Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:34

Мултимедиа / Интернет эрөөл

"Интернет эрөөлдө" - Айнура Шайымкулова болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова окурмандардын суроолоруна жооп берди.

БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова "Азаттыктын" интернет эрөөлүндө окурмандар менен баарлашууда
x
БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова "Азаттыктын" интернет эрөөлүндө окурмандар менен баарлашууда
Текст көлөмү - +
Коногубузга алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу бардык суроолорду узатсаңыз болот. "Интернет эрөөл" ушул бейшемби, 27-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 15тен 17ге чейин өттү. Орус тилиндеги суроо-жоопторду "Азаттыктын" rus.azattyk.org барагынан окуй аласыз.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор кабыл алынбайт.


"Азаттыктын" "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.

Түз жыйын орус тилинде да жүргүзүлдү. Аны биздин орус тилиндеги сайтыбыздан көрсөңүз болот.



Жүктөө
​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эрбол каяктан: Кыргызстан
27.10.2011 16:59
Азаттыкттагылар силерге тан калдым, менин экинчи кайрылуумду койуп туруп кайра эле алып салдынар, эмнеге менин суроомо жооп берген жок. Мага тушундуруп койгулачы? Провакациялык суроо деле эмес эле го.
Пикирге жооп

кимден: "Азаттык"
27.10.2011 18:08
Урматтуу окурман, Айнура Шайымкулова сиздин сурооңузга ошол эле замат жооп берди. Экинчи бетти караңыз. Сиз ал жооп бергенин көрбөй эле, экинчи жолу кайра эле ошол суроону жолдогонуңуз үчүн алып таштадык. Экинчи бетти жакшылап караңыз, Айнура айым сиздин 4 сурооңузга тең жооп берди.

кимден: Ramzan каяктан: Yaponiya
27.10.2011 16:58
Zdravstvuyte Aynura SHaimkulova prochitav vashi otveti na vse voprosi u menya ne ostalos voprosa k vam.. Vi ochen gramotno i otkrito otvetili na vse voprosi.. Uslishav vashi otveti u menya net somniniy ..nineshniy vibori budut chestnimi i prozrachnimi..Sleduyushiy prezident kem bi on ne bil budet izbran narodom chestno..Ya vam i vsem chlena Izberkoma jelayu udachi i horosho provesti vibori PREZIDENTA RESPUPLIKI KIRGIZSTAN..Udachi VAM..
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 17:14
Позвольте поблагодарить Вас за теплые слова. Надеюсь Ваши пожелания осуществлятся на практике. Я тоже хочу, чтобы выборы прошли в спокойной обстановке, честно, открыто и прозрачно.

кимден: Улан каяктан: Бишкек
27.10.2011 16:52
Тизмени тактоо аяктадыбы. Кыргызстандын канча шайлоочусу бар экен. Парламенттик шайлоого караганда көбөйдүбү?
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 17:15
Ооба, 27-октябрда тактоо иштери аяктады. Бүгүнкү күнгө карата шайлоочулардын саны 3 миллион 34 миң 75 болду. Бул парламенттик шайлоого караганда көп деп айта албайм. Парламенттик шайлоодо 2 837 762 болуп, кошумча тизме менен 198 миң 714 болуп, жалпысынан 3 миллиондон ашкан.

кимден: Исмат каяктан: Баткен
27.10.2011 16:52
Айнура айым менин мурда берген суроомду тушунбодунуз жоопко канааттанбадым мен. Айылда ишти 20 кун мурда пландаштырбайт. Ошондуктан 2 кун мурда же шайлоодон 1 кун мурда тоого мал караганы кеткен киши кантип добуш берет. же кокус бироонун тажиясы чыгып калса башка айылда ал кишин кантет ток етээрин айтынызчы
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 17:17
Эгерде добуш берүүчү мал жайытка кетсе, ал киши шайлоого мыйзамда белгиленген тартипте барат. Сиз биринчи кезекте өз укугуңуздан пайдаланып, өз тандооңузду жасап, добуш берүүгө катышып, андан кийин жеке иштериңизди бүтүрө бересиз деп ойлойм.

Ошол эле учурда алыскы жайлоолордо шайлоочулар үчүн добуш берүү жайынан сырткары добуш берүү белгиленген, эгерде ал малчылар ошол жерде жашаса, көчмө урналар менен добуш бере алат. Тажия өткөрүлүп, же мал карап жүрсөңүз анда шайлоо участкасына келип, добуш беришиңиз керек.

кимден: Нургуль каяктан: Кыргызстан
27.10.2011 16:31
Канча % добуш алса экинчи айлампа болот. Азыр мисалы сурамжылоолор боюнча Атамбаев менен Мадумаров алдыда келе жатышат. Мисалы бир талапкер 51% добуш алса, экинчиси 40-45% добуш алса экинчи айлампа болобу же 50% ашкан адам женуучу деп эсептелеби? Административдик ресурс колдонулуп жатат деп сиздерге арыз туштубу ?
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:41
Бул суроолорго төмөндө жооп бердим.

кимден: Конок каяктан: Кыргызжер
27.10.2011 16:24
БШКнын учурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов боюнча көз карашыӊыз кандай? Татыктуу иштеп жатабы?
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:42
БШКнын төрагасы жана мүчөлөрү өз ишин мыйзамдын чегинде ачык, айкын, калыстык менен жүргүзүп жатат деп ишендирип кете алам.

кимден: Бек каяктан: Кыргызстан
27.10.2011 16:22
Акыркы жылдары митингчи аялдар тобу тузулуп, кыргыз энелери акча табуунун абдан жаман жолуна тушуп алышты. Бул кыргыз аялдарынын,элинин нарк-насилин башка улуттар арасында тушуруп жиберди. Ким Президент болбосун кыргызстандыктар тынчтыкты, стабилдуулукту каалап калышты, бирок женилген талапкерлер баары бир ошол дежур аялдарды алып чыгышат, бул дагы стабилдуулукко доо кетирет. Менимче Президентти элдин атынан шайланган депутаттар эле дайындаганы дурус болмок эле,ошондо митинг,пикеттер болмок эмес. Азыр эми жер-жерлерде кыргыздардын партияга болунуу, бир талапкердин адамдары менен экинчи талапкердин адамдарынын ортосундагы разборкалар жуз берип жатат. Бул Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан жокупу, Туштук-тундук, уруу-урууга болунгон кыргыздар эми партияга болуно башташты го. Сиздин пикиринизде саясатчылар партияга болунуп, бирин-бири жамандап жатканда Кыргызстанды кантип биримдикке чакырууга болот? Сиз добуш берууго барасызбы? Административдик ресурс колдонулуп жатат дегенге пикириниз кандай?
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:43
Өз сурооңузга өзүңүз абдан жакшы жооп берипсиз, мен сизге толугу менен кошулам, пикириңизди колдойм.

Мен 30-октябрда сөзсүз добуш берем. Жер-жерлерде арыздар көп түшүп жатат, 1 талапкердин кызыкчылыгы үчүн кээ бир жетекчилер үгүт жүргүзгөн, фактылар бар. Ал талапкерлерге эскертүү берилген, бирок алар өз укугунан пайдаланып сотко кайрылган, биздин эскертүү мыйзамсыз деп табылды.

кимден: Конок каяктан: Кыргызжер
27.10.2011 16:20
Саламатсызбы, БШКнын бул курамынын тагдыры шайлоодон кийин кандай болот?
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:40
БШК 5 жылдык мөөнөткө шайланган, буйруса биз 5 жыл иштеп беребиз деп ойлойм.

кимден: Жакып каяктан: Бишкек.
27.10.2011 16:20
1. Бири-бирин каралаган талапкерлерге БШК кандай чара корот. 2. талапкерлерди каралоолор буга чейин коп эле гезиттерде болуп келди. Сиздер бир гана Саясат пресс деген гезитти уут оноктугунон четтетиниздер. Аны да угут бутуп калганда, эмне учун мынча кеч.
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:45
1) БШКнын алдында үгүт иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн, мен кеч деп айта албайм, ага чейин эскертүүлөр берилген, оозеки түрдө эскертүү, кат жүзүндө эскертүү берилген, 3-жолу ал гезиттин аккредитациясы алынып салынды.

2) Ар бир талапкер сотко даттанууга укугу бар, биз көзөмөл жүргүзүп жатабыз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.10.2011 16:19
Сиз жеке кимге добуш бересиз? Сыр болбосо
Пикирге жооп

кимден: Айнура Шайымкулова
27.10.2011 16:32
Кимге добуш берүү - бул купуя сыр, андыктан бул суроого жооп бербесем окурман таарынбайт деп ойлойм.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине