Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Шайлоо: өнөктөштүк менен соодалашуу


Президенттикке талапкерликке арыз берүүчүлөрдү каттоо мөөнөтү аяктаарына бир аптадан ашуун убакыт калды. Учурда талапкерликке катталууга ниеттенгендердин саны кырк бир адамды түздү.

Серепчилердин баамында, артыкчылыктуу саясий лидерлик касиетке ээ болгон талапкерлердин таңкыстыгы аларды өз ара ымалага келүү аркылуу гана саясий жеңишти камсыздоого мажбурлап турган учур.

Андыктан каржылык же башка бир мүмкүнчүлүктөрү бар саясий күчтөр кандайдыр бир электоратка ээ саясатчыларды өздөрүнө тарткысы келип, бул аркылуу күч топтоо аракеттери жүрүп жаткандыгы байкалат.

Табылды Акеров
Саясат талдоочу Табылды Акеров шайлоого “шымаланып” киришкен бир катар дымагы күчтүү саясатчылардын ортосунда ымала түзүү аракеттери жүргөнү менен, андан азырынча жыйынтык чыга электигине токтолду:

- Бул жерде ким-кимдин пайдасы үчүн орун бошотуп, же башка бир күчтүү атаандашка каршы талапкерлигин койуп иштеп берсе, анда өнөктөшү утуп чыга турган шартта ага кандайдыр бир жогорку кызмат орду сунушталышы турган иш.

Буга чейинки маалыматтар боюнча талапкерлердин ичинен А.Мадумаров менен Ө.Суваналиев сүйлөшкөнү, алар менен М.Султановдун ымала түзүү аракеттери байкалган. Ошол эле кезде А.Атамбаев менен Т.Сариевдин сүйлөшкөнү айтылып, соңку маалымат боюнча А.Мадумаровдун А. Атамбаев менен өз ара ымалага кирип, сүйлөшүп кетиши мүмкүн болуп калгандай.


Азырынча соодалашуу боло элек

Ошол эле учурда президенттикке талапкерлигин коюп жаткан айрым саясатчылар өз ара кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгын четке кагышат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров өзүнүн, же башка бир саясий атаандаштарынын пайдасы үчүн соодалашууга барбай тургандыгын ачыктады:

- Буларың өздөрү ойлоп таап алышып, анан кайра менден өздөрү сураганына таң каласың. Менин ошол сүйлөшкөнүмдү бирөө көрүп туруптурбу? Ары бери ойногон, соодагер саясатчылардын оюндары бештен белгилүү. Алардын мына ошондой ойлорун меники менен аралаштырууга болбойт. Мен үчүн мындай тема жок. Бул шайлоо "мен сага эмне кылып берем, сен мага эмне кылып бересиң" деген соодалашуу эмес, бул - улуттук маселе.

“Ата Мекен” партиясынын жол башчысы Өмүрбек Текебаев саясий атаандаштары менен шайлоону мыйзамдык эрежелердин алкагында өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча гана өз ара сүйлөшүүлөргө бара тургандыгын эскертти.

Текебаев шайлоодо жеңишти камсыздоо үчүн башка бир саясий күчтөр менен келишимге барууга караманча каршы экендигин айтты:

- Мунасага келе турган маселе же мунасага келе турган убакыт болот. Ал эми шайлоого аттангандан кийин бул жерде өзүн принципиалдуу деп эсептеген адамда кандайдыр бир мунасага баруу болушу мүмкүн эмес. Бул маселени эл чечет. Кайсы бир саясий күчтөр шайлоочуларды энчилеп алган эмес жана ала албайт дагы. Мына ошондуктан биз ортомчу болгусу келген саясий партия же топторго караганда түздөн-түз эл менен сүйлөшүп, алардын ишенимин алганды артык көрөбүз.

Анткен менен шайлоого кызыкдар саясий чөйрөлөргө жакын маалымат булактары өз ара ымалага келүү боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын жокко чыгарышпайт. Мында талапкерлердин каржылык мүмкүнчүлүгү, аймактардагы таасири жана эл аралык байланыштары сыяктуу факторлор эске алынып жатканы айтылды.

“Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун айтымында, жалпы улуттук саясий лидерлердин таңкыстыгы талапкерлерди аймактык белгилери боюнча биригүүгө аргасыз кылып жатканын белгиледи:

- Көпчүлүк талапкерлер көшөгө артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мурдагы шайлоолордо боло келген тандем боюнча маселени көтөрүп жатышкандыгы жашыруун деле болбой калды. Мында айрыкча өлкөнүн түштүгүндө таасири жок талапкерлер ал жакта таасири бар саясатчылар менен сүйлөшүп, ымала түзгүсү келсе, тескерисинче ал жакта таасири аз, бирок бул жакта салмагы бар талапкерлер ал жактан добуш алып бере ала тургандай саясатчылар менен сүйлөшүүгө куштар.

Учурда президенттикке талапкерликке арыз бергендердин ичинен сегиз саясатчы партиялардан болсо, калгандары өздөрүн-өздөрү көрсөткөндөр.

XS
SM
MD
LG