып жатсаныз,чын эле "саясий куугунтукка" кабылсаныз анда "мен тазамын,керектуу далилдер болсо менин туура эмес иш жасаганымды далилдеп беришсин" - деп ачык айтынызчы?.Анте албайсыз.Просто начар адамдар кеткенден кийин жон кетпей актанып,догурунуп кетет тура.Мен эле сизди эки иш боюнча сотко берууго даярмын.Албетте куноонуз бар экенин да билип турам.Менден башка минимум 6-7 адамдын укугун тебелегенизди билем.Бирок сиздин интеллектини коруп туруп кой дедим.Тынч кетип калганызга тооба дениз,кудай таала башка балээлерден сактап калды деп шугур кылыныз. Эсинизде болсо былтыр сиз жаны келгенде бир нече ата энелер,студенттер университеттин декандары жасаган жосунсуз,уятсыз жоруктар боюнча арыз жазып кийиришкен. Ал иштерди териштирип акыйкаттыкты далилдей алдынызбы?.Же мага андай эч бир арыз тушкон эмес,жен ичинен бутуруп койгом деп бетти чымыратпай айта аласызбы?.Мен педагог катары сиздин кеткенинизди эн туура кором.Исамидинов деле бир топ интриган биттин ичегисине кан куйган адам экенин жакшы билем.Бирок сиз мурдунуздун учунан ар жакты коро албаган,бийлик келгенде эски тааныштарын урдум деп,башын кошо жоготуп койгон адам экенинизди тушунгом.Чала болду,кудай бар экен ордуна койду...
Сизге ийликти бербесин,андан коро университетке элдин камын,мугалимдердин айлыгы менен келечегин ойлогон мыкты жетекчи келсе,чыгаан менеджер келсе болмок.Менимче мурдагы биринчи проректор Канатбек Алымбековдун интеллектиси да адамгерчилиги да ойлоо жондомдуулугу да тузук эле.

кимден: Амантай
15.07.2011 16:10
Акунов Сиздин кызматтан кеткениниз туура эле болду.Анткени тынч эле жашоонузду кылып журо бериниз.Антпесе кетирген кемчиликтериниз чыга байштайт.Сиз деле кичине интригансызда туурабы.

кимден: Nurbek
15.07.2011 15:53
men uwu kiwige oyum tuz ele, sebebi biltiri Uluttuk univer ati takir 4ikkan emes JK ga wayloo bolgondo, emi karasanar munu alip koyuwtu, demek SDPK roza almazdardin da wayloogo moraldyk ukugu jok dep esepteym, Uluu Urmattuu Akunov agai, kimdin kim ekenin el bilet, mina bul jaka jazgandardin artinan men da sizdi jakwiraak taanidim, joobunuz da jakti, emnege alindiniz dese "owol mn men da taaniwalekmin" , munu mn ele but nerse belgiluu da...eneeeen koy4u degi, bulardin baary dooporos eken, baary degende baaaary A dan Z ga 4eyin, uwu Mirzakmatovdu bilbey turam da, durusuraak korunot, emgegi mn aty 4ikti owo jigittin, birok owtu mijigip e4 kimge berbey azirki biylike ten ata bolgongo jaradi go 4irkin, birok ani waylap alsak Karimov bolup ketpeybi iyaa? silerdin oyunar kanday? men azir oylonup jurgon 4agim da kiiim kim dep?? baary jiyirkeni4tuu

кимден: студент
15.07.2011 08:43
Агай сиз окумуштуусузда. Ушул бийлик учун окунбогулочу. Албетте ичиниз куйуп калса керек бирок Улуттук университет(баса мен дагы аны бутургом) саясий объект. Сиз саясатты эмне кыласыз? Андан коро илимге салым кошуп журо бергиле. Сиздин эмгекти ошондо баалайт. Саясат болсо кир, сасык.

кимден: baikoochu каяктан: osh
14.07.2011 03:42
Urmattuu Prrofessor Akunov!

Siz chynygy PROFESSORsuz, any Siz jazgan kitepter menen dajardagan ilimdin kandidattarynan ele bilse bolot! Sizdin ojorluk, emgekchildik Kuchukov, Isamidinov, Moldoev, Sadykov degen 'buchuk okumushtuulardy' korkuttu.

Emi alardyn kim ekein KTR bir bolu korsotup ketkende ele korundu - Akcha, Ajal, Akcha degen turat.

Siz dagy KITEP jazyngyz, alar bolso biri-birin jok kylat. Siz dagy bir emgek kylgan bolosuz, KNU bolso ''intelligent jyrtkychtardan" kutulat.

Sizde baary aldyda!

кимден: Karimbay каяктан: Bishkek
14.07.2011 02:19
Урматтуу профессор Аалыбек Акунов!
Кызмат колдун кири, көп капа болбоң, бирок сизди адилетсиздик менен алып коюшканын ордуңузга ким келгенинен эле түшүндүк.
Бир кезде КУУдагы сиз түзгөн мыкты институтту ошол эле мыкчегерлер тартып алып жок кылышкан:
анда да Какеевдин оң колу Исамидинов болчу. Басмаканасын Садыков деген башкарып калган.
Эми айла барбы, улам жаңы "революциячыл" колтука кире калышат тура кээ бир кишилер.

кимден: Biroo
14.07.2011 02:16
Urmattuu rektor mirza.
Bir jildin ichinde studentterdin bilim dengeelin jogorulatuu, mugalimder jamaatinin ishtoo sharttarin jakshirtuu, parakorchuluktu joyuu, universitetti okuu kuraldari menen kamsizdoo boyuncha kanday ishterdi alpardiniz
Meni ushul suroolor kiziktirat.
Biylik bir kun bar bir kun jok, aga kop dele kaygira berbeniz, chimirkanip ishteseniz ministrlik dele az ubakittin ichinde sizge altin ayakta sunulup kalat.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)